Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 17-24.05.2021-ж.

24.05.2021 • 04:06

Кымбаттуу досум!

Кел эмесе, өткөн апатада биздин өлкөдө жана Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдө кандай жаңылыктар болгону туурасында билип алалы.

 

 

Билим берүү

Жайдын келиши менен көптөн күткөн каникулдар башталат. Балдар чыдамсыздана күтүп, ата-энелер балдарды эмне менен алек кылуу керек деген маселеге туш болушат. Тажикстандагы бул жааттагы идеяларды сунуш кылабыз: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210522/7-vozmozhnostei-dlya-detei-provesti-kanikuli-poznavatelno-i-veselo

Өзбекстандын элдик билим берүү министрлиги мамлекеттик бүтүрүүчу экзамендер качан болоорун билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, 5,6,7,8 жана 10-класстар үчүн текшерүүчү мамлекеттик экзамендер 26-майдан 2-июнга чейин өткөрүлөт. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1198082-v-ministerstve-narodnogo-obrazovaniya-obyavili-grafik-i-poryadok-provedeniya-gosekzamenov-v-shkolah.html

Адам укугу

Казакстанда саясатчылар менен чиновниктердин финансылык операцияларына көзөмөл кылуу мыйзамдын негизинде бекитилет. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр финансылык системадагы ачыктыкты көтөрүүгө жана экономиканын реалдуу секторуна кылмыштуу кирешелерди тартууну азайтууга багытталган. Кененирээк:

https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-poyavilsya-zakonoproekt-kotoryj-pozvolit-proveryat-finansy-vysokopostavlennyh-lic

Социум

Түркмөнстанда алабай породасындагы иттердин кожоюндары жергиликтүү ветеринардык кызматтардан шашылыш түрдө иттерине паспорт алууга аракеттенип жатышат.  Азатлык радиосунун кабарчысы биллдиргендей, мунун себеби каттоодон өткөрүлгөн алабайларга ай сайын 10 кг тоок эти, 30 кг тазаланган күрүч жана күнүнө 5 бөлкө нан берилет экен деген кабар болду. Кененирээк:

https://rus.azathabar.com/a/31267211.html

Жыл сайын Тажикстанда 23-майда Жаштар күнү белгиленет. Өлкө жаштарын куттуктап жатып, президент Эмомали Рахмон 21-майда, статистикалык маалыматтар боюнча 35 жашка чейинки жаштар өлкө калкынын 70% пайызын түзөөрүн, ошондуктан Тажикстан жаштардын өлкөсү деп саналаарын белгиледи. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210523/skolko-v-tadzhikistane-molodih-lyudei

Өзбекстанда 21-майдан 25-майга чейин мурда болуп көрбөгөндөй масштабда «Ташкенттин беш демилге кыймылы» аттуу жаштар үчүн иш чара уюштурулду. Жаштардын майрамы үчүн ар кандай тематикадагы зоналары бар өзүнчө бир шаарча курулган. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1198544-v-stolicze-prohodit-masshtabnyj-molodezhnyj-festival-foto.html

Спорт

Казакстандын курама командасы хоккей боюнча дүйнөнүн азыркы чемпиондорун утуп алды. Ригадагы хоккей боюнча чемпионаттын экинчи матчында Казакстандын курама командасы дүйнөнүн ушул таптагы чемпиону болгон Финляндиянын командасы менен беттешип, 2:1 менен утуп алды. Белгилей кетсек, биринчи оюнда Казакстан бууллит сериясында Латвияны жеңип алган. Кененирээк: https://www.sports.kz/news/sbornaya-kazahstana-pobedila-deystvuyuschih-chempionov-mira-po-hokkeyu

Технологиялар

Кыргызстанда жасалма интеллекттин жардамы менен жумуш табууга арналган IshTapp тиркемеси иштелип чыкты. Бул туурасында БУУӨП (ПРООН) билдирди. Алардын маалыматы боюнча, аталган тиркеме жумуш издегендерге жана жумуш берүүчүлөргө көмөктөшүүгө арналган. Тиркеменин түзүүчүүчүлөрү БУУӨП  болуп саналат, Япониянын финансылык колдоосу астында ишке ашты. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/194684_vkyirgyizstane_mojno_budet_nayti_rabotu_pri_pomoschi_mobilnogo_prilojeniya/

Америкалык миллиардер Илон Маск Казакстанда, Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө Tesla расмий түрдө пайда болоорун жарыялады. Кененирээк: https://tengrinews.kz/kazakhstan_news/ilon-mask-anonsiroval-poyavlenie-tesla-v-kazahstane-438062/

Экология

Кыргызстанда экологиялык маалыматтар базасын ишке киргизишти. Бул маалыматтарды Кыргызстандагы айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине түздөн-түз же кыйыр тиешеси бар анализдерди жасоого, илимий иликтөөлөрдү даярдоого жана журналисттик материалдар үчүн колдонууга болоору белгиленген.  Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/194322_vkyirgyizstane_zapustili_otkryituyu_bazu_ekologicheskih_dannyih/

Казакстанда таштандыларды иргөө, жок кылуу жана сактоо боюнча 225 ишкана бар. 2020-жылы бул ишканаларга 3,8 миллион тонна таштанды келип түшкөн. Кененирээк: https://tengrinews.kz/kazakhstan_news/podvedenyi-musornyie-itogi-goda-v-kazahstane-438211/

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.