Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 15-22 – февраль, 2021-ж.

22.02.2021 • 10:56

Кымбаттуу досум!

Ура! Жакында жаз келет! Суук күндөр аяктап, жаздын жылуу күндөрү башталат! Кандай сонун … 

Азыр болсо сага Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардан турган жаңы дайжест сунуштайм.

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Өзбекстандын жогорку билим берүү министрлиги өлкөнүн жогорку окуу жайларынан студенттер кандай учурларда чыгарылаарын түшүндүрүп берди. Эми студенттер сабактагы жетишпегендиктери үчүн гана эмес, андан башка да бир катар себептерге байланыштуу окуудан чыгарылат. Кененирээк: https://nuz.uz/sobytiya/1188913-v-ministerstve-vysshego-obrazovaniya-razyasnili-za-chto-mogut-otchislit-studenta-iz-uzbekistanskogo-vuza.html 

Кыргызстандын илим жана билим министрлиги мектепке чейинки билим берүүдө көп варианттуу форма  киргизүүгө ниеттенип жатат. Мындай токтомдун долбоорун министрлик коомдук талкууга койду. Түшүндүрмө катында айтылгандай, учурда мектепке чейинки билим берүүгө 29,4 пайыз гана балдар тартылган, ал эми мектепке даярдык боюнча – 15,3 пайыз. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/184009_ministerstvo_obrazovaniya_hochet_vvesti_variativnyie_formyi_doshkolnogo_obrazovaniya/ 

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин жетекчиси Эрмек Өмүралиев ЭККУнун Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар узак мөөнөттүү кызматташтык үчүн иш аракеттердин планын талкуулашты. Негизги басым экономикалык кызматташтыкка жасалды. Кененирээк: https://24.kg/vlast/183470_obse_budet_uchit_polpredov_voblastyah_razrabatyivat_investitsionnyie_proektyi/ 

Адам укугу

Түркмөнстандын Лебал велаятында жашаган ондогон жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлөрдүн жарандары түркмөн жарандыгын алуу ниетинен баш тартууда. Канча жылдан бери Түркмөнстандын жарандыгын алууга аракет көрүп келген бул адамдардын кандай мүмкүнчүлүк болсо эле өлкөдөн чыгып кетүүнү каалап жаткандарынын себептери саясий жана экономикалык маселелер. Бул туурасында Азатлык радиосунун кабарчысы билдирет. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31099896.html 

Европа Биримдиги менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтык Кеңеши жума күнү 19-февралда Брюссель, Лиссабон жана Душанбенин ортосундагы видеоконференция аркылуу 9-жыйынын өткөрдү. Жыйын Португалиянын тышкы иштер боюнча Мамлекеттик министри Аугушту Сантуш Силва мырзанын төрагалыгы астында өттү. Тажик делегациясын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жетектеди. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210220/es-prizval-tadzhikistan-uluchshit-reputatsiyu-v-oblasti-prav-cheloveka-i-osnovnih-svobod

Бирдей мүмкүнчүлүктөргө карабастан сүрөт искусствосунда айрым темалар, мисалы, "ню" Тажикстанда аял сүрөтчүлөргө караганда  эркек сүрөтчүлөр  тарабынан позитивдүү кабылданат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/life/culture/20210221/neravnoe-ravenstvo-o-gendernom-voprose-v-kartinah-tadzhikskih-hudozhnikov

Социум

Казакстанда аялдарга бизнестин негиздерин окута турган “Апа-ишкер” аттуу программа ишке киргизилди. Программанын катышуучулары 500 миң өлчөмүндөгү грант ала алышат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-zapustili-programmu-mama-predprinimatel-gde-zhenshin-budut-uchit-predprinimatelstvu 

Технологиялар

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев “Жасалма интеллект технологияларын тездетилген шартта өздөштүрүү үчүн шарт түзүп берүү чаралары жөнүндө” токтомго кол койду. Документте жасалма интеллект жаатында ата мекендик экосистема түзүү жана иштеп чыгуучуларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү, бул чөйрөнү укуктук жактан тескөө маселелери каралган. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210218/v-uzbekistane-sozdaetsya-institut-razvitiya-iskusstvennogo-intellekta

Кыргызстанда YouTube  каналында иш алып баруу, өнүктүрүү жана акчалай киреше табуу боюнча  видеокурстар иштелип чыкты. Бул туурасында БУӨП (ПРООН) билдирди. Бул демилгенин негизги максаты – YouTube каналына негизделген бизнести колдоо, жоопкерчиликтүү контент түзүүнү жайылтуу. “Кантип таасирдүү блогер болуш керек. YouTube жөнүндө бардык маалымат” аттуу курс  Google Class платформасы аркылуу ишке ашырылууда жана бардык каалоочулар үчүн ачык. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/183982_vkyirgyizstane_zapustili_videokursyi_posozdaniyu_kanalov_naYouTube/ 
 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып,  Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.