Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 18-25.10.2021-ж.

26.10.2021 • 09:48

Салам, досум!

Кел анда, Борбор Азия өлкөлөрүндө өткөн аптада кандай жаңылыктар орун алганын билип алалы.

 

Билим берүү

Казакстандын элдер ассамблеясынын энелер кеңешинин төрайымы Назипа Шанаи, мамлекеттик тилди билүү коомдун ар бир мүчөсүнүн жарандык милдети деп эсептейт, бул нерсе үй-бүлөдө тарбияланат дейт ал. Ал президентке Костанайдын жашоочусу, украина улутунун өкүлү жана өлкөдөгү казак тили боюнча мыкты мугалимдердин бири туурасында айтып берди. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazahskij-yazyk-prepodayut-1359-predstavitelej-nekorennoj-nacionalnosti

Кыргызстандын мектептеринде окуучулардын ата-энелери аларга келишим таркатылганы турасында билдиришүүдө. “Ата-энелерди ал келишимге кол койгула деп мажбурлап жатышат, кошумча сабак албагандар класстан класска көчүрүлбөйт деп коркутуп жатышат, бардык класстардын программалары окшош эле да. Биз бул кандайдыр бир мектептин коррупциялык схемасы деп ойлоп жатабыз”, - деп жазышкан ата-энелер. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/447811_dopolnitelnye_obrazovatelnye_yslygi_v_shkolah_za_dengi._zakonno_li_eto.html

Министрлер кабинети Кыргызстанда окуган Тажикстандык студенттерге чек араны ачып берүү чечимин кабыл алды. Бул туурасында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Twitter баракчасында билдирген. Ал чек араларды ачуу жаңы кабминдин алгачкы чечимдеринин бири болду деп белгилеген. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/448123_kabmin_kyrgyzstana_otkryl_granicy_dlia_stydentov_iz_tadjikistana.html

Өзбекстандын өкмөтү билим берүүдө өзгөчө муктаждыктары бар балдарга жалпы билим берүү мекемелеринде инклюзивдик билим берүү боюнча жобону бекитти. Анда мектептердеги башталгыч корекциялык класстарды уюштуруу тартиби аныкталган.  Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/10/18/inclusion/

Адам укугу

Кыргызстан тынчтык жана аялдардын коопсуздугу боюнча Глобалдык индексте 97-орунду ээледи (WPS Index). Индекс 170 өлкөдөгү аялдардын абалы жөнүндөгү маалыматтарга негизделген. WPS индекси Жоржтаун аялдар, тынчтык жана коопсуздук институту менен гендердик маселелер, тынчтык жана коопсуздук боюнча PRIO борбору тарабынан Норвегиянын тышкы иштер министрлигинин коодоосу менен жарыяланат. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/448011_indeks_wps:_kyrgyzstan_samaia_opasnaia_strana_dlia_jenshin_v_centralnoy_azii.html

Түркмөн мамлекеттик архитектура-курулуш институтунун студенттери кезектеги талаптарга туш болушту. Дайыма жанына президенттин китебин алып жүрүү талабын аткарбаган жана билим берүү мекемесинин “муктаждыктарына” акча бербеген студенттттерди окуудан чыгарабыз деп коркутушууда. Институттун бир нече студенттери Азатлык радиосунун кабарчысы менен болгон купуя маегинде кененирээк айтып беришти: https://rus.azathabar.com/a/31520395.html

Социум

4 жыл мурда Душанбеде профессионал футболчуларды даярдаган «Ирбис» футбол мектеби пайда болгон. Германиялык методист окуу программасын жана машыгуу методикасын иштеп чыгып, 3 жаштан 16 жашка чейинки балдар машыгып келген. Мындай методика Тажикстан үчүн эксклюзивдүү мүнөзгө ээ болчу, анткени негизги басым психологияга жасалган. Канча бир убакыттан кийин спорттук клубда кескин өзгөрүүлөр орун алган. Жетекчилик инклюзивдик спортту өнүктүрө баштаган. Учурда мектеп чоң социалдык долбоорго айланды, бул жерде аутизм, Даун синдрому менен, ДЦП жана башка өзгөчө муктаждыктары бар балдар машыгышат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211024/sport-dlya-vseh-v-dushanbe-zapustili-proekt-inklyuzivnih-sportivnih-sektsii

Экология

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Каспий деңизинин жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча Рамкалык конвенцияга биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жөнүндөгү Протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” РК Мыйзамына” кол койду, деп билдирет Акорда. 21-октябрда мыйзам долбоорун парламенттин сенатынын жыйынында кабыл алышкан. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/prezident-kazahstana-podpisal-zakon-o-zashite-kaspiya

Борбор Азиялык зоохакатон  -  бул жоголуу коркунучундагы жаныбарларды сатууну токтотуу үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу максатын көздөгөн сынак. Мындай жаныбарларга ак илбирс, сайгак, жейрен кирет. Сынактын расмий сайтында белгиленгендей, хакатонго Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын университеттеринин студенттери, кодерлер, экологдор, иштеп чыгуучулар, дизайнерлер, долбоордук менеджерлер жана профилдик эксперттер катыша алышат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211019/tsentralnoaziatskii-zoohakaton-priglashaet-uchastnikov-spasti-ischezayutshie-vidi-zhivotnih

Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Мургап районунун Жамантал зонасынын аймагында сейрек жаныбарлар үчүн реабилитациялык борбордун курулушу башталды, негизинен ак илбирсти коргоого арналган. Ак илбирс Тажикстандын тоо экосистемасынын символу болуп саналат. Ошондуктан бул жоголуу коркунучундагы түрдү коргоо жана калыбына келтирүү жана башка сейрек жаныбарларды реабилитация кылуу үчүн Мургапата атайын борбор куруу чечими кабыл алынган. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211022/v-murgabe-stroyat-reabilitatsionnii-tsentr-dlya-snezhnih-barsov

Bloomberg билдиргендей, Түркмөнстан планетаны жылуулантууга алып келген метан газынын бөлүнүп чыгышы боюнча дүйнөдө бринчи орундарда.  19-октябрда жарыяланган “Түркмөнстандын ыплас сыры” аттуу макалада, өлкөдөгү газ кендеринин жана ири газ куурларына жакын жерлердеги уулуу газдын бөлүнүп чыгышына карата олуттуу тынчсыздануу айтылган. Уулуу бөлүнүп чыгууларга байкоо жүргүзгөн канадалык  GHGSat Ins кызматы 2019-жылдын башында Түркмөнстандын өнөр жай сектору бөлүгүндө буга чейин жолугуп көрбөгөндөй ири көлөмдө метан газынын бөлүнүп чыгуусун аныкташкан деп айтылган макалада. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31522196.html

Абайла, шылуундар!

Казакстандыктарга тармакта шылуундуктун жаңы түрү пайда болгону эскертилүүдө, шылуундар акчалай сыйлык алуу менен алардын насыяларын жаап беребиз деп адамдарга сунуш кылышат. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/kazahstancev-preduprezhdayut-o-novom-vide-moshennichestva

 

Биз менен болгонуң үчүн сага рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт. Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.