Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 12-19.04.2021-ж.

19.04.2021 • 12:07

Кымбаттуу досум!

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жаңылыктар дайжестин сунуш кылам.

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Тажикистандагы МегаФон компаниясы Тажикстандын Улуттук банкы тарабынан балдар жана жаштар үчүн уюштурулган GlobalMoneyWeek 2021  финансылык сабаттуулук Айлыгында Digital-өнөктөш болду. Өткөн жылдагыдай эле, оператор мектеп окуучулары менен студенттердин чыгармачыл иштерин кабыл алууга уюлдук интернет кызматтарын жана трафикке кошулган жабдыктарды акысыз берди. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210416/molodezh-tadzhikistana-podklyuchaetsya-k-global-money-week

Кыргызстандын мектептеринде мамлекеттик экзамендер болбойт, жыл жыйынтыгы чейректик баалар менен чыгарылат. Бул туурасында 24.kg агенттигине билим берүү жана илим министрлигинин мектептердеги билим берүү башкармалыгынан билдиришкен. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/190679_ekzamenov_vshkolah_nebudet_itogi_podvedut_pochetvertnyim_otsenkam/ 

Адам укугу

Ташкенттеги мектептердин биринде окуучулардын байпактарынын узундугун текшерип башташты. Көрсө, администрация ЛГБТ менен ушундайча күрөш жүргүзүп жатыптыр. “Кечээ сабак учурунда менин баламдын классына кирип бут кийимдерин чечтирип, байпактары узун же кыска экенин текшеришиптир. Байпактары кыска балдарды сүрөткө тартып алышыптыр. Алар муну ЛГБТ менен күрөш катары түшүндүрүшүптүр”, - деп жазган блогер Шахноза Соатова өзүнөн Телеграм-каналында. Анын айтымында, эмне үчүн сабактын ордуна мектептерде ЛГБТ темасындагы лекциялар өткөрүлүп жатканы түшүнүксүз. Бул абсурдка жеткен антипропаганда экенин кошумчалайт блогер. Кененирээк: https://www.podrobno.uz/cat/obchestvo/v-odnoy-iz-shkol-tashkenta-u-uchenikov-nachali-proveryat-dlinu-noskov-okazalos-tak-administratsiya-b/

Казакстанда Ashyq тиркемеси аркылуу QR-кодду скандап өз статусуңду текшерүүгө боло турган сайт иштеп чыгышты. Бул туурасында Казакстан Республикасынын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай боюнча вице-министри Асет Турсынов билдирди. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-zapustyat-sajt-gde-mozhno-proverit-svoj-status-cherez-prilozhenie-ashyq-pered-posesheniem-zavedeniya 

Казакстандын өкмөтү жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдык актыларга түзөтүүлөрдү иштеп чыкты, ушундай жол менен өкмөт чиновниктердин жеке маалыматтарын колдонуу эрежелерин катаалдаштырганы жатат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazaxstane-planiruyut-uzestocit-pravila-ispolzovaniya-personalnyx-dannyx-cinovnikov 

Социум

Экономикалык кризиске баткан Түркмөнстанда Рамазан айынын башталышы менен май куючу бекеттерде жана унаа токтотуучу жайларда жарамазан айтып таттуу же акча сураган балдардын саны кескин өстү. Бул туурасында Азатлык Радиосунун кабарчысы билдирет. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31202005.html 

14-апрелден баштап Тажикистанда «Илм ва табиат» («Илим жана табият») аттуу жаңы телеканал ишин баштады. Телеканал жалпы өлкө аймагы боюнча өз берүүлөрүн 11.30да баштады, деп билдирген «Азия-Плюс» агенттигине республикалык телевидение жана радиоберүүлөр боюнча комитетинен. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210414/v-tadzhikistane-nachal-vetshanie-novii-telekanal-ilm-va-tabiat

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.