Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 21-28 февраль, 2022-ж.

01.03.2022 • 05:57

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү маанилүү окуялардын дайжестин сунуштайм. 

Кеттик анда! 


 

Билим жана илим 

Хужандда жеке университет пайда болду, ал жактан 23 адистик боюнча билим алууга болот, Рудаки педагогикалык колледжи кондитердик өнөрдү да үйрөтүп баштагандыктан, эми “техникалык-педагогикалык” колледж болуп аталып калды, кытай тилин эми Бохтарда үйрөнүүгө болот, ал эми жасалма интеллектке Кулябда окутушат. Тажикстан президентинин алдындагы улуттук тестирлөө борбору 2022-2023-окуу жылына карата жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерине студенттерди кабыл алуу кабыл алуу пландары өзгөргөнүн билдирүүдө. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220223/v-tadzhikistane-proizoshli-izmeneniya-v-plane-priema-abiturientov

 

Өзбекстандын инновациялык өнүгүү Министрлигинин окумуштуулары SARS-CoV-2 илдетине карата антителага ээ сүт алуу ыкмасын табышты, алар адамдарга арналган ZF-UZ-VAC2001 вакцинасын уйлар менен эчкилерге үч жолу сайышкан, деп билдирет Озодлик.

Окумуштуулар мындай сүт ичүү калкты аз болсо да COVID-19 илдетинен коргойт деп үмүттөнүшүүдө, деп билдирет министрликтин басма-сөз кызматы. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220223/uchenie-iz-uzbekistana-sozdali-moloko-dlya-profilaktiki-koronavirusa

 

Тажикстандын ар кайсы аймактарынан келген биздин бардык 5 каарманыбыз 2021-жылы БУУӨП колдоосу менен ишке ашкан “Бейпил Тажикстан үчүн жаштардын потенциалын күчтөндүрүү” долбоорунун алкагында бизнес-мектепте билим алышты. Аталган курстарда алар өзүлөрүнүн ишкердик көндүмдөрүн жакшыртышты. Эми алар кайсы багытка бет алуу керектигин, кандай долбоорлорду ишке ашыруу керектигин жакшы билишет. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220222/molodie-i-ambitsioznie-5-istorii-uspeha-vipusknikov-biznes-shkoli

 

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоолорго даярдык көрүү уланууда, буга байланыштуу Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университетинин студент кыздарына добуш берүүгө катышуу үчүн улуттук кийим сатып алууну талап кылышкан. Ал ортодо президенттикке талапкерлерди каттоо жүрүп жатат. Президент Гурбангулы Бердымухамедов кызматынан кетүү боюнча 11-февралда жасаган билдирүүсүнөн кийин, мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган болчу. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31718331.html 


 

Социум 

Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата (Россияда жана айрым постсоветтик өлкөлөрдө майрамдалат) Сантк-Петербург шаарындагы активисттер Дарья Холодова, Ася Сеничева, Любовь Чернышева, Анастасия Головнева, Анастасия Новкунская жана Таша Беляева-Пичугина атайын карточкаларды даярдашкан. "Эркек болууну талап кылбоо – 23-февралга карата эң мыкты белек,” – деп эсептешет активисттер. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/387094_feministki_podgotovili_kartochki_k_23_fevralia._oni_o_stereotipah_vokryg_myjchin.html

 

1-марттан баштап Өзбекстанда коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап кийип жүрүү талабы алынат. Бул туурасында шаршемби күнү кечинде коронавируска каршы күрөшүү боюнча Атайын республикалык комиссиянын премьер-министр Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өткөн жыйынында айтылды, деп жазат «Газета.uz». Кененирээк:  https://anhor.uz/news/no-mask/ 

 

Түркмөнстан бийлиги кайрадан бюджеттик кызматкерлерден акча чогултууда. Бул жолу бюджетте иштегендерди эмнеге акча чогултууга мажбурлап жатышканын Марыдагы Азатлык кабарчысы 25-февралда кабарлады. Бийлик кезектеги акча чогултууну “Кызыл чырым коомуна” жана “Айлана-чөйрөнү коргоого” деп түшүндүрүшүүдө. Бирок, эмненин негизинде бюджеттик кызматкерлер буга акча төлөшү керек жана бул каражаттар кандай жумшалаары туурасында эч кандай түшүндүрмө жок. Түркмөн бийликтери адатта мындай акча чогултууларды “жогору” жактын оозеки буйругу менен аткарышат. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31725198.html 

 

Түркмөнстандын жеке дүкөндөрүндө тамекинин баасы эки эсе кымбаттады. Бул “Түркмөнстанды 2022-2025 – жылдарда чылымдан эркин өлкөгө айлантуу боюнча Улуттук программа” кабыл алынганы туурасындагы билдирүүлөрдөн кийин орун алууда.  Азатлыктын Лебаптагы кабарчысынын айтымында, тамеки продукцияларына баалар ушул аптанын башында эки эсеге көтөрүлгөн. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31722744.html 


 

Адам укугу 

Борбор Азиянын жетиштүү турак-жай укугу боюнча тармагына мүчө уюмдар 2022-жылдын 24-февралында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнө кайрылуу жолдоп, анда турак-жай жеткиликтүүлүгү боюнча укукту ишке ашыруу жана камсыздоо, жана эң жогорку баалуулук катары кабылданган адамдардын эркиндигин жана укуктарынынын корголушун колдоого тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү айтылган. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220224/pravozatshitniki-v-tsentralnoi-azii-neobhodimo-uluchshit-situatsiyu-s-pravom-na-dostatochnoe-zhilitshe


 

Маданият жана спорт 

Казакстандын өспүрүмдөр курама командасы Дэвис Кубогунун квалификациясына чыкты, бул туурасында Казакстандын теннис федерациясынын сайтында кабарланган. Шри-Ланкада квалификация алдындагы улан-кыздар улуттук командалар арасындагы Juniors Davis Cup этабы аяктады. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/yunoseskaya-sbornaya-kazaxstana-po-tennisu-vysla-v-kvalifikaciyu-kubka-devisa 

 

15-марттан 15-майга чейин маданият жана искусствону өнүктүрүү Фонду театр жана балет боюнча эл аралык фестиваль уюштурат, ага «Современник» Москва театры, Москва заманбап пьеса мектебинин театры, Улуттар театры, Москвадагы А. П. Чехов атындагы көркөм театр, Санкт-Петербургдагы Борис Эйфман атындагы мамлекеттик академиялык театры, Алишер Навои атындагы ГАБТ, Өзбек улуттук драма театры, Марк Вайля атындагы «Ильхом» театры жана Өзбекстандын жаштар театры катышат. Кененирээк:  https://anhor.uz/news/theatre-fest/ 

 

Тажикстандын жаштар курама командасы (U-20) Анталияда эки жумалык окуу-машыгуу жыйынын аяктап, ал жактан беш беттешүү өткөрүштү.

22-февралда жаш спортчулар Турциялык теңтуштары менен достук матчына катышышты. Беттешүү турциялык футболчулардын жеңиши менен аяктады – 3:1, бул туурасында Тажикстандын футбол Федерациясы билдирди. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/sports/20220223/molodezhka-proigrala-match-protiv-sverstnikov-iz-turtsii


 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

 

Көрүшкөнчө! 

 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып,Qlever ойно!


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.