Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 15-22.11.2021-ж.

23.11.2021 • 05:48

Кымбаттуу досум!

Кел эмесе, өткөн аптада биздин өлкөдө жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.

 

 

Билим берүү

Тажикстандын өзгөчө таланттуу окуучулар үчүн лицейинин 17 окуучусу физика-астрономия боюнча Эл аралык Copernicus 2022 олимпиадасына жолдомо алышты, иш чара 2022-жылы Техаста (АКШ) өтөт. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211116/17-tadzhikskih-shkolnikov-predstavyat-tadzhikistan-na-olimpiade-copernicus-2022-v-ssha

 

Американын аэронавтика жана космостук мейкиндикти иликтөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) Таджикистандын Oogway Comics командасын глобалдык Space Apps Challenge 2021 сынагынын жарым финалисти деп жарыялады.

NASA Space Apps Challenge – дүйнөдөгү ири хакатон, бул жылы ага дүйнөнүн 160тан ашун өлкөлөрүнөн 5000ден ашуун команда катышты.

Сынак 2-3 – октябрда өтүп, командалар бир катар илимий маселелерге карата инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ат салышышты, деп билдирет АКШнын Тажикстандагы элчилиги. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/20211122/komanda-iz-tadzhikistana-stala-polufinalistom-konkursa-nasa

 

Орусиянын дагы сегиз жогорку окуу жайы Өзбекстанга филиалын ачууга ниеттенүүдө. Бул туурасында Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий 16-ноябрда ачылган экинчи орус-өзбек билим берүү форумунда билдирди. Анын айтымында, үч филиалды ачуу процесси кол коюуну аяктоо этабында турат, жана жакынкы күндөрү “алар өз эшигин өзбек студенттери үчүн ачат”. Кененирээк:  https://www.gazeta.uz/ru/2021/11/17/russia-universities/

 

Өзбекстандын юстиция министрлиги менен Конституциялык соту Конституция күнүнө карата (8-декабрь) өлкөнүн баш мыйзамы боюнча билимди текшерүү үчүн жалпы улуттук экзамен өткөрүшөт. Минюсттун билдирүүсүнө ылайык, экзаменди 15 жаштан өйдөкү бардык жарандар бере алышат. Катышуу ыктыярдуу негизде жана акысыз. Кененирээк:  https://www.gazeta.uz/ru/2021/11/15/exam/

 

 

Адам укугу

«Интернет базар аянтчасы, коомдук мейкиндик сыяктуу – адамдарга өз пикирин айтууга уруксат берилүүгө тийиш, аларда саясатчылардын дарегине кесепетинен чочулабастан туруп зордук-зомбулуксуз маанайдагы сын-пикирлерин айтууга мумкүнчүлүк бар болушу керек», – деп эсептейт Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон CABAR.asia аналитикалык платформасына берген интервьюсунда. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20211121/kak-vlasti-v-tsentralnoi-azii-pitayutsya-kontrolirovat-internet

 

Интернет эркиндигин кысымга алуу үчүн сынган алынган Түркмөнстан бийлиги VPN программаларын колдонгондорго каршы чараларын күчөтүүнү улантууда. Лебап велаятында фото жана видео кызматтарын көрсөткөн 20дай ишкерлерге интернетти колдонууга тыюу салынды. Бийлик аларды VPN сервистерин колдонушу мүмкүн деп айыптап жана өкмөткө каршы баракчаларды басып чыгарат чочулоодо. Бул туурасында Радио Азатлык кабарчысына ишкерлер жана кырдаалды жакшы билген булактар кабарлашкан. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31565640.html

 

 

Социум

Кыргызстанда Бүткүл Дүйнөлүк аял ишкерлер күнү (Women's Entrepreneurship Day) белгиленди. "Курак" аялдар бирикмеси бул глобалдык датага байланыштуу жетинчи жолу майрамдоо уюштуруп, мастер-класстар, конференциялар өткөрүлдү. Бул жылы өлкө көз карандысыздыкка ээ болгондон берки 30 жыл ичиндеги аялдардын экономикага кошкон салымы туурасында айтылды. WED-2021 12-ноябрда өлкөнүн түштүк аймагынан башталган. Дароот-Коргон, Гүлчө жана Ошто элет ишкер аялдары үчүн мастер-класстар уюштурулду жана DILBAR мода үйүнөн коллекциялар көрсөтүлдү. Ал эми 19-ноябрда Бишкекте “Жаратмандар жана кайратмандар: Кыргызстан аялдарынын ийгиликке карай 30 жылдык жолу” аттуу Кыргызстандын лидер аялдарынын, бизнес өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен конференция өттү. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/449696_v_kyrgyzstane_priniali_gosprogrammy_po_podderjke_jenshin_v_biznese.html

 

Кыргызстандыктар канча иштейт, канча эс алат жана бош убактыларында эмне менен алектенет? Аялдар жана эркектер өз күнүн кантип өткөрүшөт? Бул жана башка суроолорго Улуттук статкомитеттин убакыт бюджети боюнча жаны иликтөөсүндө жооп айтылган. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/449542_skolko_minyt_v_den_myjchiny_kyrgyzstana_mout_posydy_i_vospityvaut_detey.html

 

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВПП) жана Швейцария өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен Каритас/Швейцария Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу Комитетине улуттук азык-түлүк коопсуздукту камсыздоо үчүн 22 тонна тез бузулуучу жана бузулбай турган тамак-аштарды өткөрүп берди. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211122/vpp-oon-pravitelstvo-shveitsarii-i-karitas-podderzhivayut-natsionalnuyu-prodovolstvennuyu-bezopasnost-v-tadzhikistane

 

Өлкөдө азык-түлүк тартыш болуп, баалар өсүп жаткан чакта Түркмөнстанда Ашхабад бийлиги кезектеги ирет калкка субсидия менен берилчү тамак-аштардын көлөмүн кыскартты. Борбор калаанын Кеши кичи районунун жеке турай-жай жашоочулары эми үй-бүлөдө канча киши экенине карабай үй башына бир эле паек алышат. Мурда бир үйгө катталган ар бир үй-бүлө өзүнчө паек алчу. Ал эми Парахат-7 кичирайонунда паектогу тамак-аштардын тизмесинен суу май алынды. Кененирээк Азатлык Радиосунун кабарчысы маалымдайт::  https://rus.azathabar.com/a/31567457.html

 

Түркмөнстан бийлиги пахта чогултуу боюнча мамлекеттик план аткарылды деп жарыялагандан кийин жашоочулардын тартыш болуп жаткан пахта майы убактылуу болсо да сатыкка чыгат деген үмүттөрү акталган жок. Ал ортодо жергиликтүү май заводдорунун адистери ишканаларда жетиштүү көлөмдө май чыгарылып жатканын, бирок аны вагондор менен башка региондорго алып кетип, жергиликтүү рынокко түшпөй жатканын айтышууда. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31569156.html

 

 

Экология

Казахстан климаттын өзгөрүшү жаатындагы эффективдүүлүк индексинен акыркы орунду алды, деп билдирет EnergyProm.  CCPI 2022 рейтингинен Казахстан болгону 20 упай топтоп 64-орунга ээ болгон. Өткөн жылга караганда 9 орунга төмөндөдү. Андан өйдөрөөк Сауд Арваиясы орун алды.

Бул жылы бир да өлкө “өтө жогору” делген лидерлердин үчилтигине кирген жок. Төртүнчү орунда Дания, андан кийин Швейцария менен Норвегия “жогорку” рейтингге ээ. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/nesmotrya-na-mnogomilliardnye-investicii-kazahstan-na-poslednem-v-mirovom-rejtinge-po-ekologii

 

Кыштын келиши менен Борбор Азияда электрэнергиясынын олуттуу тартыштыгы байкалууда. Көп учурларда электр берүү эмне үчүн үзгүлтүккө учурап жатканы тушүнүксүз, энергосекторду жакшыртууга ири көлөмдөгү каражаттар жумшалганына карабай кырдаал татаалдашуда. Борбор Азиянын бардык жашоочулары Батыш Казакстандан түштүк Тажикстанга чейин, электрэнергиясынын үзгүлтүккө учурашынан жапа чегишүүдө. Бул ыңгайсыздыктарды жаратып, ал тургай мимллиондогон адамдардын өмүрүнө катыштуу өзгөчө кырдаалдарды пайда кылууда. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31565650.html

 

 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт, лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.