Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 19-26.04.2021-ж.

27.04.2021 • 12:10

Кымбаттуу досум!

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жаңылыктардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Кыргызстанда катардагы балдар менен өгөчөлүү балдар биргелешкен долбоорлор менен иш чараларга чогуу катышууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул туурасында эл аралык “Жетиген” лагеринин коомчулук менен байланыш адиси Гүлзада Үтүрова билдирди. Анын айтымында, “Мен Кыргызстанды сүйөм” жаштар кыймылы балдар үчүн инклюзивдүү эс алуу уюштурууда, долбоордун алкагында ар бир балага, анын дене мүчөлөрүнун өзгөчөлүгү болобу, интеллектуалдык же социалдык, ошондой эле эмоционалдык же тил жагынан жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабай, бардыгына жамааттын бир бөлүгү болууга бирдей мүмкүнчүлүк берилет. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/191151_detey_sinvalidnostyu_isirot_priglashayut_zapisatsya_vbesplatnyiy_letniy_lager/ 

Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата “Балдарга китеп окуйбуз” аттуу акция баштады. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Бул маалыматка ылайык, акциянын максаты балдарды көркөм китептерди окууга тартуу жана аларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын окуучуларынын китеп окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана бекемдөө. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/191350_ministr_obrazovaniya_prochital_knigu_slepyim_islabovidyaschim_detyam/ 

Кыргызстанда 478 мектеп окуучусу Республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү деп табылды. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынын кеңири тарашына байланыштуу Бишкек кызыл зонага киргендектин, COVID-19 боюнча Республикалык штаб массалык иш чараларды өткөрүүдөн карманууга  –  Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу турун өткөрбөөгө кеңеш берген. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/191347_478_shkolnikov_priznanyi_pobeditelyami_respublikanskoy_olimpiadyi/ 

Адам укуктары

Түркмөнстан бийликтери VPN колдонгондорду иликтеп, аларды жазалоону улантууда. Мектептерде смартфондору бар экенин текшерген рейддер системалуу түрдө жүргүзүлүүдө, ошондой эле телефондо эмне бар экенин текшерип жатышат. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31212882.html  

Казакстандын айылдарынын жашоочулары үчүн “Кеңес” юридикалык кеңеш берүү кызматы иштеп баштады, деп билдирди Жарандык демилгелерди колдоо Борборунун басма сөз кызматы. 

Айыл тургундары социалдык, экономикалык, жарандык, саясий жана маданий укуктары менен эркиндиктери туурасында билүүнү кааласа, аларга бул боюнча кеңеш берилет. Эгер айыл тургундары өз укуктары бузулуп жатат деп эсептешсе, же кандайдыр бир жеңилдиктерден колдонууну каалашса, бирок кайда кайрылуу керектигин билишпесе, консультанттар аларга кеңеш беришет. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/dlya-selcan-sozdali-konsultacionnuyu-sluzbu-kenes-oni-mogut-bolse-uznat-o-svoix-pravax 

Тажикстандын Душанбе аскердик гарнизон соту Хатлон облусунун Восе районунун жашоочусу Саидшох Махмадалиевди 376-беренеси (дене мүчөсүнө зыян келтирүү же башка жол менен аскердик кызматтан качуу) боюнча эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Мөөнөтүнөн эрте аскердик кызматынан бошонуп кетүү үчүн Махмадалиев өзүн психикалык жактан соо эмес адам катары көрсөткөн, деп билдирет Душанбе аскердик гарнизон сотунун басма сөз кызматы. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/laworder/20210423/soldat-tadzhikskoi-armii-za-uklonenie-ot-sluzhbi-prigovoren-k-dvum-godam-lisheniya-svobodi

Кыргызстанда  Telegram каналында «Акыйкатчы-бот 115» укуктук чат-боттун презентациясы өттү. Бул туурасында, КРнын Омбудсменинин басма-сөз кызматы билдирди. Кененирээк:  https://24.kg/obschestvo/190861_vkyirgyizstane_poyavilsya_pravovoy_chat-bot/ 

Социум

Түркмөнстанда полиция таштанды тергендерге “күрөштү” күчөтүүдө. Шаар бийликтери атайын кийим кийген коммуналдык кызматтардын өкүлдөрүнө да таштандыларды алууга тыюу сала башташты. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31211413.html 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Мяликгулы Бердымухамедовдун көз жумганына байланыштуу Мары жана Лебап велаятында курмандык чалуу пландалып жатат. Эскерүү иш чараларына кетчү чыгымдарды бюджетик кызматкерлердин эсебинен жабууну чечишкен. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31217557.html 

Казакстанда соолуган Арал деңизинин түбүнө сөксөөлдөрдү отургузуу боюнча программа кабыл алынат. Бул туурасында экология, геология жана жаратылыш ресурстар министри Магзум Мирзагалиев Кызыл-Ордо облусуна болгон иш сапары учурунда билдирди, деп кабарлайт министрликтин басма сөз кызматы. Кененирээк:   https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-primut-programmu-po-vysadke-saksaula-na-vysohshem-dne-aralskogo-morya 

Японияда билим алып жүргөн Өзбекстандык студент Эльдор Уринбоев деңизде чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарып калды. Бул туурасындагы сюжет News24 япон каналынын эфиринен көрсөтүлдү. Кененирээк:  

https://nuz.uz/proishestvie/1195430-student-iz-uzbekistana-spas-utopayushhego-v-yaponii.html 

Окуялуу саякат жана туризм үчүн эң мыкты деген өлкөлөрдүн рейтингинен Us News & World Report  версиясы боюнча Өзбекстан дүйнөдө акыркы орундардын бирине ээ болду – 78 өлкөнүн ичинен 74-орун. Рейтингдеги Өзбекстандан кийинки орундарда Казакстан, Ирак жана Оман турат. Кененирээк: https://nuz.uz/sport/1195372-v-rejtinge-luchshih-stran-dlya-priklyuchenij-i-turizma-uzbekistan-zanyal-74-e-mesto-obognav-lish-kazahstan-i-irak.html 

Казакстандын жашоочусу Мария Ауезова Эверестти багынткан биринчи буту жок майып кыз болду. Ал 5643 м бийиктикке чыккан, деп жазат Фергана. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210420/zhitelnitsa-nur-sultana-stala-pervoi-devushkoi-invalidom-bez-nog-pokorivshaya-everest

Пандемия 

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда жаңы театралдык сезон ачылды. Коргонуу чаралары – беткаптар менен ысырык. Жаңы театралдык сезондун өзгөчөлүктөрү жана түркмөн борборунун маданий иш чаралары туурасында кененирээк бул жерден окугула: https://rus.azathabar.com/a/31214937.html 

Казакстанда  Ashyq системасы боюнча иштеген мекемелерге чет өлкөлүк жарандарды киргизүү боюнча алгоритм жок. Көпчүлүк чет өлкөлүктөрдө Ashyq тиркемесинин жардамы менен текшерүү жүргүзүлө турган ИНН жок, ошондуктан алардын статусун аныктоо мүмкүн эмес, демек аларды киргизүүгө да болбойт. Алматынын ишкерлер палатасынын директору Айтуар Кошмамбетов билдиргендей, чет өлкөлүктөрдү кандай болбосун киргизүүгө болот, бирок ал мекеме алардын паспорттук маалыматтарын санитардык-эпидемологиялык көзөмөл департаментине (ДСЭК) бериши керек. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazaxstane-net-algoritma-propuska-inostrancev-v-zavedeniya-rabotayushhie-po-sisteme-ashyq 

Өткөн аптада Өзбекстанга «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы келди. Аны жеткирүү Россиялык түз инвестициялар фондунун (РФПИ) жардамы менен ишке ашты. Кененирээк: https://nuz.uz/sobytiya/1195163-uzbekistan-poluchil-pervuyu-partiyu-vakcziny-sputnik-v.html 

Тажикстандык студент Бехруз Искандарзода ВИЧ менен жашаган адамдар үчүн жана зомбулукка кабылгандар үчүн толугу менен купуя жардам көрсөтүүгө боло турган @erirason_hiv_bot  Телеграм-бот иштеп чыкты. Анын жеке компаниясы бар жана башка да көптөгөн долбоорлорду пландап жатат, анын ичинде мамлекеттик мекемелер үчүн да. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210424/behruz-razrabotal-telegramm-bot-v-podderzhku-bolnih-vich-on-rasskazal-chto-tam-mozhno-naiti

Өзбекстандын Илимдер Академиясы 20-апрелде пресс-релиз таратып, анда Rhus coriaria Totum (сумах) өсүмдүгүнүн негизинде жасалган Рутан вируска каршы дарысын SARS-COV-2 вирусуна каршы жалгыз натыйжалуу дары деп атаган, деп билдирет Фергана МА. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210422/v-uzbekistane-sozdali-preparat-ot-covid-19-na-rastitelnoi-osnove

Уу коргошун, хрен, куйрук май, хазориспанд: Борбор Азияда коронавирусту эмне менен “дарылап жатышат”. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210421/issik-kulskii-koren-hren-kurdyuk-hazorispand-chem-lechatsya-ot-koronavirusa-v-tsentralnoi-azii

Май айында Кыргызстанга британиялык AstraZeneca вакцинасы келет. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн Facebook баракчасында билдирген. Кененирээк:  https://24.kg/vlast/191268_vaktsina_AstraZeneca_postupit_vkyirgyizstan_vmae_/ 

 

Биз менен болгонуң үчун рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.