Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 02-09.08.2021-ж.

11.08.2021 • 04:07

Кымбаттуу досум!

Мен жана үй-бүлөм коронавирус менен ооруп калдык. Ошого байланыштуу сага өз убагында дайжест жөнөтө албадым. Кечирим сурайм!

Мен ооруп жатканда бир нерсени түшүндүм, баарынан кымбат – ден соолук экен, ошондуктан, өзүңөрдү жана жакындарыңарды коргогула! Аралыкты сактап, беткап кийгиле. Ошондой эле колду жууп же дезинфекция кылганды унутпагыла.

Азыр болсо Борбор Азия өлкөлөрүндө өткөн аптада кандай окуялар болуп өткөнүнө кезек берели.

 

Билим берүү

Казакстандык биринчи класстын окуучулары кайрадан "Букварь жана "Әліппе" менен окушат. Жаңы окуу китебин аларга сентябрда алышат. Китептер экспертизадан өткөрүлүп жана алтымыш мектепте сыналды. "Әліппе" жана "Букварь" мазмуну жагынан окшош. Ал китептер менен окуучулар окуганды жана жазганды гана үйрөнбөстөн, казак элинин салт-санаасын, үрп-адаттарын жана маданиятын да үйрөнүшөт. "Әліппе" белгилүү агартуучу Ахмет Байтурсыновдун методикасы боюнча иштелип чыкты – “оңойдон татаалды көздөй” принциби менен түзүлгөн. Алгач балдар тыбыштарды, тамгаларды, андан соң муундарды жана сөздөрдү үйрөнүшөт. Ар бир китеп QR код менен коштолот. Тиркеменин жардамы менен сабакты аудио-видеоформатта ойнотууга болот. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/pervoklassniki-snova-budut-uchitsya-po-bukvaryu-i-aelippe

Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги акча жыйноолорго байланышкан маселелерди чечүү үчүн жумушчу топ түзөт. Бул маселе көп жылдан бери эле коомдо карама-каршы пикирлерди жана ата-энелердин нааразылыгын жаратып келет. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирүүдө. Алардын маалыматы боюнча, жумушчу топко министрликтин кызматкерлери, ата-энелер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Жумушчу топ кылдаттык менен маселенин укуктук, финансылык, социалдык жана башка аспектилерин изилдеп чыгып, маселени чечүү жолдорун сунуштайт. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/203398_obyazatelnyie_shkolnyie_vznosyi_minobrazovaniya_sozdast_rabochuyu_gruppu/

Жаңы окуу жылында орто билим берүү мекемелеринде мектеп формасы милдеттүү мүнөздө болбойт, деп жазат Казакстандын билим берүү министри Асхат Аймагамбетов өзүнүн Facebook баракчасында. Окуучулар сабакка классикалык стилдеги кийим менен келсе болот. Министрлик тарабынан кабыл алынган бул чечимди карантиндик чектөөлөр менен түшүндүрүшүүдө жана пандемия учурунда соода борборлорунда ажиотаж жаратып, узак кезек күтүүлөрдү алдын алуу үчүн жасалууда, ошондой эле, өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар да эске алынды, айрым үй-бүлөлөр үчүн мектеп формасын сатып алуу үй-бүлөлүк бюджетке кыйынчылык алып келиши мүмкүн. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210803/v-kazahstane-otmenili-shkolnuyu-formu

Кыргызстандык окуучу юниорлор арасындагы Балкан мамтематика боюнча олимпиадасынан коло медалга ээ болду. Бул туурасында билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/203296_shkolnik_izkyirgyizstana_zavoeval_bronzu_nabalkanskoy_matematicheskoy_olimpiade/

19-августка чейин кыргызстандыктар гуманитрадык иликтөөлөргө жана жаштардын долбоордук демилгелерин колдоо боюнча академик Костамаров атындагы гранттык колдоо алуу сынагына катышууга  арыз бере алышат. Бул туурасында Мамлекеттик орус тил институтунан кабарлашты. Алардын маалыматы боюнча, эң мыкты делген 10 долбоордун ар бири 50 миң рубль өлчөмүндөгү грант алышат.  Жеңүүчү-авторлор өз долбоорлорун жактоого жана салтанаттуу тапшыруу аземине катышуу үчүн 2021-жылдын декабрында Москвага чакырылат. Кененирээк:  https://24.kg/obschestvo/202984_kyirgyizstantsyi_mogut_poluchit_rossiyskie_grantyi_naprosveschenie_inauku_/

Душанбеде, коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын чечими менен, вакцина албаган коомдук транспорттун айдоочуларына иштөөгө уруксат берилбейт. Ошондой эле, айрым борбордук ЖОЖдордо вакцинация сертификаты жок абитуриенттердин документтерин кабыл албай жатышат. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210807/v-tadzhikistane-u-ne-privitih-abiturientov-ne-prinimayut-dokumenti-dlya-postupleniya

Тажикстанда жогорку жана орто билим берүү мекемелерин тапшыруу экзамендери аяктады. Көпчүлүк студенттер контракттык негизде окууну тандап жатышат, анткени бюджеттик орундарга эң мыкты окуучулар, жеңилдиктери барлар ээ болууда жана бюджеттик орундар чектелүү. Улуттук тестирлөө борборунун басма сөз жыйынында жарыялаган маалыматтарына таянуу менен, жаңы окуу жылындагы суроо-талап эң көп болгон жана суроо-талапка ээ эмес адистиктердин рейтингин түзүп чыктык. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210804/tsentr-testirovaniya-tadzhikistana-obyavil-spisok-samih-zhelannih-spetsialnostei

Дене табы көтөрүлгөн жана коронавирус менен ооруган абитуриенттер үчүн Өзбекстанда кайра экзамен уюштурулат. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1205298-dlya-abiturientov-s-temperaturoj-i-koronavirusom-budet-organizovan-povtornyj-ekzamen.html

Адам укуктары

Human Rights Watch укук коргоо уюму Кыргызстандын президентин Жогорку Кеңештин депутаты Гүльшат Асылбаеванын “Жалган жана чындыкка дал келбеген маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамына вето коюуга чакырды. Мыйзам 29-июлда кайра добуш берүүнүн негизинде кабыл алынган. Кененирээк:

https://24.kg/vlast/203146_zakon_ofeykah_Human_Rights_Watch_prizyivaet_sadyira_japarova_nalojit_veto/

Түркмөнстан Сирия жана Эритрея менен бирге, пикир айтуу эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде дээрлик акыркы орунга ээ болушту, рейтинг британиялык "Article 19" уюму тарабынан жарыяланган. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31391401.html  

Социум

Европа Биримдиги Казакстандагы кургакчылыктан жапа чеккендерди колдоо максатында гуманитардык каржылоо катары 200 миң евро (100 млн тенге) берет, деп билдирет Казакстандагы ЕБ өкүлчүлүгү. Кененирээк:

https://informburo.kz/novosti/evrosoyuz-vydelit-200-tysyach-evro-v-kachestve-gumanitarnoj-pomoshi-zhertvam-zasuhi-v-kazahstane

Казакстанда 19 миллионунчу жашоочу катталды. Бул туурасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Twitter баракчасында билдирген. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-rodilas-19-millionnaya-zhitelnica

Өзбекстандык мигранттар мамлекеттен кандай финансылык жардам алышат? Кененирээк: https://nuz.uz/o-migracii/1205028-kakuyu-finansovuyu-pomoshh-ot-gosudarstva-poluchat-uzbekskie-trudovye-migranty.html

Экология

Душанбеде климаттын өзгөрүшү боюнча IV Борбор-Азиялык конференция өттү. Анын негизги идеясы – глобалдык орточо температуранын 1,5°С өйдө көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн Борбор Азия мамлекеттеринин биргелешкен аракеттерин ишке салуу. БА өлкөлөрү БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын катышуучуларынын 26-Конференциясына (COP-26) даярдык көрүшүүдө, аталган иш чара 2021-жылы ноябрь айында Глазго шаарында өтөт. Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (РЭЦЦА) Борбор Азия өлкөлөрүнүн жалпы аймактык павильонун сунуштайт. Мындан тышкары, улуттук деңгээлде да, жалпы аймактын өлкөлөрүндөгү айрым объектилердин деңгээлинде да, климаттык тобокелчиликтерди жана кооптуулуктарды баалоо жана ыңгайлашууну пландоонун негизги чаралары даярдалат. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210806/v-tsentralnoi-azii-predlagayut-sozdat-hab-po-resheniyu-klimaticheskih-voprosov

Борбор Азия: кургакчылык уланууда, кырдаал курчуп барат. Эмне үчүн? Бул жерден оку: https://rus.azathabar.com/a/central-asia-drought-anger/31387997.html

Дезинформация

Covid-19ду самолет менен чачуу жөнүндөгү фейк роликтин авторуна 3 миллион теңге өлчөмүндөгү айып пул салынышы мүмкүн.  Таратылган роликте самолеттор жана анын жанындагы цистерналар чагылдырылган, ал цистерналарда “коронавирус” бар деп айтылат. Чынында андай эмес. Кененирээк:

https://informburo.kz/novosti/v-turkestanskoi-oblasti-zaderzali-muzcinu-snyavsego-rolik-o-raspylenii-covid-19-s-samolyotov

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.