Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 13-20.12.2021-ж.

22.12.2021 • 04:34

Кымбаттуу досум! 

Кел эмесе, өткөн аптада биздин өлкөдө жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.

 

Билим берүү

6-декабрдан 13-декабрь аралыгында Москвада "Мегаполис" VI олимпиадасы өттү. Математика, физика, химия жана информатика боюнча олимпиадага 28 өлкөдөн 280 окуучу катышты. Кыргызстан Бишкек жана Ош мектептерининин окуучуларынан куралган эки команда менен катышты. Кененирээк: 

https://kaktus.media/doc/451339_shkolniki_iz_kyrgyzstana_stali_bronzovymi_prizerami_na_olimpiade_v_rossii.html 

 

Адам укугу

Азатлыктын Марыдагы кабарчысы балдарын чет өлкөгө окууга жөнөткөн бир нече ата-эне менен баарлашкан. Баарынын окуясы окшош, балдарынын окуусун төлөө үчүн алгач алар унаасын саткан, андан соң малын, анан башка мүлктөрүн, эми күндөн күнгө өзүлөрүнүн абалдары начарлап, айласыздыкка кептелишкен. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31608229.html 

 

Куляб шаарынын (Тажикстан) аэропортунан 20 жашар Турсунзаде шаарынын тургунун учактан түшкөн жеринен кармап аскерге алып кетишти. Бул туурасында «Азия-Плюс» агенттигине уландын тууганы билдирген. Анын айтымында, кармалган бала 2 жылдан бери Оусияда иштеп жүргөн, 9-декабрда чоң энеси ооруп калып мекенине шашылыш кайтып келген экен. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211213/v-kulyabe-molodogo-cheloveka-uvezli-v-armiyu-pryamo-s-trapa-samolyota


 

Социум

Түркмөнстанда майрам алдында азык-түлүк таратууга байланыштуу ызы-чуу өкүм сүрүүдө. Калкка жеңилдетилген баада азык-түлүк таратуу процесси былтыркыдан айырмаланат. Борбор калаада белгилүү бир азык-түлүктүн түрлөрүн үй-үйлөргө жеткирип беришүүдө. Облустарда калктын күтүүлөрү акталган жок, жеңилдетилген баадагы азык-түлүктөр үйлөргө жеткирилген жок жана дүкөндөрдө сатыкта да жок. Ашхабадда азыр көп сааттап кезекте туруп, суу май, жумуртка жана тоок этин жеңилдетилген баада сатып алууга болот. Азык-түлүктөрдү турак-жайлардын алдына алып келип, жашоочулар арасында бөлүштүрулүп берип жатышат. Таратуу түн ичинде да орун алууда. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31612161.html

 

2022-жылы Казакстанда профессионалдык үй-бүлө институту ишке киргизилет, бул туурасында Казакстандагы “Балдардын укугун коргоо” боюнча бейөкмөт уюмунун жумушчу тобунун басма-сөз жыйыны учурунда балдар укугу боюнча ыйгарум укуктуу өкүл Аружан Саин билдирди.

Аружан Саиндин айтымында, келерки жылдан баштап ата-эненин кароосу жок калган балдар үчүн профессионалдык үй-бүлөлөр институтун ишке киргизүү боюнча активдүү аракеттер башталат. Алар интернаттардын ордун алмаштырмакчы. Ошондой эле, анын айтымында, бир катар системалык маселелер боюнча да, маселен интернаттагы балдардын абалы, мындай уюмдардагы коррупция маселелери боюнча да алгылыктуу жылыштар бар. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/aurzhan-sain-v-kazahstane-vnedryat-institut-professionalnyh-semej 


 

Спорт 

Тажикстандын жаш ITF таэквондочулары Беларусияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 16 медаль утуп, жалпы командалык курам боюнча 3-орунга ээ болушту. Аталган чемпионат Минскиде пандемиянын кесепетинен көп чектөөлөрдүн шартында өттү. Буга карабай, чемпионатка 36 өлкөдөн 450дөн ашуун спортчу катышты. 

Тажикстандын ITF таэквондо жана кикбоксинг боюнча Улуттук федерациясынын маалыматы боюнча, өлкөнүн курама командасына 11 жаш спортчу кирген. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/sports/20211220/komanda-tadzhikistana-zanyala-trete-mesto-na-yunosheskom-chempionate-mira-po-taekvondo

 

Өзбекстандын 2245 мектебинде спортзалдар жок, азыркы иштеп жаткан 7885 спортзалдын 358и реконструкцияга муктаж, 2078ин капиталдык ремонттон өткөрүү керек. Элдик билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстандын орто мектептеринин 22%ында спортзал жок, 10130 мектептин ичинен 7885 мектепте же 78%ында спортзал бар. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/12/16/gyms/ 

 

Экология 

Өзбекстанда 4 млн тонн радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн, бирок республиканын аймагында радиациянын деңгээли жол берилген нормадан жогору эмес. Бул туурасында өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик комитеттин радиациялык жана ядердик коопсуздук департаментинин башчысы Сардорбек Якуббеков Ташкентте өткөн басма-сөз жыйынында билдирди, бул туурасында маалымат жана массалык коммуникация Агенттигинин басма-сөз кызматы кабарлаган. Калдыктар жайгашкан аймактардын экологиялык саламаттыгын жакшыртуу үчүн Европа реконструкция жана өнуктүрүү банкы, Евробиримдик жана бир катар өлкөлөр 2 млн.өлчөмүндө грант берген, деп жазат Фергана. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/security/20211216/uzbekistan-podschital-kolichestvo-radioaktivnih-othodov-a-skolko-ih-ostalos-v-tadzhikistane

 

Технология

Реклама жайгаштырууга боло турган BYYD уюлдук платформасынин тиркемелери эми Өзбекстанда да жеткиликтүү. Азыркы учурда DSP BYYD 10 миңден ашуун ар кандай сегменттеги тиркемелерге ээ.

BYYD платформасы Өзбекстанда 18 миллиондон ашуун колдонуучуну камсыздайт, анын 13 миллиону интернетке бир гана уюлдук телефон аркылуу кирет. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/12/14/byyd/ 

 

WhatsApp тармагында үн билдирүүсүн жибере электе угуп көрүү мумкүнчүлүгү пайда болот. Бул туурасында иштеп чыгуучулар Twitter баракчасында билдирген. “Бул каталар эмес, бул репитиция кылуу. Эми силер үн билдирүүсүн жиберээр алдында алдын ала угуп көрсөңөр болот", - деп айтылган билдирүүдө. Кененирээк:  

https://kaktus.media/doc/451333_whatsapp_anonsiroval_novyu_fynkciu._spoyler:_ona_obradyet_lubiteley_golosovyh_soobsheniy.html \\

 

Кыргызстандын билим жана илим министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте бала тарбиялоо боюнча Bebbo тиркемесин сунушташты. Ал кыргыз жана орус тилдеринде. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/451196_vash_pomoshnik_v_vospitanii_detey._mobilnoe_prilojenie_bebbo_na_kyrgyzskom_i_rysskom.html 

 

Эки япониялык космос туристтери менен экипаж Казакстандын талааларына конду, деп кабарланат "Роскосмос" сайтында.

"Союз МС-20" кемесинен түшүрүлгөн аппарат 3 саат мурда Эл аралык космостук станциядан бөлүнүп, Жезказган шаарынан 148 км алыстыкта жерге конду. “Роскосмостун” космонавты Александр Мисуркин жана Япониялык туристтер Юсаку Маэзавы менен Йозо Хирано курамындагы “туристтик экипаж” Жерге кайтып келди.. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/dva-yaponskix-kosmiceskix-turista-vernulis-na-zemlyu 

 

Казакстандыктар эми санариптик жеке күбөлүктү ички рейстерге колдоно алат, деп билдирет жарандык авиация Комитети.

"Казакстандын бардык аэропортторунда санариптик документтер сервиси (eGov Mobile) киргизилди. Ички рейстердин жүргүнчүлөрүндө эми өздүк маалыматтарын тасыктоо үчүн   eGov Mobile тиркемеси аркылуу санариптик өздүк документин колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болду ", – деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazaxstancy-mogut-ispolzovat-cifrovoe-udostoverenie-na-vsex-vnutrennix-aviareisax 

 

Parker Solar Probe зонду биринчи жолу күндүн таажысынан орун алып, жана ал жакта кыймылда боло алды, деп билдирет NASA. "Тарыхта биринчи жолу космостук корабль Күнгө тийди. NASA нын Parker күн зонду азыр Күн атмосферасынын жогорку катмарларында – анын таажысында, андагы бөлүкчөлөрдү жана магниттик талааларды ченеп жатат ", – деп айтылган билдирүүдө. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/vpervye-v-istorii-chelovechestva-kosmicheskij-korabl-kosnulsya-solnca 

 

Коопсуздук 

Кыргызстан канадалык Centerra Gold Inc. компаниясына каршы киберкоопсуздук жана “Кумтөр” кенинде иштеген жумушчулардын укуктарынын бузулушу боюнча доо арыз жолдоду. Бул туурасында Mining Weekly билдирет. Доо арызда, бийликтин билдирүүлөрүнө ылайык,  Centerra Gold 2021-жылдын май айында “Кумтөрдүн” компьютерлерине колдонуучулар менен администраторлордун кирүүсүно бөгөт койгон деп айтылат, башкача айтканда өкмөт кенде убактылуу башкаруучуну дайындагандан бир аз мурда. Жыйынтыгында улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитет Centerra Gold компаниясына каршы кылмыш ишин козгогон. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/451239_vlasti_kyrgyzstana_podali_isk_protiv_centerra_gold_inc._za_naryshenie_kiberbezopasnosti.html 

 

Кыргызстанда соцтармактарда жана мессенжерлерде Улуттук Банк сурамжылоодон өткөндөргө 50 миң сомдон берип жатат деген маалымат тарады. Берилген шилтеме болсо Улуттук Банктын расмий сайтына эмес, башка күмөндүү сайтка алып барат.

Улуттук банктан бул маалыматты төгүндөп, кандайдыр бир сынак же акча таратуу боюнча иш чара өткөрүлбөгөнүн билдиришти. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/451411_nacbank_razdaet_po_50_000_somov_za_prohojdenie_oprosa_ne_verte_eto_feyk.html 


 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

 

P.S. Командага колдоо көрсөт, лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.