Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 7-14 -  февраль, 2022-ж.

15.02.2022 • 06:19

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия мамлекеттеринде болуп өткөн маанилүү окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кетик анда! 


 

Билим берүү

 

Өзбекстандын мектептеринде баалоо системасы келерки окуу жылынан баштап өзгөртүлөөрүн Республикалык билим берүү борборунун басма сөз катчысы Мохира Нуруллаева бирифингде билдирди. Бул туурасында Sputnik жазып чыкты. Кененирээк: https://anhor.uz/news/marks/ 

 

iCode - IT тармагындагы суроо-талапка ээ адистиктерге кыздарды окутууга арналган социалдык долбоор. Бүгүнкү күндө IT тармагында аялдарга караганда, эркектер басымдуулук кылат. IT кыздар үчүн эмес, бул эркектерге ылайыктуу кесип деген стереотип бар. Көптөгөн кыздар курстан окуп, программалоо жаатында адис боло алаарынан күмөн санашат. Ушул себептен  IT багытындагы үч алдыңкы мектеп iCode долбоорун башташты. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220210/v-tadzhikistane-zapustili-besplatnii-kurs-po-ios-razrabotke-dlya-devochek

 

Финансы рыногунда эмнелер болуп жатат? Жеке финансыны кантип башкаруу керек? Кандай кагаздарды сатып алуу керек? Кантип коротконду токтотуп, акча топтош керек? Бул туурасында блогерлер айтып беришет. Биз 12 пайдалуу каналды тандап койдук. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220213/12-telegram-kanalov-o-finansovom-i-investitsionnom-sektorah-v-tsentralnoi-azii-i-sng

 

Адам укугу 

turkmen.news булактары билдиргендей, Түркмөнстанда түстүү жана кара беткаптарды кийүүгө тыюу сала башташты. Бир аз күн мурда Туркмөнабадда чиновниктерге жана мектеп окуучуларына респиратордук инфекциядан коргонуу үчүн каалаган беткап эмес, жалаң гана ак түстөгү беткап кийүү керектиги жарыяланды. Мындай чечимдин себеби айтылбайт. Кененирээк: https://turkmen.news/black-face-masks-banned/ 

 

Түркмөнстанда интернет-колдонуучулар тармакка кирүүдө дагы деле кыйынчылык тартып жатышат. Интернеттин ылдамдыгы төмөн болгондуктан ВПН сервисине кошула алышпайт. Соңку убактарда уюлдук интернет да дээрлик иштебейт. Бул туурасында 8-9-февралда Азатлыктын Түркмөнстандагы кабарчылары билдиришти. Ушул күндөрү өлкө бийлиги жакындап келе жаткан Халк Маслакатынын жыйынына кызуу даярдык көрүшүүдө. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31694427.html 

 

Казакстандын прокуратурасы январь окуяларында каза болгондордун аты-жөнүн жарыялоодон баш тартты, деп билдирет  Фергана. 

Укук коргоочу жана жарандык активист Бахытжан Торегожина анын жиберген суроосуна мекеменин берген жообун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. Анда РК кылмыш-жаза кодексинин 201 беренсине ылайык (“Соттук териштирүүгө чейин маалыматтарды ачыктоого жол берилбестиги”) бул маалыматтар “азыркы учурда ачыктаганга болбой турган маалыматтар” экени айтылган.  Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220208/v-kazahstane-otkazalis-nazvat-imena-pogibshih-v-yanvare

 

Глобалдык деңгээлдеги маалыматтарга ылайык, бардык Интернет колдонуучулардын үчтөн бир бөлүгүн 18 жашка чейинки балдар түзөт, ар бир жарым секунд сайын бир бала биринчи жолу Интернетке кирет. Дүйнөдө барган сайын көп балдар жана өспүрүмдөр маалыматтык жана коммуникациялык технологияларга жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышат. Өзбекстан да мындан четке калган жок. COVID-19 пандемиясы бул процессти тездетип, балдар менен чоңдорду тармакта мурдагыдан да көбүрөөк убакыт өткөрүүгө түрттү, деп билдирет ЮНИСЕФ. Кененирээк: https://anhor.uz/news/protecting-children/ 

 

Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны иликтөө боюнча эл аралык долбоор (OCCRP) Кыргызстан өкмөтүнүн эркин прессага кысым көрсөтүүсү өсүп жатканына тынчсызданусун билдирет. Бул туурасында OCCRP долбоору өз билдирүүсүдө белгилеген. OCCRP эскертет, OCCRP кызматкери Болот Темиров жасалма айып тагуу менен баңги затын сактаган деп кармалган. Ал эми Facebook тармагындагы анонимдүү баракчалар анын компьютеринен алынган жеке маалыматтарды жарыялап, долбоордун кызматкерин аны каралай турган видеону жарыялайбыз деп шантаж кылышкан жана атайын кызмат тарабынан аларга кысым көрсөтүлгөн деп белгилейт OCCRP. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/454395_occrp_osyjdaet_rastyshee_davlenie_gosydarstva_na_nezavisimye_smi_v_kyrgyzstane.html 

 

Социум 

 

Феминитивдер коомдо аялдарды көзгөр көрүнгөндөй кылат деп эсептешет айрым кыз-келиндер. Бирок, аларды речте колдонуу көп адамдардын сарказмдан тартып күчтүү кыжырдануусун жаратууда.

Феминитивдер (же феминативдер) – бул аялдарга таандык зат атоочтор, эркектерге таандык зат атоочторго альтернатива катары кызмат кылат. Көбүнчө алар ишмердүүлүктүн түрүн же кесипти сүрөттөөгө колдонулат. Бул жаңы көрүнүш эмес. Феминитивдер орус тилинде XI–XVII кылымдарда эле колдонулуп келген, биринчи аял-эркектер бирдей аркалаган кесиптер пайда боло баштаганда эле.

Көптөрдүн эсинде болсо керек «Бонк китеби» - көптөгөн муун окуган англис тили боюнча окуу куралы. 2020-жылдын 21-ноябрында бул легендарлуу китептин автору аял экени белгилүү болду. Анын көзү өткөндөн кийин гана Н. А. Бонк – бул Наталья Александровна Бонк экени маалым болду. Эгер китепти жазган автор эмес, авторка экенин билишкенде анын фамилиясын орус тилинде эркекке таандык фамилия катары жөндөшмөк эмес. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220211/kogda-ona-zhurnalistka-blogerka-oratorka-zachem-zhentshinam-nuzhni-eti-okonchaniya

 

Өзбекстандык режиссер Михаил Бородиндин  COTTON 100% тасмасы «Артдокфест» документалдык тасмалар фестивалынын негизги конкурстук программасына кирди. Тасмада пахта талааларындагы мажбурлап эмгекке тартуу туурасында баяндалат. Жана эки каарман аял туурасында айтылат, алардын бири пахта терүүчүлөрдүн укугун коргойт, экинчиси айыл жашоосунун кыйынчылыктары менен күрөшөт. Тасма туурасында жана ал эмне үчүн көп жылдар бою актуалдуу болоору жөнүндө «Фергана» басылмасына тасманы түзүүчүлөрдүн бири Тимур Карпов айтып берген. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220210/v-uzbekistane-snyali-dokfilm-o-prinuditelnom-trude-on-popal-artdokfest



 

Абалай, шылуундар!

 

Казакстанда кайрымдуулук уюмдардын бирдиктүү реестрин колдонуу менен алардын атына насыя алуу менен алектенген шылуундар күч алууда, бул туурасында “Казакстан элине” фондунун басма-сөз кызматы билдирди. Бир нече күндүн ичинде бул боюнча “Атамекен” ишкерлер улуттук палатасына 436 арыз түшкөн. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/cvetnye-medicinskie-maski-zapretili-v-turkmenistane 


 

Технология

 

2021-жылдын ноябрь айында Казакстандын улуттук төлөм системасынын компонеттери пилоттук режимде ишке киргизилген, деп билдирет Казакстандын Улуттук Банкынын төрагасы. Казакстанда улуттук төлөм системасын 2022-жылы 1-июлда ишке киргизүү пландалуда. Бул туурасында Улуттук Банктын төрагасы Галымжан Пирматов өкмөттүн кеңири жыйынында билдирди. 2021-жылдын ноябрь айында Казакстандын улуттук төлөм системасынын компонеттерин пилоттук режимде ишке киргизилген -  карталык транзакцияларды иштеп чыгуучу төлөм карталарынын банктар аралык системасы жана уюлдук онлайн-төлөмдөрдү тейлөө үчүн тез төлөм Системасы. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/nacionalnuyu-platyozhnuyu-sistemu-v-kazahstane-polnostyu-zapustyat-k-1-iyulya-2022-goda 

 

Экология 

New Scientist журналы түзгөн тизме боюнча метанды ашыкча бөлүп чыгаруу боюнча Түркмөнстан биринчи орун алды. Спутниктен алынган маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн изилдөөнун жыйынтыктары 3-февралда жарыяланган. Кененирээк: https://turkmen.news/turkmenistan-metan-sverhvysokiy/ 



 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.