Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест:  06-13.09.2021-ж.

16.09.2021 • 06:09

Кымбаттуу досум!  

Кел эмесе, өткөн аптада Борбор Азия чөлкөмүндө кандай окуялар болгонуна көз чаптырып көрөлү.


Билим берүү

Окуу жылынын биринчи күнүндө эле, COVID-19 менен ооругандардын саны көбөйүп жаткан чакта, Ашхабаддын орто мектептеринде окуучулардан социалдык аралыкты сактоо зарылдыгы жөнүндөгү “стикерлерди” сатып алууга акча чогултулууда. Бул жыл сайын президенттин портретине бериле турган взностон тышкары кошумча акча чогултуу болуп саналат. Мектеп класстарындагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун портретин жаңылоо ар бир окуучу үчүн 50 манат турат ($14,2  УБ курсу боюнча. Кененирээк: 

https://rus.azathabar.com/a/31450468.html 

Кыргызстанда соңку жылдары орто билим берүү мекемелеринде мугалимдердин саны өстү, ал эми жогорку окуу жайларында тескерисинче азаюуда. Бул тццрасында 2021-2040-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү Программасында айтылат. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/206746_zaposlednie_godyi_chislo_pedagogov_vshkolah_vyiroslo_avvuzah_snizilos/ 

Адам укуктары

Түркмөнстанда пахта жыйноо кампаниясы уланууда. Балкан велаятында пахта жыйноого мектеп мугалимдери жана жогорку класстардын окуучулары күч менен тартылууда. Бул туурасында батыш регионундагы Азатлыктын кабарчысы билдирүүдө. Кабарчынын айтымында, Берекет жана Сердар (мурдагы Кызыларбат) этраптарында орто мектепте иштегендердин дээрлик бардыгын түнөгү менен пахта терүүгө жөнөтүп жатышат. Ошондой эле, пахта терүүгө жогорку класстын окуучулары да тартылууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31450451.html 

Кыргызстандын “ММК жөнүндө” жана “Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” мыйзамдары системалуу өзгөртүүлөргө муктаж. Муну юстиция министрлиги моюндап, эксперттердин пикири менен макул экенин билдиришет министрликтен. Эксперттер каралып жаткан мыйзамдардын көйгөйлүү жактарын белгилеп, аларды иштеп чыгуу жана жакшыртуу боюнча бир катар  кеңештерди билдиришкен. Негизинен 1992-жылдагы “ММК жөнүндө” жана 1997-жылдагы “Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” мыйзамдары  системалык өзгөрүүлөргө муктаж. Кененирээк: 

https://24.kg/vlast/206956_vkyirgyizstane_budut_razrabotanyi_novyie_zakonyi_osmi/ 

Социум

Казакстанда балдарды эмдөө жөнүндөгү маалыматтар камтылган сайт ишке кирди. Балдарды пландуу түрдө эмдөө боюнча бардык маалыматтар топтолгон бирдиктүү расмий портал иштеп баштады деп билдирет ЮНИСЕФ.  Сайтта эмдөөнүн улуттук календарына кирген ар бир вакцина туурасында кеңири сүрөттөмө бар. Ал жактан дагы вакцина коргой турган инфекциялардын түрлөрү, эмдөө кылганга болбой турган учурлар жана ыктымалдуу кесепеттери туурасында да билип алууга болот. Сайтка кирген ар бир адам ошондой эле эмдөө жөнүндө ар кандай мифтер туурасында да билет алат. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-zarabotal-sajt-so-vsej-informaciej-o-vakcinacii-detej 

9-сентябрда Тажикстан көз карандысыздыгынан жаш юбилейин белгиледи. А биз болсо өткөнкү жылдардын орчундуу окуяларынын хоронолгиясын даярдап койдук. Чындыгында орчундуу окуялар, айрыкча көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында алда канча көп болгон. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/20210909/30-samih-vazhnih-sobitii-za-30-letnyuyu-istoriyu-nezavisimosti

Дезинформация 

Өзбекстандагы мектеп окуучуларынын массалык мушташы сериалдан үзүндү болуп чыкты. Ташкенттин ШИИБнан мектеп окуучуларынын массалык мушташы чагылдырылган видеоролик боюнча түшүндүрмө беришти. Ролик соцтармактарга тарап, колдонуучулар мушташ Карасу районунда болду деп болжоп башташкан.

https://nuz.uz/proishestvie/1207518-massovaya-draka-shkolnikov-okazalas-sczenoj-iz-seriala-video.html 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.