Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 11-18.10.2021-ж.

19.10.2021 • 09:46

Кымбаттуу досум!

Кел азыр өткөн аптада биздин өлкөдө жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.

 

Билим берүү

Академиялык тажрыйба алмашуу боюнча Германия кызматы (DAAD) бул жылы Кыргызстандын мыкты студенттерине жана ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнө Германияда магистратурада жана аспирантурада окуганга стипендия берет. Бул туурасында редакцияга келген пресс-релизде айтылат. Мындан тышкары  DAAD стипендиялык программалардын алкагында Кыргызстандын мыкты студенттери Германиянын ЖОЖдорунда жайкы немис тил курсун өтө алышат, ал эми окуу жайлардын кандиадаттык даражасы бар окумуштуулары жана окутуучулары Германиянын ЖОЖдорунда жана илимий институттарында илимий стажировкадан өтүшөт. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/447711_kyrgyzstancy_polychat_stipendii_dlia_obycheniia_i_stajirovki_v_vyzah_germanii._podrobnosti.html

Кыргызстандын депутаттары зыяндуу продукттардын рекламасына тыюу салууда. 11-октябрда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында депутат Евгения Строкова тиешелүү мыйзамды сунуштады. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/447445_depytaty_vvodiat_zapret_na_reklamy_vrednyh_prodyktov_i_ih_prodajy_vozle_shkol.html

12−24-ноябрда Өзбекстандын алты шаарында “Билим берүү жана кесип – 2021” эл аралык көргөзмөсү өтөт. Меймандар ар кайсы өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен тааныша алышат. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/10/14/my-fair/

Дүйнөдө 10-19 жаштагы өспүрүмдөрдүн 13%дан ашууну психикалык бузулуу диагнозу менен жашайт, бул 89 миллион өспүрүм балдар жана 77 миллион өспүрүм кыздар. Мындай маалымат ЮНИСЕФтин “2021-жылга карата дүйнөдөгү балдардын абалы” аттуу докладында айтылган. Анда балдардын психикалык саламаттыгы, аны чыңдоо жолдору изилденген. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/10/12/mental-health/

Адам укугу

БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йоркто өткөн 76-сессиясында Казакстан 2022-2024-жылдарга карата БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешине тандалды. Кененирээк: https://www.zakon.kz/5086692-kazahstan-vnov-voshel-v-sostav-soveta.html

Социум

14-октябрда Тажикстанда ишкерлер күнү белгиленди. Бул макалада бизнестин өнүгүшүнө негизги тоскоолдуктарды жараткан али чечилбеген маселелер камтылган: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20211014/pyat-problem-tadzhikskogo-predprinimatelya-kotorie-tak-i-ne-udalos-reshit

Интернетте туризм боюнча Кыргызстанда саякаттоо туурасында айтып бере турган Manshuq аттуу кызыктуу долбоор пайда болду. Окурмандар анда эмнеге көңүл буруу керектиги туурасында билишет.

"Эгер сиз буга чейин Кыргызстанга бир нече жолу келип кеткен болсоңуз жана мүмкүн болгон бардык нерсени билип алдым деп ойлосоңуз, анда биздин жаңы материал сиз үчүн. Ошто кайсы жерлерди сөзсүз түрдө көрүү керектиги жөнүндө, эмне үчүн Кыргызстан көптөгөн туристтерди кызыктырат, булар туурасында 20 жылдык тажрыйбага ээ биздин кесипкөй гид жана туризм боюнча улуттук тренер Лада Хасанова айтып берет ", - деп жазышкан сайттын түзүүчүлөрү. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/447751_pyteshestvie_po_kyrgyzstany:_na_chto_obratit_vnimanie_v_oshe_ochen_polezno_i_zanimatelno.html

"Биздин айланабыздагы сырлар" -  Биринчи Евразия каналындагы жаңы долбоор мына ушундай деп аталат. Бул тарыхы кылымдарды карыткан казак ашканасынын сырлары жана салттары жөнүндөгү программа. Алып баруучулардын бири тарыхчы, этнограф Айгерим Мусагажинова көп жылдан бери казак ашканасынын сырларын изилдеп келет, деп жазат zakon.kz. Кененирээк: https://www.zakon.kz/5086218-etnograf-vosstanovila-bolee-200.html

Технология

Кыргызстандын стандартташтыруу жана метрология борбору өз буйругу менен майыптыгы бар колдонуучулар үчүн веб-сайттардын жеткиликтүүлүгүн жакшырта турган стандарт бекитти. Бул туурасында редакцияга келген пресс-релизде айтылат. Стандарттын расмий аталышы - "КМС ГОСТ Р 52872-2021 Интернет-ресурстар жана электрондук-санарип түрүндөгү башка маалыматтар. Стационардык жана мобилдик каражаттар үчүн тиркемелер, башка колдонуучулук интерфейстер. Майыптыгы бар жана жашоо мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болушуна талап.  (ГОСТ Р 52872-2019, IDT)". Кененирээк: https://kaktus.media/doc/447702_v_kyrgyzstane_vveli_standart_dostypnosti_veb_saytov_dlia_ludey_s_invalidnostu.html

Дезинформация

Казакстандыктар дагы деле 5G технологиялары жөнүндөгү орунсуз маалыматтарды таркатууну улантышууда, деп билдирет zakon.kz. Бул жолу соцтармактарда уюлдук байланыш вышкасын көрсөткөн видео таркатып жатышат. Видеодо бул вышкалар планетанын калкынын санын 1 миллиардка чейин азайтуу үчүн керек деп айтылат. Кененирээк: https://www.zakon.kz/5086368-kazahstantsy-prodolzhayut-rassylat.html

Экология

1933-жылы 12-октябрда Тажикстандын Илимдер Академиясынын Ботаникалык бакчасы негизделген. Ал Душанбеде ошол кезде СССРдин Илимдер академиясынын Тажикстан базасынын ботаника секторун жетектеп турган профессор Б. Федченко тарабынан 34 гектар аянт менен түзүлгөн.  Учурда бакчанын аянты 40 га.

Бакчанын кире беришинде 1930-жылдары ботаника Институтунун биринчи кызматкерлери тарабынан тигилген бактардын үлгүлөрү өсүп турат. Тажик ССРинин илимдер Академиясы түзүлгөндөн кийин бакчанын аймагына 1960-жылдары Тажик ССРинин ботаника Институту үчүн күнөскана оранжереясы курулган. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211012/botanicheskomu-sadu-dushanbe-88-let

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт, лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.