Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 06 -13.12.2021-ж.

15.12.2021 • 19:06

Кымбаттуу досум! 

Кел эмесе, өткөн аптада биздин өлкөдө жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.

 

Билим берүү

 

8-декабрдан БУТ (ЕНТ) башталганга чейин Казакстандын ири билим берүү борборлору  тестке даярдык көрүү максатында ар бир сабак боюнча акысыз онлайн-сабактарды өтүшөт, деп маалымдалат Улуттук тестирлөө борборунун сайтында. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-zapustili-besplatnye-onlajn-uroki-dlya-podgotovki-k-ent

 

12-декбрда белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү, 92 жашка чыкмак. Жазуучунун урматына туулган жеринде көчө, мектеп, лицей, театр, парк, сейил бактарга аты берилген. Кененирээк:

https://kaktus.media/doc/427660_chto_nazyvali_v_chest_aytmatova_za_rybejom._interaktivnaia_karta.html 

 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Билим берүү кызматтары үчүн акы төлөө системаларын жакшыртуу боюнча жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу боюнча айрым чаралар” аттуу указга кол койду. Президенттин администрациясы билдиргендей, аталган указ жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттерине, ата-эненин камкордугу жок калган жетим балдарга, майып балдарга, I жана II-топтогу майып жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн жана билим берүү мекемелеринин финансылык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыкты. Кененирээк:

https://kaktus.media/doc/450981_kontrakty_stydentov_ne_bydyt_meniatsia_tri_goda_posle_postypleniia._ykaz_prezidenta.html 

 

Кыргызстандык мугалим окутуучулар арасындагы эл аралык олимпиадада биринчи орун алды. Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматы билдиргендей, 4-5-декабрда Алматыда VIII эл аралык сынак өткөн, ага 220 математика мугалими, 70 физика мугалими жана 50 информатика мугалими катышкан.  "Газпром Кыргызстан" мектебинин мугалими Медер Осмонов аталган олимпиадага катышып, бардык тапшырмаларды аткарып биринчи орунга ээ болду. Кененирээк:

https://kaktus.media/doc/450899_ychitel_iz_kyrgyzstana_oderjal_pobedy_na_mejdynarodnoy_olimpiade.html


 

Адам укугу

 

Түркмөн бийлиги коомдук жайларда кайырчылык кылгандарга каршы күрөштү улантууда, булар негизинен балдар жана жакырчылыкка кептелген үй-бүлөлөр. Кайырчыларга мамиле буга чейин да жылуу эмес эле, ал эми жаңы жылдык майрамдар алдында калктын бул аярлуу катмарына болгон бийликтин каары ого бетер күчөдү. Колунда жок түркмөндөрдү куугунтуктоо мунайга бай өлкө 30 жылдык көз карандысыздыгын белгилеген жылы жана “Аркадак менен бирге калктын доору” деп аталган 2022-жыл этегинде күч алды. Ал ортодо, өлкөдө жетимдер үйлөрүнө түшкөн майыптыгы бар адамдар менен балдардын саны көбөйгөнү кабарланууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31603279.html 

 

Аялдар менен кыздарды коргоону күчөтүү демилгесин Өзбекстандын адилет министрлиги көтөрүүдө. Бул туурасында «Газета.уз» гезити министрликтин басма-сөз кызматына шгилтеме кылуу менен билдирген. Мындан тышкары, юстиция министрлиги артынан сая түшүү, харассмент, уяттуу фото жана видеолорду таратуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө ниеттенүүдө. Өзбекстандын юстиция министрлиги аялдар менен кыздарды куугунтуктоодон жана зомбулуктан коргоо боюнча мыйзамдарды жакшыртууну пландап жатат. Бул үчүн министрлик бир катар сунуштарды иштеп чыккан.

 

Бул демилгеге себеп болуп көчөдө, жумушта, окууда артынан түшкөн, асылган окуялардын тыйылбашы болду. Мындан тышкары, аялдар үйүндө да зомбулукка кабылышат, бир гана жубайы тарабынан эмес, кайнене жана башка туугандарынан. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/20211213/v-uzbekistane-hotyat-usilit-otvetstvennost-za-presledovanie-devochek-i-zhentshin-a-kak-v-tadzhikistane 


 

Социум

Казакстанда диний экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча биринчи комикс пайда болду, деп билдирет Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин басма-сөз кызматы. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazaxstane-vysel-pervyi-komiks-o-borbe-s-ekstrimizmom

 

2021-жылы Казакстанда окуучулар тарабынан 293 оор кылмаштар жана 36 өзгөчө оор кылмыштар жасалган. 2021-жылы жашы жете электер тарабынан катталган мыйзам бузуулар эң көп Костанай облусунда катталган, деп билдирет Finprom.kz. Аталган региондо 111 өспүрүм кылмыш жасаган – 4,7%га өткөн жылга салыштырмалуу көп. Экинчи орунда Чыгыш-Казакстан облусу: 77 өспүрүм – 2020-жылга караганда 31,9%га аз.  Үчүнчү орунда Караганда: 75 адам – өткөн жылдан 2,6%га аз. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kakix-regionax-kazaxstana-skolniki-cashhe-vsego-soversayut-ugolovnye-pravonaruseniya

 

Кыргызстанда оор кырдаалга кабылган балдар боюнча бирдиктүү электрондук маалымат базасы ишке кирди. Бул туурасында КРнын эмгек министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди. Маалымат базасы ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу астында түзүлгөн, аталган долбоор жалпы өлкө боюнча ЕБ жана БУУнун “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында ишке ашууда. Кененирээк:

https://kaktus.media/doc/450825_v_kyrgyzstane_zarabotala_edinaia_baza_detey_v_trydnoy_jiznennoy_sityacii.html

 

Өзбекстанда куугунтуктоо жана зомбулуктун курмандыктары акысыз текшерилет жана дарыланатат. Бул “Оор социалдык абалдагы аялдардын укугун кепилдөөнү камсыз кылуу боюнча кошумча чаралардын кабыл алынышына байланыштуу Өзбекстан Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамында каралган, деп билдирет "Фергана" маалымат агенттиги Юстиция министрлигинин басма-сөз кызматына шилтеме кылуу менен. Аталган документ 10-декабрда күчүнө кирди. “Аялдарды артынан сая түшүүдөн жана зомбулуктан коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизилди, ага ылайык, эмгек боюнча органдарга үй-бүлөлүк көйгөйлөргө жана зомбулукка кабылган аялдарга иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү тапшырылат. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20211211/v-uzbekistane-zhertv-pritesnenii-i-nasiliya-budut-lechit-besplatno 

 

Технология 

2022-жылы Instagram тиркемесинин жаңы версиясы чыгат, анда посттордун лентасы алгоритмдин тандоосу боюнча эмес, хронологиялык тартипте чыгарылат, бул туурасында Instagram жетекчиси Адам Моссери АКШ сенат конгрессинин отурумунда билдирди, деп жазат TechCrunch.

Instagram бир нече айдан бери бул опциянын үстүнөн иштеп жатат, ал 2022-жылдын башында колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болот. Бул Instagram үчүн олуттуу өзгөрүү, публикациялар колдонуучунун каалоосу боюнча иргелет. Адам Моссеринин айтымында, хронологиялык лента өспүрүмдөргө болгон терс таасирди азайтат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/instagramm-vernyot-xronologiceskuyu-lentu-v-2022-godu

 

Казакстанда Google Pay электрондук төлөм системасы жеткиликтүү болуп калды. 

Google Pay казак рыногуна чыгат деген пландар июль айынын башында маалым болгон. Ал убакка чейин казакстандык банкирлер менен корпорациянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн эле. Анда Google Pay Казакстанда сентябрь-октябрь айларында иштеп баштайт деп айтылган болчу. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/google-pay-stal-dostupen-v-kazaxstane

 

Тажикстандын инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамкомитети «Сохибкор» (Sohibkor) атту атайын тиркемени ишке киргизди. Аталган тиркеме БУУӨП колдоосу менен Россия өкмөтү тарабынан каржыланган “Жаштар бизнес жана инновациялар үчүн” долбоорунун алкагында иштелип чыккан. “Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар бизнес жана инвестициялар боюнча ченемдик укуктук актылар жөнүндө, республикадагы жеңилдиктердин укуктук баазасы жөнүндө, текшерүүчү органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүү пландары туурасында бардык маалыматтарды ала алышат” – деп билдирет Мамкомитет. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20211207/v-tadzhikistane-zapustili-mobilnoe-prilozhenie-dlya-predprinimatelei 

 

Экология 

 

Казакстанда жаңы улуттук парк пайда болот, деп билдирет экология, геология жана жаратылыш ресурстар боюнча министр Сериккали Брекешов Twitter баракчасында. Президенттин тапшырмасы менен Казакстанда "Ұлытау" улуттук паркы түптөлөт. Ал Караганда облусунда жайгашып, аянты 58,9 миң га. болот. Кененирээк:

https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-sozdan-novyj-nacionalnyj-park 


 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

 

P.S. Командага колдоо көрсөт, лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.