Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 04-11.10.2021-ж.

13.10.2021 • 09:39

Кымбаттуу досум! 

Кел эмесе, өткөн аптада биздин өлкөдө жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.

 

Билим берүү

Тажикстанда бизнес мектеби менен БУУнун өнүгүү программасынын “Жаштардын социалдык-экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу жана маалымдуулуктун деңгээлин көтөрүү, адам потенциалын өстүрүү аркылуу социалдык биримдүүлүккө көмөктөшүү” аттуу биргелешкен долбоору иштеп баштады. Бул учурдун талабына дал келген долбоордун максаты – жаштардын социалдык-экономикалык укуктарын өнүктүрүүгө арналган. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211005/v-tadzhikistane-zapustili-sotsialno-innovatsionnii-proekt-dlya-molodezhi

11 жашар кыргызстандык улан Эламан Абдилашимов 2019-жылы бир жарым жаштагы кыздын өмүрүн сактап калган үчүн “Ысык жүрөк” аттуу демилгенин алкагында сыйланды. Бул туурасында Бишкектеги Орус үйү билдирди. Буга чейин маалымдалгандай, кичинекей кыз коомдук даараткананын тешигине түшүп кетип, чоңдор батпаган ал тешикке түшүүгө Эламандан башка бир да бала батынган эмес. Коркконуна карабай тогуз жашар өспүрүм адам өмүрүн сактап калу үчүн дароо чечим кабыл алган. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/209829_yunogo_kyirgyizstantsa_nagradili_zaspasenie_polutoragodovaloy_devochki_vbishkeke/ 

Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги өкмөттүк квотанын алкагында чет өлкөлүк жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн маалыматтык системаны модернизациялоого ниеттенүүдө. Бул туурасында мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылган. Маалыматка ылайык, бул максаттарга министрлик 1 миллион 200 миң сом сарптамакчы. Маалыматтык системанын максаты – абитуриенттерден документерди кабыл алу процессин санариптик форматка өткөрүү. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/209681_informatsionnuyu_sistemu_dlya_postupleniya_vvuzyi_zarubejnyih_stran_moderniziruyut/ 

Казакстандын билим берүү жана илим министрлиги “Өз мугалимиңди куттукта!” аттуу акциянын жыйынтыгын чыгарды. Жеңүүчү болуп Кокшетау шаарындагы №11-гимназиянын 1 "Г" классынын окуучулары жана Кызылорда жашоочусу Карлыгаш Абдрахманова табылды деп билдирет министрликтин басма сөз кызматынан. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/ministerstvo-obrazovaniya-i-nauki-rk-podvelo-itogi-akcii-pozdrav-svoego-ucitelya 
Адам укугу

Түркмөнабадда гомосексуализм менен шектелген ондогон адамдар кармалды. Азатлык радиосунун маалыматы боюнча, Түркмөнабадда гомомсексуализмге шектелип 25 адам кармалган, анын арасында 1 мурдагы МАИ кызматкери, бир нече өрт өчүргүч кызматкерлери жана Чаржевск районунан бир чач тарач бар. Азатлык менен маектешкен купуя булактын айтымында, август айында гомосексуализмге шектелген чач тарач кармалып, Лебап велаятына жеткирилген. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31493909.html 

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган “Көз карандысыздыгыбыз – биздин бактыбыз” аттуу китебин калк арасында жайылтуу боюнча кезектеги кампания башталды. Түркмөнстандын бардык мамлекеттик мекемелеринин жана ишканаларынын кызматкерлерин жана студенттерин китепти сатып алууга милдеттендирилди. Азатлык радиосунун кабарчысы билдиргендей, Лебап велаятында маданият кызматкерлерине мамлекет башчынын жаңы чыгармасын даңазалаган музыкалык чыгарма жаратуу тапшырылды. Лебап велаятанын жогорку оку жайларында окуган студенттерди президенттин китебин жатттап алууга үндөп жатышат жана 100 манат өлчөмүндөгү акчалай сыйлык убада кылынды (Түркмөнстандын улуттук банкынын курсу боюнча 28 жарым доллар). Кененирээк: https://24.kg/vlast/209517_glava_turkmenistana_vyipustil_ocherednuyu_knigu_grajdan_obyazali_eepriobresti/ 

Социум

Казакстандыктар электрондук өздүк документин колдонуу менен автовокзалдардан билет сатып ала алышат, бул туурасында өлкөнүн индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мекеме автотранспорттук жүргүнчүлөрдү ташууда санарип форматындагы өздүк документти колдонууну мыйзамдаштырды. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazahstancy-mogut-priobretat-bilety-na-avtovokzalah-ispolzuya-elektronnoe-udostoverenie-lichnosti 

7-октябрда «Diversity Visa 2023» (лотерея «Green Card») программасына катышууга онлайн катталуу ачылды, ал 2021-жылдын 10-гоябрына чейин уланат. Бул жерде жардам берүүчү көрсөтмөлөр бар: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211008/kak-samostoyatelno-zapolnit-anketu-na-lotereyu-green-card-2023

АКШнын эл аралык өнүгүү Агенттиги (USAID) Борбор Азиядагы соода боюнча жаңы беш жылдык долбоорун жарыялады. Долбоордун суммасы $19 миллион, ал Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда ишке ашырылат, деп жазылат  USAID расмий сайтында.  Жаңы долбоор аймактык соода, ишканаларды өнүктүрүү жана аймактардын өз ара байланышын өнүктүрүү жаатындагы  ондогон жылдар ичиндеги USAID уюмунун жетишкендиктерине негизделген. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20211006/usaid-obyavil-o-novom-proekte-dlya-stran-tsentralnoi-azii-na-summu-19-millionov

2022-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстанда Soliq тиркемесинин жардамы менен сатып алуулардын суммасынын 1 пайызын кайтарып алууга болот. Бул бүгүн кол коюлган президенттин “Чекене соода жана кызмат көрсөтүү жаатында контролдук-кассалык техникаларды колдонууну жакшыртуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомунда каралган. Кененирээк: https://nuz.uz/sobytiya/1209995-s-2022-goda-pokupatelyam-budut-vozvrashhat-1-proczent-ot-summy-pokupok.html 

Казакстанда 14-октябрдан баштап Elorda Jastary аттуу жаштарга арналган атайын турак-жай программасына катышууга арыздар кабыл алына баштайт. Бул туурасында борбор калаанын акими Алтай Кульгинов билдирди. "Борбор калаада жаштарга арналган Elorda Jastary аттуу атайын турак-жай программасын баштап жатабыз. Бул жеңилдетилген социалдык насыя берүү боюнча турак-жай программасы  борбордо иштеген жаш адистерге арналган. Мисалы, саламаттсыкты сактоо, билим берүү, социалдык, маданият жана спорт тармагында иштеген кызматкерлер, ЖОЖдордун мугалимдери, ИИИ, полиция департаменти, ӨКД, коммуналдык ишканалардын профилдик кызматкерлери, Нур-Султан шаарында жетим балдар категориясы боюнча  туракка кезекте тургандар ж.б.”, - деп жазган аким өзүнүн Instagram баракчасында Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/s-14-oktyabrya-v-nur-sultane-nachinaetsya-priyom-zayavok-po-molodyozhnoj-zhilishnoj-programme 

COVID-19 пандемиясы балдар менен өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгына өтө терс таасирин тийгизиши мүмкүн, анын кесепети көп жылдар бою, ондогон жылдарга чейин уланышы ыктымал. Бул туурасында дүйнөдөгү балдардын абалы боюнча ЮНИСЕФтин жылдык докладында айтылат, деп билдирет «Новости ООН». Соңку малыматтар боюнча, дүйнөдө 10-19 жаштагы кеминде жети баланын бири диагнозу коюлган психикалык бузулуулар менен жабыркайт. Жыл сайын 46 миң өспүрүм өз    жанын кыят, суицид бул курактагы өлүмгө алып келген негизги беш себептин бири болуп саналат. Буга карабай, докладдын авторлору белгилегендей, дүйнө жүзүндө психикалык саламаттыкты камсыздоого кеткен чыгымдар улуттук саламаттыкты сактоо бюджетинин 2 пайызынан ашпайт. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/209362_yunisef_preduprejdaet_obuhudshenii_psihicheskogo_zdorovya_detey_iz-za_pandemii_/ 

Казакстан мажилиси (парламенттин төмөнкү палатасы) түзөтүүлөрдү кабыл алды, ага ылайык, визуалдык маалымат жайгаштырууда орус тилине которуу милдет эмес.

Мажилис визуалдык маалымат маселелери боюнча мыйзам долбооруна болгон түзөтүүлөрдү экинчи окууда кабыл алып сенатка жөнөттү. Депутат Берик Абдыгалиулы билдиргендей, түзөтүүлөрдө жарнамаларды жайгаштыруу, реклама, прейскурант, баалар, меню, жол көрсөткүчтөр ж.б. визуалдык маалыматты мамлекеттик  тилде, зарылдык болгон учурларда орус жана башка тилдерде жайгаштыруу маселеси каралган, эгер өлкө мыйзамдарында башке учурлар каралбаса. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-sobirayutsya-otmenit-trebovanie-ukazyvat-na-vyveskah-nadpisi-na-russkom-yazyke 

Технология

Кыргызстандын санариптик өнүгүү министрлиги компьютердик инциденттер менен алектене турган команда түздү. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы билдирүүдө. “Атайын бөлүмчөлөр компьютердик системаларды тестирлөө, киберкоркунучтарды аныктай турган атайын программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу, мындай окуяларды жөндөө жана мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун камсыздоо менен алектенет. Ошондой эле, команданын милдеттерине аналитикалык ишмердүүлүк, программалык камсыздоолордун катачылыктарын жана алсыз жактарын текшерүү да кирет”, - деп айтылат билдирүүдө. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/209690_vkyirgyizstane_sozdana_komanda_poreagirovaniyu_nakompyuternyie_intsidentyi/ 

Экология

Тажикстандын айлана-чөйрөнү коргоо Комитетинин кызматкерлери германиялык NABU экологиялык уюмунун жардамы менен Согди облусунун Ашт районунда аккунастардын бузулган уяларын калыбына келтиришти. Тажикстандын жаратылышты коргоо Союзунун башчысы Нурали Рахимов белгилегендей, мурда Тажикстандын бардык аймактарында кезикчү бул канатттуулар соңку он жылдыкта жоголуу коркунучуна кептелишти. Алар кызыл китепке киргизилген. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211007/v-tadzhikistane-vosstanavlivayut-gnezda-aistov

Жүздөгөн кызгылт фламинго куштары Казакстандын Актау шаарына алыс эмес жайгашкан Каракөл көлүнө учуп келишти. Канаттуулар Түркмөнстан жана Иранга кыштоо үчүн учуп баратып бул жерге токтошот. Бул көрүнүш жыл сайын кайталанып келет, ар жолу бул көркөм көрүнүш көздүн жоосун алат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/world/20211006/na-kazahstanskoe-ozero-karakol-priletela-staya-rozovih-flamingo

Озон тешиги тартылып бара жатканы байкалат, БУУ билдиргендей, бул озон катмарын буза турган заттарды колодонууну азайтуунун жыйынтыгы. Мындай заттарды өндүрүү жана колдонууга тыюу салуу Монреаль протоколунда бекитилген, аталган документ 1987-жылы кабыл алынып, бардык дүйнө өлкөлөрү тарабынан ратификацияланган эле. Бүгүнкү күндө мындай химикаттардын өндүрүшү 98 пайызга кыскарган. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211005/v-dushanbe-obsudili-voprosi-izmeneniya-klimata-i-ohrani-ozonovogo-sloya

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт, лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.