Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 13-20.09.2021-ж.

22.09.2021 • 08:33

Салам, досум! 

Кел анда, Борбор Азия өлкөлөрүндө өткөн аптада кандай жаңылыктар орун алганын билип алалы.


 

Билим берүү

Тажикстанда билим берүү системасы бизнес үчүн дың талаа десе болот. Киреше табуу жолдору толтура, атаандаштык жокко эсе, ал эми мамлекеттик билим берүү сапаттуу кызмат көрсөтүү суроо-талабын канагаттандыра албайт. Азыр эле бизнес баштоонун беш эле багыты туурасында айтып беребиз. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210918/pyat-pribilnih-napravlenii-biznesa-v-sfere-obrazovaniya-v-tadzhikistane

Ошондой эле, Тажикстандагы жаштар үчүн  билим алудагы мүмкүнчүлүктөрдүн тизмесин сунуштайбыз: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210915/podborka-vozmozhnostei-dlya-molodezhi-tadzhikistana

Кыргызстанда онлайн курстар боюнча биринчи кыргыз тилиндеги интерактивдүү сайт ишке киргизилди.  Бул туурасында «IDEA Борбор Азия» КФунан билдиришти. Алардын маалыматы боюнча, «МедиаКыздар академиясы» долбоорунун алкагында  «Курсив» билим берүү платформасы түзүлдү, анда кыргыз тилиндеги төрт онлайн-курс киргизилген. Кененирээк:  https://24.kg/obschestvo/207653_zapuschen_pervyiy_interaktivnyiy_sayt_sonlayn-kursami_nakyirgyizskom_yazyike_/

Кыргызстанда билим берүү уюмдарынын кызматкерлери (жетекчиси, мугалимдери ж.б.) окуучулардан жана ата-энелеринен ал мекеме үчүн финансылык же башка материалдык жардам талап кылууга укугу жок. Бул туурасында КРнын “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунда айтылат. Документке ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкордук кеңештери жеке адамдар жана юридикалык тараптардын ыктярдуу взносторунан, кайрымдуулук каражаттардан жана башка КР мыйзамдарына каршы келбеген жолдор менен топтолгон финансылык жана башка материалдык каражаттарды тарта алышат. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/207173_novyiy_zakon_obobrazovanii_pedagogi_nevprave_trebovat_matpomosch_suchaschihsya/ 

Казакстандыктар билим берүү жаатындагы көйгөйлөр туурасында атайын уюшулган линия аркылуу билдире алышат, бул туурасында билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Жарандар ар түрдүү маселелер менен кайрылса болот. Мугалимдерди  өз милдеттеринен башка иштерге тартуу, мектеп дааратканалары, көзөмөл камералары, коопсуздук кнопкалары, коопсуздукту камсыздоо боюнча жана башка маселелер ж.б. туурасында билдирүү сунушталууда. 

Каалагандардын баары 8 (705) 206-59-32 номери боюнча WhatsApp мессенжерине фото же видеоматериалдарды жибере алышат. Мектептерге байланыштуу маселелер жергиликтүү аткаруу органдарына берилет. Анткени, мыйзам боюнча каржылоо, курулуш маселелери, ремонт иштери, тиешелүү шарттарды түзүп берүү, анын ичинде санитардык шарттар менен камсыз кылуу акиматтардын карамагында. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazahstancy-smogut-soobshit-o-problemah-v-sfere-obrazovaniya-po-goryachej-linii 

«Дунё» маалымат агенттиги билдиргендей, Навои мамлекеттик педагогикалык институтунун (НГПИ) жетекчилиги Өзбекстандын Улуу Британиядагы элчилигинин колдоосу менен британиялык Сандерленд Университетинин жетекчилиги менен (University of Sunderland, UoS) жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо маселелери боюнча кызматташтык жана өнөктөштүк темасында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Кененирээк: 

https://nuz.uz/obschestvo/1208405-uzbekskih-uchitelej-anglijskogo-yazyka-budut-gotovit-britanczy.html 

Адам укугу

Түркмөнстанда Ашхабад полициясы паркка келгендерди көзөмөл кылууну күчөттү. Паркка келген кыз-келиндерди кармаган учурлар көбөйдү. Мындан тышкары, кыз-келиндердин сырткы келбети да полициянын көз алдында. Азатлыктын кабарчылары Ашхабаддан билдиргендей, соңку күндөрү Ашхабад парктарынан рация көтөргөн полицияларды көп кезиктирүүгө болот. Полиция кызматкерлери аллеялар менен кыдырып, отургучтарда ким-ким менен отурганына байкоо салып жүрүшөт. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31468972.html

Түркмөнстан калкы үчүн локдаунга байланыштуу кыйынчылыктар уланууда. Мындан тышкары, калк коронавирустун жайылышына каршы көрүлгөн чараларга байланыштуу бийлик тарабынан коюлган болуп көрбөгөндөй талаптарды аткарууга милдеттүү. Мунун баары күнүмдүк тиричиликти оорлотуп, ансыз да узактан бери созулуп келе жаткан экономикалык кризис шартында ого бетер кыйноодо. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31464912.html  

Безопасность 

Uzcard компаниясы (Өзбекстан) пластик карталарынын колдонуучуларын алардын атынан иштеп жаткан шылуундар туурасында эскертти. Компаниядан билдиришкендей, шылуундар Uzcard компаниясынын атынан uz-investt. space, invest-uz. Space сайттарында ар кандай публикацияларды жарыялап жатышат. Колдонуучуларга “инвесторлордон көз карандысыз үстөк акча” алуу сунушталат да, натыйжада алар өзүлөрү шылуундарга карталарын ачып берип коюп жатышат. Кененирээк: https://nuz.uz/proishestvie/1207900-fejkovye-sajty-obmanyvayut-uzbekistanczev-ot-imeni-uzcard.html 

Түркмөнстанда экономикалык маселелер менен азык-түлүк каатчылыгы каптап турган шартта калк банк карталарындагы пенсия, эмгек акыларын акчалай ала албай кыйынчылыктарга туш болушууда. Кезек күтпөй эле накталай акча чыгарып алуу боюнча расмий эмес кызматтарды сунуштап башташты. Ал ортодо жарандардын ишенимине кирип алып, алардын банк карталарына ээ болуп алган кылмыштуу топтордун пайда болгону туурасында да айтылууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31464770.html  

Технология 

27-сентябрдан 1-октябрга чейин Кыргызстанда санариптик өнүгүү боюнча уникалдуу Digital Week жумалыгы өтөт. Жумалык өз ичине бир катар иш чараларды камтыйт, эл аралык алдыңкы эксперттер келечектүү багыттар боюнча актуалдуу малыматтар менен бөлүшөт, өлкө экономикасындагы маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө байланыштуу көйгөйлөр талкууланат жана катышуучулар менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте аларды чечүү жолдору сунушталат. Кененирээк: https://24.kg/biznes_info/207108_unikalnaya_nedelya_tsifrovogo_razvitiya_Digital_Week_proydet_vkyirgyizstane/ 

16-сентябрда «Узбектелеком» компаниясы “Опреатор жана провайдерлер үчүн Интернет-каналдарга кезектеги ирет бааларды төмөндөтүү жана ошондой эле республикадагы Интернет тармагын өнүктүрүү” деген темада брифинг өткөрдү. Буга байланыштуу компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Тимур Мамаджанов бир катар сандарды ачыктады. Негизинен, бир жыл ичинде оператор жана провайдерлер тарабынан сатылып алынган ар бир мегабит үчүн баа дээрлик 50%га арзандаганы (46,6%) айтылды.  Эми 1 Мбит/с аларга 30 миң сум туруп калат. Төрт жыл мурда бул баа 8 эсе кымбат болчу. Кененирээк:  https://nuz.uz/nauka-i-tehnika/1208121-internet-stanet-eshhe-deshevle.html 

Киев маданият университетинде (Украина) TikTok факультети ачылууда. Бул туурасында билим берүү мекемесинин расмий сайтында айтылган. Мындай факультет Украинада гана эмес, деги эле дүйнөдө биринчи жолу ачылууда. Долбоордун демилгечиси – украиналык белгилүү тиктокер Михаил Поплавский. Анын ою боюнча, жаштар “өзүлөрүнүн жылдыздуу жолун соцтармактар аркылуу салышы керек". Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kievskom-universitete-kultury-otkrylsya-fakultet-tiktok 

 

Биз менен болгонуң үчүн сага рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт. Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.