Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 14-21.06.2021-ж.

22.06.2021 • 05:49

Кымбаттуу досум!

Кел анда, өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө эмне окуялар туурасында билип алалы.

 

Билим берүү

Казакстанда бухучет, салык жана кадр маселелери боюнча акысыз онлайн-консультациялар өткөрүлөт, бул туурасында Алматы шаарынын “Атамекен” ишкерлер Палатасы билдирди. Билим берүүчү онлайнр-клуб Казакстандын бардык региондорундагы бизнестер үчүн ачык. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/dlya-kazaxstanskix-predprinimatelei-provedut-onlain-konsultacii-po-buxgalterii-nalogam-i-kadram

20-июнда Өзбекстанда 2021/2022-окуу жылына карата жогорку окуу жайлардын бакалавриат багытына абитуриенттерди онлайн-каттоо башталды. Кененирээк:  https://nuz.uz/obschestvo/1201106-nachinaetsya-onlajn-registracziya-v-vuzy-instrukcziya-dlya-abiturientov.html

Ата-энелерге ыңгайлуу болушу үчүн Ташкент, Нукус жана Өзбекстандын облус борборунун жалпы билим берүү мектептерине 1-класска кабыл алуу процесси эксперимент катары электрондук формада жүргүзүлүүдө. Башка региондордо (Каракалпакстан Республикасынын башка райондору менен шаарлары) 1-класска кабыл алуу салттуу форматта өткөрүлөт, б.а. мектептин өзүндө кабыл алынат. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1200838-v-uzbekistane-nachalsya-priem-v-1-klass-obshheobrazovatelnyh-shkol.html

Түркмөнстанда 18ге чыккан мектептин бүтүрүүчүлөрү мектеп партасынан аскерге аттанышты. Азатлыктын кабарчылары билдиргендей, 15-июнда борбор калаа мактептеринде бүтүрүүчү экзамендери болуп өттү, бүтүрүүчүлөргө экзамен бергенге мүмкүнчүлүк берип, андан соң дароо аскерлер менен полиция кызматкерлеринин коштоосунда военкаматка алып кетишти. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31310558.html

Адам укуктары

Тажикстанда 2021-2025-жылдарга карата “Жеткиликтүү чөйрө” аттуу мамлекеттик программа иштелип чыкты. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өз мекени жеткиликтүү болот деген үмүт пайда болду. Жамиля 2-топтогу майып. Бала кезинде ал басып, чуркап жүрчү, бирок 12 жашында жол кырсыгына кабылып, бутун жоготкон. Ошондой бери ал балдактын жардамы менен басат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210618/tadzhikistan-ne-dlya-invalidov-zdes-im-nelzya-polzovatsya-dazhe-avtobusami

Тажикстанда Facebook баракчасындагы публикациясы үчүн юрист 5,5 жылга соттолду. Өкүм 14-июнда чыгарылган. Сот али чыгарылган чечими боюнча расмий билдирүү тарата элек, бирок Дилафруз Самадованын, Ризоевдин адвокаты ,16-июнда Озоди радиосуна билдиргени боюнча, тергөө анын коргоосундагы соттолуучунун соцтармактагы публикациясын “экстремисттик жана улуттук коопсуздукту туруксуздаштырды” деп тапкан. Кененирээк:

https://rus.ozodi.org/a/31310615.html

Кыргызстандын эксперттери депутаттар Гүльшат Асылбаева менен Айнур Осмонованын “Маалымат менен манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамын кайра чакыртууну талап кылышууда. Алардын айтымында, мыйзамда демилгечелир сунуштаган пикир билдирүү эркиндигин чектеген чектөөлөрдүн укуктук негиздемеси жок. Мыйзам жетиштүү деңгээлде так жазылган эмес жана ал жарандарга ал мыйзам аткарылбаса кандай кесепеттери болоорун алдын ала билүүгө мүмкүнчүлүк бербейт, натыйжада пикир билдирүү, сөз эркиндиги принцибинин өзүн коркунучка кептейт. Кененирээк:

https://24.kg/vlast/198133_mediaekspertyi_trebuyut_otozvat_zakon_omanipulirovanii_informatsiey/

Социум

Түркмөнстандын жашоочулары газ үчүн карызы бар болсо азык-түлүк пайкынан ажырап калууда. Азатлыктын кабарчылары билдиргендей, азыркы учурда регион бийлиги калк тарабынан газ акысынын канчалык деңгээлде төлөнгөнү боюнча жарым жылдык балансты чыгарып жаткан кези. Карызы барларга азык-түлүк пайкы берилбейтт жана газы өчүрүлөт, ошондой эле сотко чакыруу алышат. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31314433.html

Дүйнөлүк Банк Түркмөнстанды ишенимдүү маалыматтардын жоктугунан “Глобалдык экономикалык перспективалар” аттуу акыркы отчетунан чыгарып салды. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31306695.html

Бишкекте (Кыргызстан) кыргызстандыктардын пандемия учурундагы жашоосу жөнүндө киноальманах көрсөтүлдү. Киноальманах он эпизоддон турат. Анда айылдык мугалим туурасында айтылат, ал консервативдүү мектеп жетекчисине каршы күрөшөт, ошондой эле үй-бүлөлүк тиран жөнүндө психологиялык драма, ыктыярчылардын окуялары, бизнесмендер, ал тургай дары-дармектерди алып саткандар жөнүндө да сүрөттөлгөн. Кененирээк: 

https://24.kg/obschestvo/198190_vbishkeke_predstavili_kinoalmanah_ojizni_kyirgyizstantsev_vovremya_pandemii/

Технологиялар

Google жер тиритрөө туурасында кабарло систекмасына дагы жети өлкөнү кошту, анын ичинде Тажикстан да бир. Системаны алгач Калифорнияда сынап көрүшкөн, андан соң эки гана өлкөдө – Жаңы Зеландия менен Грецияда ишке салышкан. Кененирээк: Google запустил в Таджикистане сейсмограф для Android, оповещающий о возможном землетрясении | Новости Таджикистана ASIA-Plus

Экология

"Каспий тартылууда". Дурнев аралдары материк менен биригип, жаңы өзөн пайда болду. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/kaspii-otstupaet-ostrova-durneva-slilis-s-materikom-obrazovalos-novoe-urocishhe

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.