Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 24-31- январь, 2022-ж.

01.02.2022 • 04:45

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлколөрүндө болуп өткөн орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 


 

Билим берүү

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча видеоселектордук жыйналыш болуп өттү. Мындан ары мектептер салынып, активисттердин, ата-энелердин жана коомчулуктун көзөмөлүнө берилет, мамлекет башчынын бул сөздөрүн басма-сөз катчысы Шерзод Асадов бөлүшкөн. Шавкат Мирзиёев мектептердеги билим берүүнүн кемчиликтерин жана көйгөйлөрүн санап өттү. Бүгүнкү күндө 1695 мектеп өлкө боюнча капиталдык ремонтко муктаж. 179 мектеп курулууда, 3000ден ашуун мектеп кошумча курулуштарга муктаж. Ошондой эле, жаңы конуштар салынып, айыл инфраструктурасы кеңейип, калктын санынын көбөйгөнүнө байланыштуу дагы 270 мектеп куруу керек. Кененирээк: https://anhor.uz/news/building/ 

 

28-январда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча видеоселектордук жыйын өтүп, анда элдик билим берүү министринин Фонду түзүлөөрү айтылды. Алгачкы этабында Фондко бюджеттен 300 миллиард сум бөлүнөт. Бул каражаттар алдыңкы педагогикалык технологияларды киргизген мугалимдерди жана жогорку жетишкендиктерге жетишкен окуучуларды колдоого жумшалат.  Ар бир облуста “мобилдүү методикалык топтор” түзүлүп, алардын курамына педагогикалык жогорку окуу жайларынын, академиялык лицейлердин жана атайын адистешкен мектептердин окутуучулары кирет. Алар билим сапаты төмөн болгон мектептерге барып, педагогдорго жаңы методикаларды өздөштүргөнгө жардам беришет. Бул үчүн алар айлыктарына кошумча каражат алышат. Кененирээк: https://anhor.uz/news/fund-education/ 

 

Казакстандыктар үчүн “Болашак” программасы боюнча билим алууга боло турган жогорку окуу жайлардын тизмесине ММУ, Бауман атындагы ММТУ жана башка Москванын жана Санкт-Петербургдун топто турган окуу жайлары киргизилди. Россиянын топто турган техникалык университеттери “Болашак” программасы боюнча билим алууга боло турган чет өлкөлүк жождордун тизмесине кирди, деп билдирет билим берүү жана илим Министрлиги. Эми казакстандыктар техникалык багыттар боюнча Николай Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинде, “МИФИ” Улуттук изилдөө ядердик университетинде, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде жана Москва физика-техникалык институтунда билим ала алышат. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/topovye-tehnicheskie-universitety-rossii-vklyuchili-v-spisok-programmy-bolashak 

 

Казакстандын педагогикалык багытында билим алып жаткан студенттери 58 миң теңгеден алып башташат, башка багыттагылар 37 миң теңгенин тегерегинде алышат. 1-сентябрдан баштап  казакстандык студенттердин стипендиялары 20%га, ал эми магистранттар менен докторанттардын стипендиялары 15%га көбөйөт, деп билдирет Казакстандын билим берүү жана илим Министрлигинин басма-сөз кызматы. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/s-1-sentyabrya-studentam-kazahstanskih-vuzov-povysyat-stipendiyu-na-20 

 

Бишкекте (Кыргызстан) мектеп окуучулары үчүн коомдук транспортто жол кире акысын төмөндөтүү сунушталууда. Бул сунушту Бишкек шаардык кеңешиндеги “Ынтымак” фракциясынын лидери Казыбек Эргешов киргизди.

Коммуналдык кызматтар, транспорт, коммуникация жана экология боюнча комиссиянын жыйынында ал көп үй-бүлөлөр үчүн жол кире көтөрө алгыс чыгым болуп жатканына шаардыктар арызданып жатканын билдирди. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/453538_v_bishkeke_predlagaut_snizit_tarif_na_proezd_dlia_shkolnikov.html 

 

Адам укугу 

 

Түркмөнстан бийлиги Түркмөн мамлекеттик архитектура-курулуш институтунун студенттеринин телефондорун текшерүүдө. Студенттерди Азатлык радиосунун, жана башка тыюу салынган басылмалардын сайттарына, соцтармактарга киргени үчүн окуудан чыгарабыз деп коркутуп, улуттук коопсуздук Министрлиги менен кызматташууга мажбурлап жатышат. Бул туурасында Азатлык радиосунун кабарчысына жогорку окуу жайдын студенттери билдиришкен. Кабарчыбыздын билдирүүсүндө, телефондорду текшерүү УКМ кызматкерлеринин, окуу жайдын жетекчилиги жана окутуучуларынын катышуусунда 21-январда өткөн. Алар аудиторияларга эскертүүсүз кирип келип, студенттердин телефондорун алып кетишкен. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31673035.html 

 

Биротоло Россияга туруктуу жашаганга кетүүнү пландап жаткан кош жарандыкка ээ түркмөнстандыктар бир катар кыйынчылыктарга туш болушууда. Түркмөнстан бийлиги кетип жаткан мекендештерин түркмөн жарандыгынан баш тартууга мажбурлап жатышат. Кош жарандыгы бар түркмөнстандыктар бийлик тарабынан түзүлүп жаткан кыйынчылыктар туурасында Азатлык радиосунун кабарчысына айтып беришти. “Түркмөнстан бийлиги Россияга көчүп кетип жаткан түркмөнстандыктардан Түркмөнстандын жарандыгынан баш тартууну талап кылып жатышат. Оозеки түрүндөгү мындай талаптын себебин бийлик түшүндүрбөйт. Көпчүлүгү баш ийүүгө аргасыз болуп, өлкөдөн чыгып кетүү үчүн жарандыктан баш тартууга аргасыз болушууда”, деп айтып берген биздин кабарчыга кош жарандыгы бар Ашхабад тургуну. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31669900.html 

 

Түркмөн бийлиги жарандардын эркин маалымат алуу укугун чектөөнү улантып жана өлкө сыртында жашаган түркмөн активисттерин каралоо кампаниясын күчөтүүдө. Мары велаятында бийлик жаштар менен иштөөгө аксакалдарды тартып жатышат, аксакалдар жаштарды Интернеттеги өкмөткө каршы билдирүүлөргө байкоо салып келген теңтуштарын ачыктап берүүгө чакырышууда. Бул туурасында Марыдагы Азатлык кабарчысы билдирүүдө. Кабарчы Марыдагы жогорку класстын окуучуларына жана студенттерге шилтеме кылуу менен кабарлап жатат, мектептерде, атайын орто жана жогоркуу окуу жайларда жыйындар өткөрүлүп, аксакалдар жана молдолор жаштар менен түшүндүрүү маектерин өткөрүп жатышат. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31676536.html 

 

Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу менен Турциядагы өзбек аялдарынын укугун коргоо үчүн түзүлгөн өзбек аялдарынын укугун коргоо Ассоцациясы ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду, деп билдирет  «Дунё» МА. Кызматташтыктын натыйжасында кыска мөөнөттүн ичинде активдүү жарандардын колдоосу менен 30 аялга даректүү жардам көрсөтүлгөн. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220124/307714


 

Жаныбарлардын укугу

 

Эки күндүн ичинде Ашхабадда (Түркмөнстан) ондогон иттер кармалып жана атылды. Азатлык кабарчысы жана Ашхабаддагы жаныбарларды коргоочулар билдиргендей, кармоо кызматтары алардын алдына коюлган планды аткаруу үчүн, айрым учурларда кожоюндарынан иттерин тартып кетип жатышат. Ашхабаддагы кезектеги үй жаныбарларын кыруу толкуну бийликтин Халк Маслахатына даярдык көрүп жаткан учуруна туш келди. 

Кароосуз жаныбарларды кармоо менен алектенген мекемедеги булактын айткандары боюнча, план боюнча 50 ит кармап келиш керек. Кармалган жаныбарларды Ашхабаддын четиндеги таштанды иштете турган заводдун аймагындагы ангарда жайгашкан кабыл алуучу жайга алып барышат. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31672117.html 

 

Социум

Түркмөнстанда азык-түлүк кризиси курчуп барат. Коммерциялык баалардын өсүшү менен субсидияланган баалар да көтөрүлдү, ал тургай субсидияланган азык-түлүк деп коюп, калкка базар баасынан жогору болгон товарларды сунушташууда. Ал ортодо нан жана ун сатып алууга да мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө. Ашхабад жашоочулары кезектеги азык-түлүк паегун алышты, баасы мурдагыдан жогору. Субсидияланган мамлекеттик баа менен сунушталган азык-түлүк паегунун баасы бул жолу базар баасынан да кымбат болуп чыкты. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31675667.html 

 

2022-жыл “Калктын Аркадаг менен доору” деп жарыялангандан кийин Түркмөнстан бийлиги бул лозунгду жайылтууга олуттуу түрдө киришишти. Салык кызматынын кызматкерлери жана полиция ушул күндөрү Лебап велаятындагы жеке дүкөндөргө жана маркеттерге рейд өткөрүшүүдө. Соода жайларынын кожоюндарынан жергиликтүү өндүрүштүн товарларына “Калктын Аркадаг менен доору” деген чаптагычтарды тагууну талап кылышууда. Лебаптагы Азатлык кабарчысы билдиргендей, жеке дүкөндөргө баш баккан салыкчылар менен полиция кызматкерлери андай жазуулары жок товарларды текчелерден алып салууну талап кылышууда. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31673040.html 

 

Тажикстандын мамлекеттик кызматкерлери өз кирешелери жана мүлктөрү туурасында декларация тапшыра баштады. Тажикстан Республикасынын  президентинин алдындагы мамлекеттик кызмат Агенттигинин маалыматы боюнча, республикада мындай адамдардын саны 2000ге чукулдайт.

Республиканын азыркы мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик кызматкерлер 1-апрелге чейин жергиликтүү салык органдарына киреше салыгы туурасында жана мүлкү боюнча декларация өткөрүүгө тийиш. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/power/20220128/v-tadzhikistane-pristupili-k-sboru-svedenii-o-dohodah-i-imutshestve-goschinovnikov

 

Өзбекстан 2021-жылы коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык Transparency International  уюмунун индекси боюнча 6 орунга өйдө көтөрүлдү (2020-жылга салыштырганда). Бул туурасында UzNews жазып чыкты.

Өзбекстан 100дөн 28 упай топтоп, 180 өлкөнүн ичинен 140-орунга чыкты. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы жыйынтык Казакстандыкы – 102-орун (37 упай). Кыргызстан 27 упай  менен 144-орунда, Тажикстан 25 упай менен 150-орун, Түркмөнстан 19 упай менен 169-орунда.  Алдыңкы орундагы өлкөлөр Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия (88 упай), андан кийин Норвегия, Сингапур жана Швеция турат (85 упай). Рейтингди Түштүк Судан жабат, 11 упай менен. Кененирээк:  https://anhor.uz/news/corruption-index/ 


 

Технология

Тажик сегментиндеги эң популярдуу уюлдук тиркемелер аныкталды. Аталган рейтинг 2021-жылы Android жана iOS платформаларынан эң көп жүктөөлөрдүн саны менен аныкталган. Ар бир платформанын өзүнүн лидерлеринин тизмеси бар. “Андроиддик” смартфондордун кожоюндарында 2ден 5ке чейин орундарды «Expresspay», «Somon Объявления», «AlifMobi» жана «Эсхата Онлайн» ээледи. iOS үчүн ТОП-5 мындай тартипте: «Somon Объявления», «DC Wallet», «Alif Mobi», «Formulla 55». Эки рейтингдин тең лидери «МегаФон Life». Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220125/top-5-prilozhenii-tadzhikistana

 

Словакиялык Klein Vision компаниясы өзүнүн AirCar аэромобилин ийгиликтүү сынактан өткөрүп, өлкө бийлигинен учууга уруксат бере турган расмий сертификат алды. Бул туурасында CarScoops маалымдады. Эң биринчи реалдуу иштей турган аэромобилди иштеп чыгууга дээрлик эки жыл жана ушунча эле миллион евро жумшалган. AirCar өзүнүн биринчи учуусун 2020-жылы ишке ашырган. Учууга расмий лицензия алыш үчүн учуучу автомобилге 70 саат сынак талап кылынган. Эми болсо массалык өндүруш алыс эмес. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/453529_letaushiy_avtomobil_aircar_s_motorom_bmw_polychil_licenziu_na_polety_nad_evropoy_video.html

 

25-январда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жашоочулары бир нече саатка электр энергиясын калышты. Мунун себеби такталууда. Ал эми Kaktus.media бул кризисти үч өлкөнүн өкмөтү кандайча түшүндүргөнүн окуп чыгууна сунуштайт. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/453413_kak_pravitelstva_treh_stran_prokommentirovali_energeticheskiy_kollaps.html 

 

 

Экология 

 

Бүгүн биз коргоочу озон катмары жана глобалдык климаттык система темасын Монреаль протоколуна киргизилген Кигали түзөтүүлөрүнүн контексинде талдайбыз. Озон катмары – бул Жерди күндүн зыяндуу нурларынан сактап турган жана планетага жашоо берип турган жука газ калканы. Ал Жердин үстүндө 10дон 5-км чейинки бийиктикте тараган. Эгер бул катмар жукарып кетсе, бул жалпы биосфера үчүн, тирүү жандыктардын бардыгы үчүн кооптуу. Ультракызгылт нурларынын адамга түз тийиши тери рак оорусун пайда кылышы мүмкүн, сокур болуу жана башка ооруларга алып келет.

Уникалдуу жаратылыштык жана климаттык шарттарга ээ Тажикстан Республикасы Борбор Азияда өзгөчө орунду ээлейт. Республика жаратылыштык ресрустарга бай. Тажикстан деңиз денгээлинен 300дөн 7495 м чейинки бийиктикте жайгашкан. Тажикстандын аймагынын 93%ын тоолор эллейт, калктын көп бөлүгү бийик тоолуу аймактарда жашайт, бул аймактарда ультракызгылт нурлардын зыяндуу өлчөмү түз жерлерге салыштырмалуу жогору. Ошондуктан тоо массивдерин коргоо курч маселелерден, анткени турукташып калган тең салмактуулуктун өзгөрүшү бир гана аталган аймак үчүн эмес, жалпы Евро-азиялык субконтинент үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/20220124/kak-v-tadzhikistane-zatshitshayut-ozonovii-sloi-i-pochemu-eto-vazhno



 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.