Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думана Смаковдон дайжест: 12-19 сентябрь, 2022-ж.

14.09.2022 • 04:51

Салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.  

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

17 тирек мектеп: "Қазақстан халқына" Акмола облусундагы биринчи мектепти жабдуу иштерин аяктады. "Қазақстан халқына" фонду Катаркөл айылындагы Досов атындагы мектепти зарыл болгон материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыз кылды. Бул “Айыл жергесиндеги тирек мектептердин потенциалын өнүктүрүү” долбооруна катышкан биринчи мектеп. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/17-opornyh-shkol-khazakhstan-halkhyna-zavershil-osnashenie-pervoj-shkoly-v-akmolinskoj-oblasti 

 

Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала гана бала бакчага барат. “Мектепке чейинки билим берүү билим алуунун негизи болуп саналат жана билим берүү процессиндеги улам кийинки этап мектепке чейинки билим берүүнүн ийгилигинен көз каранды” – деп белгилеген бир нече жыл мурда ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Форе. Ошол эле убакта дүйнөдө өтө көп балдар мындай мүмкүнчүлүктөн куру калган. Бул балдардын экинчи жылга калып калуусуна же такыр эле мектепти таштап кетүүсүнө өбөлгө болуп, алардан алда канча ийгиликтүүрөөк теңтуштарынын көлөкөсүндө калып калуу коркунучун көбөйтөт ". Кененирээк: https://kaktus.media/doc/466901_lish_kajdyy_chetvertyy_rebenok_kyrgyzstana_hodit_v_detskiy_sad._kak_hotiat_reshit_problemy.html 

 

Адам укугу

Кыргызстандын парламентинин депутаты окуучу кыздарды өтө кыска көйнөк киет деп сынга алды, деп билдирет 24kg. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/deputat-v-kyrgyzstane-osudil-shkolnic-za-korotkie-yubki-devochki-sami-provociruyut-pedofilov 

 

Мары велаятындагы дыйкандар бирикмелеринде мектеп окуучуларын сабактардан кийин пахта жыйноого тартышууда. Жергиликтүү байкочулар белгилегендей, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начарлап жатышы жана жумушсуздуктун кеңири жайылышы Түркмөнстанда балдарды оор эмгек менен алектенүүгө мажбур кылууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/32029856.html 

 

Жаныбарларды кармоо менен алектенген кызматтар тарабынан жаныбарларга карата мыкаачылык мамилеге каршы чыккан Түркмөнабад шаарынын жашоочулары шаар бийлиги тарабынан кысымга алынууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/32029601.html 

 

Түркмөнстанда аялдарга косметика колдонууга, контурдук пластика, маникюр жасоого, чач боёгонго, денесине жабышкан кийим жана жинсы кийүүгө, унаа айдоого жана унаанын алдыңкы орунуна отурууга тыюу салынды. Өлкөдө ошондой эле бойдон алдырууга тыюу салынган. Аялдарды кармап, айып салып, жумуштан да кетирүүдө. Аялдарга карата тыюу салуулар Сердар Бердымухамедов өзүнүн атасынын ордуна  Түркмөнстандын президенти болуп келгенден бери күчөй баштаган. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/turkmenistan-asia-women-rights/32031050.html 

 

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Түркмөнстандын президентин түркмөн прессасынын ишмердүүлүгүнө салынган тыюу салууларды алып салууга жана журналист Нургельди Халыковду бошотууга чакырды. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/32036745.html 

 

Алматыда каракалпак дисапорасынын эки активисти Кошкарбай Торемуратов менен Жангельды Жаксымбетов кармалды. Алар Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салган жана коомдук коопсуздук менен тартипке коркунуч келтирген материалдарды даярдаган жана таркаткан деп шектелүүдө. Кененирээк: https://anhor.uz/news/almaty/ 

 

Жалган маалымат таркаткан деп айыпталган Qaznews24 пабликтин автору Темирлан Енсебекке каршы сотко чейинки иликтөө иштери токтотулду. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/ugolovnoe-delo-avtora-pablika-qaznews-24-temirlana-ensebeka-prekrasheno 

 

"Балдарга жана аялдарга каршы зомбулуктун күчөп жатканын эске алуу менен Кыргызстан үчүн атайын чакыруу сигналын киргизүү актуалдуу, ар бир бала көчөдөн же телефонунан коркунуч туурасында кабар берүү үчүн ал баскыч менен колдоно алат", - деп билдирди акыйкатчы Атыр Абдрахматова Kaktus.media редакциясына берген комментарийинде. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/466864_nasilie_nad_detmi._ombydsmen_nastaivaet_na_vnedrenii_trevojnoy_knopki.html 

 

Социум

АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) 600 элеттик аялдар үчүн ишкердик жаатында жакшыртылган окуу программасын баштаганын билдирди. Программа бюджети 3,4 миллион долларды түзгөн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү Демилгелеринин алкагында ишке ашырылууда. Ал Өзбекстандагы элеттик аялдарды эмгек рыногунда ишкер жана адистешкен кызматкер катары катышуусун колдоо аркылуу көмөк көрсөтүүгө багытталган. Окутуу 26 сентябрда башталат. Кененирээк: https://anhor.uz/news/entrepreneurship-women/

 

Казакстанда биринчи жолу жакшы укпаган балдарга угуучу аппарат коюшту. Уникалдуу операцияны Алматыдагы "Аксай" республикалык балдар ооруканасында жасашты. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-vpervye-implantirovali-sluhovoj-apparat-slaboslyshashim-detyam 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Дайжестти даярдоого Алмабек Ибрайымов катышты

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.