Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 15-22 -март, 2021-ж.

24.03.2021 • 06:50

Кымбаттуу досум!

Сени жана жакындарыңды Казакстандагы Наурыз, Кыргызстанда Нооруз, Өзбекстан менен Тажикстанда Навруз жана Түркмөнстандагы Новруз майрамы менен куттуктайм! Жаңы жылың менен! Жаманчылыктын баары артта калсын, алдыда ийгилик жана бакубатчылык гана болсун! 

Азыр болсо Борбор Азия өлкөлөрүндөгү маанилүү окуялар туурасындагы жаңылыктардын дайжестин сунуштайм. 

Кеттик анда

 

Билим берүү

1-сентябрдан баштап Кыргызстан өкмөтү «Мектеп лигасы» деген шарттуу аталыштагы долбоорду ишке киргизүүгө ниеттенүүдө. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков бардык региондун мугалимдери менен болгон видеоконференцияда билдирди. Кененирээк: https://24.kg/vlast/186928_vkyirgyizstane_poyavyatsya_shkolnyie_ligi_chtobyi_vyiyavlyat_talantlivyih_sportsmenov/ 

Тажикстанда 11-класстын окуучусу Дьюк Университетинин  (Duke Kunshan University) азиялык кампусунда билим алуу үчүн $223  миң доллар билим берүү грантын утуп алды. Аталган университет эң кадыр-барктуу деп эсептелген QS университеттердин рейтинги боюнча дүйнөдөгү мыкты университеттердин ТОП-15 тизмесине кирет. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210323/kak-shkolnik-iz-tadzhikistana-viigral-grant-223-tisyachi-dlya-obucheniya-v-universitete-dyuka

Душанбеде, Таджикистан, өспүрүм бала чоңдордун шаардык чемпионатын утуп алды. 51 адам катышкан эркектер арасындагы чемпиондукка ээ болууга болгон катуу кармаш, сенсация менен аяктады: 13 жашар Джалолиддин Ильхоми мүмкүн болгон 9 упайдан 7,5 упай топтоп, чоңдор арасындагы турнирдин жеңүүчүсү болду. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/sports/20210316/v-chempionate-dushanbe-po-shahmatam-13-letnii-yunosha-viigral-chempionat-vzroslih

Өзбекстандын 175 мектебинде физиканы тереңдетип окуган класстар түзүлөт. Бул туурасында президенттин жаңы токтомунда айтылат. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1191962-v-175-shkolah-uzbekistana-budut-sozdany-klassy-s-uglublennym-izucheniem-fiziki.html 

Түркмөнстанда Ашхабад мектептеринин биринде полиция түшүндүрүү иштерин жүргүздү, буга себеп жогорку класстын окуучулары чогулуп 8-март майрамын белгилешкен, мындан тышкары окуучу кыздардын бири кайыр сурап турган жеринен кармалган: https://rus.azathabar.com/a/31152198.html 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мектептердин дээрлик 25,5 пайызы таза ичүүчү суу менен камсыз болгон эмес, бул көптөгөн оорулардын чыгышына себеп болууда. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков бардык региондун мугалимдери менен болгон видеоконференцияда билдирди. Анын айтымында, болжол менен мектептердин 75 пайызында ички дааратканалар жок, бул санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт, ал эми мектептердин 68 пайызында ысык суу кошулган эмес. Кененирээк: https://24.kg/vlast/186931_vkyirgyizstane_kajdaya_chetvertaya_shkola_neimeet_dostupa_kchistoy_pitevoy_vode/ 

Социум

Жекшемби күнү Түркмөнстан бийликтери бюджеттик кызматерлерди, мектеп окуучуларын, студенттерди жана солдаттарды бардык район, шаар, кыштактарда, дыйкан чарбалардын аймактарын тазалоого, бак отургузууга мажбурлап чыгарды. Ишембиликке чыкпагандарды жумуштан кетирүү же окуусунда экинчи жылга калтыруу менен коркутушкан.  Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31163984.html 

Технологиялар

Түркмөнстанда дагы деле VPN менен байланыштуу маселелер уланууда. VPN аркылуу сайттарга кирүү кыйын болуп жатканын Азатлыктын окурмандары да билдиришүүдө. Сервистин кызматтары борбор калаада жана облустарда өтө жай иштеп же таптакыр иштебей жатат. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31155272.html 

Казак тили Google Translate. Сервисинин үн аркылуу которуу системасында пайда болду, бардык каражаттар үчүн браузер аркылуу жеткиликтүү. Тиркемлерде мындай жаңычылык азырынча iOS платформасында гана иштейт. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/google-translate-zapustil-golosovoi-perevod-s-kazaxskogo 
 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Жакшы кал! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.