Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 16-23.08.2021-ж.

25.08.2021 • 04:45

Кымбаттуу досум!

Кел анда, өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай жаңылыктар болгонуна назар салалы.

 

Билим берүү

Тажикстанда мектептеги окуу учурунда балдарга ысык тамак уюштуруу жаңы өсүп келе жаткан муундун саламаттагы үчүн абдан маанилүү. Мектептеги акысыз тамактануу Тажикстанда, мындан сырткары, ата-энелердин балдарын мектепке үгзүлтүксүз жиберүүсүнө түрткү болууда. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210821/gde-deistvuet-programma-besplatnogo-shkolnogo-pitaniya-v-tadzhikistane

Тажикстандагы чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бакалавриаттарына тапшырууга жардам бере турган акылуу жана акысыз интенсивдүү программалардын тизмеси. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210818/gde-v-tadzhikistane-podgotovitsya-k-postupleniyu-v-vuzi-evropi-i-ssha

Жаңы окуу жылын баштоого жардам бере турган Тажикстандагы 15 билим берүүчү онлайн-ресурстар. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210822/15-obrazovatelnih-onlain-resursov-kotorie-pomogut-nachat-uchebnii-god

Тажикстандын билим жана илим министрлиги пандемия учурунда сабактарды уюштуруу  боюнча колдонмо даярдап чыкты. Министрликтин маалыматына ылайык, беткап кийүү милдеттүү мүнөздө болот жана антисептик каражаттары мектептин кире беришинде сөзсүз болушу керек. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210817/minobrnauki-tadzhikistana-podgotovilo-instruktsiyu-dlya-shkol-kak-uchitsya-v-pandemiyu

Өзбекстандын министрлер Кабинети 2021-жылдын 18-августундагы  № 527 “Жогорку окуу жайларда билим алуу акысын төлөө үчүн билим берүү насыяларын берүүнү жөнгө салуу чаралары жөнүндө” токтомду кабыл алды. 2021/2022-окуу жылынан баштап бакалавриатта күндүз окуу жана бардык жогорку окуу жайлардын магистратурасында акылуу-контрактык негизде билим алуу үчүн насыяларды бөлүүнүн жаңы системасы ишке киргизилет. Кененирээк:

https://nuz.uz/obschestvo/1206076-kak-v-uzbekistane-mozhno-poluchit-kredit-na-obrazovanie-poryadok-dejstvij.html

Казакстандын билим жана илим министри Асхат Аймагамбетов бардык ректорлорду дистанттык окууга ашыкча берилип кетпөөгө чакырды. Анын айтымында, онлайн-билим берүү зарыл, министрлик онлайн-билим алууну колдойт жана андан ары өнүктүрөт, бирок окуу жайдын тиешелүү базасы, маалыматтык системасы, даярдыгы жогору мугалимдери жана контенти бар болгон учурда гана. Кененирээк:

https://informburo.kz/novosti/ministr-obrazovaniya-predosteryog-vuzy-ot-uvlecheniya-distancionnym-obucheniem

Социум

MoveGreen («МувГрин») экологиялык уюмунун командасы  Бишкектеги № 82-мектепке күндүн энергиясы менен иштеген суу жылыткычтарын орнотту. Аталган долбоор абанын булганышына каршы күрөшкө арналган жана Кыргызстандагы АКШ элчилигинин колдоосу менен Америкалык кеңештин жетекчилиги астында ишке ашырылууда. Кененирээк:

https://24.kg/biznes_info/204624_aktivistyi_pomogli_shkole_sekonomit_naelektrichestve_ustanoviv_solnechnyie_paneli/

Спорт

Кыргызстандык спортчулар грэпплинг боюнча юниролор арасындагы Уфада өткөн (Россия) дүйнө чемпионатында төрт медалга ээ болушту. Эки биринчи орунду (Gi и No Gi) 63 кг чейинки салмактык категорияда Нурсултан Куштарбек уулу  алды. Кененирээк:

https://24.kg/sport/204202_kyirgyizstantsyi_zavoevali_chetyire_medali_nayuniorskom_chempionate_mira_pogrepplingu/

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командагы колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.