Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 25-31 – июль, 2022-ж.

29.07.2022 • 16:38

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Эне тил жана математика боюнча жаңы окуу китептер Өзбекстандын эки регионунда киргизилүүдө. АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча Агенттиги (USAID) Өзбекстандын элдик билим берүү Министрлигине 500 миң жаңы заманбап окуу китебин жана мугалимдерге колдонмолорду өткөрүп берди. Окуу материалдары 1-4 – класстарда эне тили жана окуу сабаттуулугуна, ошондой эле математиканы үйрөтүүдө колдонулат.  Китептер USAID, элдик билим берүү министрлиги жана Республикалык билим берүү борборунун өнөктөштүгү аркасында иштелип чыкты. Жаңы окуу китептери Наманган жана Сырдарыя облустарынын 919 мектебинде 2022-2023 – окуу жылында сыноодон өткөрүлмөкчү. Кененирээк: https://anhor.uz/news/textbooks-new/ 

 

Өзбекстанда бирдиктүү мектеп формасы акырындык менен 2025-жылга чейин киргизилмекчи. Жаңы окуу жылынан баштап бирдиктүү мектеп формасы милдеттүү түрдө талап кылынбайт. Жаңы процесске көнгөнгө убакыт талап кылынаары эске алынып, бирдиктүү мектеп формасы 2025-жылга чейин акырындык менен киргизлет. Бул туурасында элдик билим берүү министри Бахтиер Саидов брифингде билдирди. Кененирээк: https://anhor.uz/news/new-uniform/ 

 

Тажикстандын жождоруна дээрлик 58 миң абитуриент тапшырды. Улуттук тестирлөө борбору 25-июлда өлкө жождоруна кирүү боюнча борборлошкон сынактардын болжолдуу жыйынтыгын чыгарды. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220726/v-tadzhikskie-vuzi-postupili-pochti-58-tis-abiturientov

 

Надира Жусупбекова Кыргызстандын билим берүү министрлиги кандай мектеп формасын сунуштап жатканына жооп берди. Министрлик ата-энелерге классикалык мектеп формасын алууга кеңеш берет. Бул туурасында мамлекеттик органдардын жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы боюнча өткөн 25-июлдагы пресс-конференцияда билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/464147_nadira_djysypbekova_otvetila_kakyu_shkolnyu_formy_rekomendyet_minobrazovaniia.html 

 

Алматы мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү мектеп формасы киргизилеби. Шаардык билим берүү башкармалыгынан жаңы окуу жылында мектеп формасы кандай болушу керектигинин айтып беришти.  Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/vvedut-li-edinuyu-formu-dlya-shkolnikov-v-almaty 

 

Казакстандык мектеп окуучулары эл аралык олимпиадаларда 21 медалга ээ болушту. Курама команданын куржунунда үч алтын, 13 күмүш медаль бар. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/21-medal-zavoevali-kazahstanskie-shkolniki-na-mezhdunarodnyh-olimpiadah 


Казакстандык студенттер илимий ишти жактабай туруп диплом ала алышат. Эми дипломдук иш жазгандын ордуна студенттер өзүлөрү ишке ашырган жеке долбоорун же ойлоп тапкан ачылышын сунуштай алат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazaxstanskie-studenty-smogut-polucit-diplomy-bez-zashhity-naucnyx-rabot 

 

Адам укугу

Кыргызстанда 100 миңден ашуун баланын ата-энеси миграцияда. Ата-энеси эмгек миграциясына тартылган 100 миң 174 бала бар экени аныкталган. Алардын ичинен 79 миң 805 жашы жете элек баланын атасы жана апасы сыртта жүрөт. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31958607.html 

 

Казакстан бийлиги соцтармактарды көзөмөлдөө боюнча жаңы укуктарга ээ болушту. Алардын ичинде – “терроризмди каржылоо ыктымалдуулугуна” мониторинг жүргүзүү. Казакстан өкмөтү маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигине жаңы укук берген, анын ичинде мессенжерлер менен соцтармактардын ишине чектөө коё ала турган укук берген токтомго кол койду. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31965320.html 

 

CPJ Тажикстан бийлигин көз карандысыз тажик журналисти Анора Саркоровага кысым көрсөтүүнү токтотууга жана өлкөдөгү окуяларды эркин чагылдырууга тоскоол болбоого чакырды. 29-июнда жарык көргөн CPJ билдирүүсүндө, журналисттин маалымат булактарын табыш үчүн анын туугандарын камакка алуу Тоолуу Бадахшан автономдук облусундагы окуяларды көз карандысыз түрдө чагылдырууга тоскоолдуктарды жаратуу аракети катары бааланган. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31923208.html 

 

Тажикстандын дин иштери боюнча комитети: “Биз камакка алынган журналисттердин иши боюнча экспертиза жүргүзгөн жокпуз”. Дин иштери, салт-санааларды тартиптештирүү боюнча комитетинен билдиришкендей, көпчүлүгү экстремизмге же өлкөдө тыюу салынган партия жана кыймылдар менен кызматташкан деген айып менен кармалган тажик журналисттерине байланыштуу диний экспертиза жүргүзүлгөн эмес. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220725/komitet-po-delam-religii-tadzhikistana-mi-ne-provodili-ekspertizu-po-delu-arestovannih-zhurnalistov

 

"Чек арасыз Репортерлор" Тажикстанды кармалган журналисттерди тезинен бошотууга чакырды. “Төрт көз карандысыз журналисттин кармалышын “Чек арасыз Репортерлор” экстремисттик уюмдар менен байланышы бар деген “жасалма” түрдө тагылган айып менен куугунтуктоо деп аташты. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220729/reporteri-bez-granits-prizvali-tadzhikistan-nezamedlitelno-osvobodit-zaderzhannih-zhurnalistov

 

"Баңгиге караганда пайдалуураак". Кыргызстандыктар кантип кулчулукка туш болууда. Адам сатуунун курмандыгы болуп калуудан эч ким корголгон эмес. Адам сатуу – кулчулуктун заманбап формасы, миграциянын деңгээли жогору болгонуна байланышуу Кыргызстанда бул маселе актуалдуу. Мындай кылмыштарды аныктоо жана аларга кабылгандар менен иштөө абдан кыйын экенин белгилешет эксперттер. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/464194_vygodnee_chem_narkotiki._kak_kyrgyzstancy_popadaut_v_rabstvo.html 

 

Социум

Макулатура өткөрүп – жаныбарларга жардам бер: Нур-Султанда жаныбарларды коргоо боюнча акция башталды. Аны Казакстандын бардык шаарларында өткөрүү пландалууда. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/sdal-makulaturu-pomog-zhivotnym-akciya-dobrye-lapy-startovala-v-nur-sultane 

 

Казакстандыктар мамлекеттик мекемелердин ишине нааразы. Жарандар тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтарынын ишинин сапатына гана канагаттанганын билдиришкен. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/kazaxstancy-okazalis-nedovolny-rabotoi-gosudarstvennyx-vedomstv 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.