Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 18-25 -  январь, 2021-ж.

27.01.2021 • 04:23

Кымбаттуу досум!

Иштериң кандай?

Кандай дейсиң, бул аптадагы Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай жаңылыктар болгонун айтып берейин.

Кеттик эмесе!

 

Билим берүү

Түркмөнстанда балдарды орус класстарынан түркмөн класстарына которгон учурлар көбөйдү. Ашхабаддагы  Азатлыктын кабарчысы билдиргендей, бул кийин жогорку окуу жайына тапшыруу менен байланыштуу, анткени көпчүлүк адамдар жогорку окуу жайларга тапшырганда түркмөн класстардын бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылыктар берилет деп ойлошот. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/31062961.html

Ташкентте (Өзбекстан) ар бир компьютерге 64 окуучу туура келет – ар бир мекемедеги окуучулардын орточо саны 1304 болгон борбор калаадагы кырдаал мына ушундай.  Борбор Азия иликтөөчүлөрү биригип, аймактык билим берүү системалары пандемия шарттарына жана аралыктан окууга кандайча ыңгайлашып жатканын иликтеп чыгууга ниеттенүүдө. Иликтөөлөр туурасында кененирээк бул жерде: https://nuz.uz/obschestvo/1185657-obrazovatelnoe-neravenstvo-v-uzbekistane-na-sotnyu-shkolnikov-prihoditsya-tri-kompyutera.html

Тажикстандагы Роскызматташтык өкүлчүлүгү Тажикстандын жарандарын жана республикада жашаган өз мектендештерин 2021/2022-окуу жылында Россия жогорку окуу жайларында окутууга каттоону баштады. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210122/v-tadzhikistane-nachalsya-otbor-uchastnikov-na-obuchenie-v-rossiiskih-vuzah-po-kvote

БРИКС (Бразилия, Россия, Индия, Кытай, ТАР) мамлекеттеринин окуучулары үчүн уюштурулган  BRICSMath-2020  IV эл аралык математика боюнча  олимпиаданын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Ага 7 өлкөдөн 2 миллиондон ашууну катышуучу катышкан. Катышуучулардын арасында Худжанд шаарындагы өзгөчө таланттуу балдар лицейинин 22 окуучусу бар. Алардын 15и 1-орун, медаль жана дипломго ээ болушкан. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210122/hudzhandskie-shkolniki-stali-pobeditelyami-mezhdunarodnoi-olimpiadi

Адам укугу

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон адамдар үчүн өзүнчө сурап-билүү линиясы ачылат. Бул туурасында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет менен болгон жолугушуусунда билдирди. Кененирээк шилтемеден окугула: https://24.kg/obschestvo/180891_vkyirgyizstane_zapustyat_otdelnuyu_spravochnuyu_liniyu_dlya_jertv_semeynogo_nasiliya/

Социум

АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID)  “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында ушул жылдын биринчи кварталынын соңуна чейин Тажикстандын 56 балдар китепканасына жаңы китептерди алып берүүнү пландоодо. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210122/usaid-prodolzhaet-razdavat-knigi-detskim-bibliotekam-tadzhikistana

Тажикистандагы  Kitobz.tj долбоору шаар боюнча “көчө китепканаларын” коюну чечти, эң негизгиси ыңгайлуу, кызыктуу жана акысыз. Негизги максат – калкты китеп окууга чакыруу. Акысыз “көчө китепканалары” же эл арасында аталып калгандай "Буккроссингдер" дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө кеңири жайылган. Каалаган адам жаккан китебин акысыз алып, окуп чыгып, кайра кайтарып берет. Же болбосо өз китептерин алып келип коё алат. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210120/v-dushanbe-skoro-poyavyatsya-besplatnie-ulichnie-biblioteki

Тажик блогерлерин салык кызматына чакырып, алардын социалдык тармактардан жана YouTube каналынан тапкан кирешелери үчүн салык төлөө керектигин эскертишти. Бул туурасында өткөн аптанын соңунда Instagramдагы Tojikonshow баракчасынын алып баруучусу Усмончон Мирзомуродовдун Салык комитетине болгон видеокайрылуусунан кийин белгилүү болду, ал өз кайрылусунда блогерлерге салык төлөгүлө деген салык кызматынын билдирүүсү туурасында билдирген. Кененирээк бул жерде:https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210119/tadzhikskih-blogerov-obyazivayut-platit-nalogi-s-dohoda-na-youtube-facebook-instagram

Кыргызстандык  журналист-котормочу Болотбек Жумабаев дүйнөлүк бестселлер — белгилүү жазуучу Пауло Коэльонун «Алхимик» аттуу романын кыргыз тилине которду. Бул турасында котормонун автору басма-сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, роман кыргыз тилинде  «Принт Экспресс» басмаканасынан  бразилиялык жазуучунун агенттери менен болгон  кызматташтык туурасындагы келишимдин негизинде жарык көрдү. Кененирээк бул жерде: https://24.kg/obschestvo/180635_mirovoy_bestseller_alhimik_pereveli_nakyirgyizskiy_yazyik_/

Ден соолук

Казакстандын 4 шаарында балдардагы коргошундун курамын текшерүү боюнча пилоттук иш чара башталды. Коргошундун балдардын организми үчүн кандай зыяны бар жана күнүмдүк тиричиликте биз буга кандайча туш болоорубузду кабарчылар иликтеп чыгышты. Биринчи класстын окуучусу Хабаб Тукен илимдерди изилдөөнү химиядан баштаган. Коргошун деген эмне экенин жакшы билет. Апасы кызынын ден соолугуна кылдат кам көрөт. Ошондуктан кызынын организминде оор металл бар-жогун текшерип көрүүнү чечкен. Кененирээк шилтемеде: https://www.zakon.kz/5055100-kazahstanskih-detey-obsleduyut-na.html

2021-жылдын 18-январында Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо жана медициналык өнөр жай министрлиги  «Спутник V» вакцинасын каттоодон өткөрүп, тиешелүү сертификат берди. Ушул тапта өлкө калкын эмдөөгө даярдык көрүп жатат. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/31051818.html

23-январдан тартып авиатранспорт менен башка жактан келген Кыргызстандын жарандары 72 саттан ашпаган мөөнөткө карата берилген терс ПЦР-анализи менен справка алууга милдеттендирилет. Бул туурасында республикалык оперативдик штабдын жыйынында айтылды. Кененирээк шилтемеде: https://24.kg/vlast/180637_novyiy_shtamm_ptsr-test_stanet_obyazatelnyim_pri_vyezde_iprilete_vkyirgyizstan/

 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Жакшы кал!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.