Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест*: 18-апрель – 25-апрель, 2022-ж.

27.04.2022 • 06:06

Баарыңарга салам! 

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 

 

Илим жана билим

Өзбекстан президенти “Көзү көрбөгөн жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернатында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана андан ары алардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомго кол койду.

Кененирээк: https://anhor.uz/news/nurli-maskan/

 

Нобель фестивалынын алкагында блокчейн боюнча эксперттер, NFT жана нобель лауреаттары онлайн режиминде билим берүү жана технологиялар боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. 12-апрелден 22-апрелге чейин Coca-Cola компаниясынын колдоосу менен Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Арменияда IV Nobel Fest өттү. Жолугушуулар мета-аалам мейкининде жеткиликтүү болду.  Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2022/04/20/nobel-fest/

 

Казакстанда биринчи жолу жалпы республикалык ата-энелер чогулушу болду. Онлайн иш чарага 500дөн ашуун казакстандыктар катышты. Күн тартибиндеги башкы маселе балдар спортун жан башына каржылоо программасын жокко чыгаруу жана Art Sport чыгармачылыгы болду.

Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/vernite-art-sport-roditeli-so-vsego-kazahstana-sobralis-i-obratilis-k-chinovnikam

 

Адам укугу

 

Fingramota.kz шылуундук схемалары кандайча өнүгүп жатканын жана кандай маалыматтарды ачыктоого болбой турганын айтып берди.                                                       

Подробнее: https://informburo.kz/cards/mosenniki-pridumali-novye-ulovki-rasskazyvaem-kak-ne-obmanutsya

 

Ашхабаддын көчөлөрүндө жана шаар четтериндеги райондордо болуп көрбөгөндөй полиция көзөмөлү күчөдү. Азатлык кабарчылары маалымдагандай, мыйзам бузуучуларды издеп полиция кызматкерлери көчөлөрдү кыдырышууда, көчөдө бараткан адамдарды, унааларды токтотуп, жөө адамдарды жана жүргүнчүлөрдү маникюру барбы же жокпу, тырмагын өстүрүп алган эмеспи жана беткап кийип жүргөнүн текшерип жатышат.

 Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31812489.html

 

Өзбек маалымат ресурстары же системалары киберчабуулга кабылса бул туурасында киберкоопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары дайындалган Мамлекеттик коопсуздук кызматына билдириши керек. Бул талап 15-апрелде президент Шавкат Мирзиёев кол койгон “Киберкоопсуздук жөнүндө мыйзамда” каралган. 

 Кененирээк: https://anhor.uz/news/cybersecurity/

 

Маданият жана спорт

 

Алтынчы эл аралык джаз фестивалы Өзбекстанда 30-апрелден 18-май аралагында өтөт, бул туурасында «Газете.uz» агенттигине ЮНЕСКОнун өкүлдөрү биллиришкен. 

 Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2022/04/19/jazz/

 

Салтка айланган “Келечек сенден көз каранды” чемпионатында бул жылы өлкөнүн намысын Рушан шаарындагы интернаттын балдар командасы коргойт. ГБАО интернатынын тарбиялануучулары Тажикстан үчүн улуу жана кенже курактагылардын категориялары үчүн ойношот. 

Подробнее: https://www.asiaplustj.info/ru/news/sports/20220421/yunie-futbolisti-iz-gbao-pokazhut-v-sochi-tadzhikskii-klass

 

 «Азия-Плюс» медиа тобу Душанбе Хукуматынын колдоосу менен экинчи жолу «OSMONI DUSHANBE - 2022» батперектер фестивалын өткөрөт.             

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/life/culture/20220422/v-dushanbe-proidyot-kite-fest-osmoni-dushanbe-2022

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!
 

* Дайжестти түзүүдө окуу практикасынын алкагында Алуа Сатбекова көмөк көрсөттү


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.