Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 11-17.05.2021-ж.

18.05.2021 • 07:33

Кымбатуу досум!

Кел, бул аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө  эмне жаңылыктар болгонун билип алалы.

 

Билим алуу

Өзбекстанда Куран китебинин дүйнөдөгү эң чоң барагы даярдалды.  Каллиграф Гиннес рекорд китебине кирүүгө ниеттенип жатат, бул туурасында Өзбекстандагы ислам маданият борборунун жетекчиси Шоазим Миноваров өзүнүн соцтармактагы баракчасында жазган, деп билдирет  CentralAsia. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210514/v-uzbekistane-izgotovlena-samaya-bolshaya-stranitsa-korana-v-mire

Адам укугу

Түркмөнстанда соңку үч ай ичинде экинчи жолу жашоочуларды мечиттерге киргизбей коюшту.  Бул мусулмандардын Орозо айт майрамында орун алды, ошондой эле АКШ Мамдепартаментинин Түркмөнстанды диний эркиндикти бузган өлкө катары атаган отчетунун жарыяланышына туш келди. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31253355.html

Тажикстандын төмөнкү палатасы 14-майда өкмөт сунуштаган “Соттордун ишмердүүлүгү жөнүндөгү маалыматтардын жеткиликтүүлүгү жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды. Бийликтин айтымында, жаңы мыйзам соттук териштирүүлөрдүн ачык жана калыс болушун камсыздоого арналган жана өлкө сотторунун ММК өкүлдөрү менен болгон алакаларын бекемдейт. Мурда соттук териштирүүлөр жабык эшик артында же тергөө изоляторлорунда өтчү,  бийлик айрым сот процесстерине ММК өкүлдөрүн киргизчү эмес же каралып жаткан иш жашыруун деген шылтоо менен маалымат берүүдөн да баш тартып келишкен. Кененирээк: https://rus.ozodi.org/a/31255061.html

Социум

Борбор Азиянын бардык жашоочуларында эле толук кандуу тамактанып, сапаттуу, жаңы тамак-аштарды сатып алып, сергек жашоо образын карманууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ачкачылык регион үчүн чоң көйгөй болбогону менен, пандемияга байланыштуу Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө, Кавказ жана КМШ өлкөлөрүндө азык-түлүккө байланышту жагдай начарлады. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210514/oon-zhiteli-tsentralnoi-azii-dolzhni-luchshe-pitatsya

Өзбекстан күкүрттү экспорттоп баштады. «Узбекнефтегаз» АК маалымат кызматынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери биржалык соодада 500 миң тоннадан ашуун күкүрт $ 9 млн. доллардан ашуун суммага сатылган. Кененирээк: https://nuz.uz/ekonomika-i-finansy/1197586-uzbekistan-nachal-eksportirovat-seru.html

1-июлдан баштап ЕАЭБ өлкөлөрүндө “Чек арасыз жумуш” деп аталган санариптик долбоор иштеп баштайт.  Евразия экономикалык бирикмесине кирген өлкөлөрдүн биринчи биргелешкен санариптик долбоору - “Чек арасыз жумуш” деп аталган унификацияланган издөө системасынын өнөр жайдык эксплуатацияга киргизилиши 2021-жылдын 1-июлуна болжонгон. Бул туурасында Евразия  экономикалык коммиссиясынан билдиришти. Кененирээк:  https://24.kg/ekonomika/193900_1iyulya_startuet_tsifrovoy_proekt_stran_eaes_rabota_bez_granits/

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.