Кымбаттуу досум!
Кел анда, өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болгонун билип алалы.
Жаңы окуу жылына үч апта калды. Бирок, Борбор Азиянын ар кайсы өлкөлөрүндөгү эпидемологиялык кырдаалга жараша балдар качан мектепке барып башташат жана кандай форматта окуу болоору чечилип жатат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210812/kogda-v-stranah-tsentralnoi-azii-nachnyotsya-novii-uchebnii-god
Бүгүнкү күндө тажик IT рыногунда кырдаал кандай? Программалоонун кайсы тилдерине жумуш берүүчү тарабынан суроо-талап чоң? Жогорку билимиң жок туруп, бул чөйрөдө жумуш табууга болобу? «Алиф Академиясынын» аналитиктери маалыматтык технологиялар тармагын иликтеп чыгып, айрым учурда компаниялар келечектеги программисттерди өзүлөрү окутуп алууга жана алардын окуусун төлөп берүүгө даяр экенин аныктап чыгышты. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210812/kakih-programmistov-itshut-rabotodateli-v-it-sektore-tadzhikistana
Кыргызстандын экономика жана финансы министрлиги интернет аркылуу соода кылган же кызмат көрсөткөн ишкерлерди көзөмөлгө алууга ниеттенүүдө. Бул туурасында бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууда мекеме жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда бул сегментте 53 миңдей адам эмгектенет. Салык кызматынын каттоосунда 11 миң ишкер турат, бирок 7-8 миңи гана салык төлөйт. Кененирээк: https://24.kg/ekonomika/203803_nalogi_pridetsya_platit_vseh_torguyuschih_vinternete_budut_kontrolirovat/
Өзбекстан жаштардын укуктары боюнча Дүйнөлүк конференцияны демилгелеп чыкты. НЦПЧ маалымат кызматы билдиргендей, эки күндүк дүйнөлүк форумдун жыйынтыгында Ташкент жаштар декларациясы кабыл алынды – жаштардын талкууларына негизделген жаштардын билдирүүсү. Кененирээк:
https://nuz.uz/politika/1205631-molodyozhnoe-poslanie-prozvuchalo-iz-tashkenta.html
Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, сурамжылоого катышып 50 миң теңге алуу жөнүндөгү билдирүүлөрдү төгүндөдү. Акчалай сыйлык туурасындагы таркатылып жаткан маалымат – фейк экенин билдирди министрликтин басма- сөз кызматы. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/mintruda-oproverglo-soobshheniya-ob-oprose-v-socsetyax-s-posleduyushhim-deneznym-voznagrazdeniem
Түркмөнстан бийлиги көз карандысызтыктын биринчи жылдарынан баштап эле жарандарына Мекенге берилип кызмат кылуу боюнча ант берүү талабын киргизген. Эми болсо ант кармоо тажрыйбасы Интернетке кирүүнү чектөө максатында да колдонулууда. Түркмөн өкмөтү, өз жарандарына Интернетти колдонууну чектөө үчүн чет элдик технологиялык компаниялар менен али күнгө чейин кызматташып келсе, эми чектөө чараларын жаңы деңгээлге чыгарууда: https://rus.azathabar.com/a/31401590.html
WhatsApp мессенжери Samsung компаниясынын жаңы продуктуларынын презентациясы учурунда, Galaxy Z Fold3 жана Galaxy Z Flip3 смартфондору iOS-тон чаттарды которуу функциясына ээ биринчи смартфон болоорун жарыялады. Жакынкы апталарда мындай мүмкүнчүлүк башка да Samsung Galaxy смартфондорунда, келечекте болсо бардык Android каражаттарында пайда болот. Кененирээк: https://24.kg/tehnoblog/203837_WhatsApp_predstavil_funktsiyu_perenosa_chatov_siOS_naAndroid/
TikTok тармагында Хомяк деген ат менен белгилүү Казакстандык Алина Ким КМШ аймагындагы эң белгилүү тиктокер кыз наамына ээ болду. Бүгүнкү күндө анын аудиториясы 27,6 миллион, алардын арасында бир гана КМШ эмес, чет өлкөлүк фанаттары да бар. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/203970_alina_kim_izalmatyi_stala_samoy_populyarnoy_devushkoy-tiktokerom_vsng/
Биз менен болгонуң үчүн рахмат!
Көрүшкөнчө!
P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!