Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 17-24 январь, 2022-жыл

25.01.2022 • 04:41

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндө болуп өткөн маанилүү окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда!


 

Билим берүү

Алматыда, Казакстан, Борбордук илимий китепканада, архивде жана Илимдер Академиясынын сейрек басылмалар сакталган "Ғылым ордасы" сактагычындагы илимий эмгектерди, эски китептерди жана кол жазмаларды санариптештирүү боюнча масштабдуу иш башталат. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов билдирди. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-almaty-planiruyut-ocifrovat-nauchnye-raboty-starinnye-knigi-i-rukopisi 

Өзбекстандын Министрлер Кабинети “Чет тилдерди үйрөнүүнү жакшыртуу чаралары жөнүндө” токтом кабыл алды, деп билдирет  uza.uz. Бул документке ылайык, эл аралык деңгээлде таанылган сертификаты бар орус тил мугалимдерине ай сайын кошумча айлык төлөнөт. 2022-жылдын 1-февралынан тартып улуттук деңгээлдеги же ошондой макамдагы эл аралык чөйрөдө таанылган С1 деңгээлинен кем эмес сертификаты бар жана орус тилдүү эмес билим берүү мекемелеринде (класстарда) иштеген орус тил мугалимдерине айлыгына 50% кошумча каражат төлөнөт. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220122/v-uzbekistane-uchitelya-russkogo-yazika-poluchat-50-protsentnuyu-nadbavku-k-zarplate

Душанбедеги (Тажикстан) Эл аралык президенттик мектептин 9 окуучусу АКШда өткөн биология боюнча эл аралык COPERNICUS олимпиадасында сыйлуу орундарга ээ болушту, бул туурасында өлкөнүн билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Олимпиада 8-16-январда Хьюстон илим жана техника музейинде өтүп, 50 өлкөдөн 2000ден ашуун окуучулар табигый илимдер, физика жана астрономия боюнча ат салышышты.

Олимпиадада 8-класстын окуучусу Маруф Исомиддинов жана ушул эле мектептин 5-классынын окуучусу Томирис Миралибекова экинчи орунга ээ болушту. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220118/uchatshiesya-mezhdunarodnoi-prezidentskoi-shkoli-dushanbe-stali-pobeditelyami-mezhdunarodnoi-olimpiadi-v-ssha

Өзбекстандын атайын адистешкен мектептери акырындык менен президенттик билим берүү мекемелери Агенттигинин көзөмөлүнө өткөрүлөт. Президент Шавкат Мирзиёев 17-январда мектептердеги билим берүүнүн жана тарбиянын сапатын көтөрүү, атайын адистешкен мектептердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу маселелери боюнча видеоселектордук жыйын өткөрдү. Кененирээк:  https://anhor.uz/news/schools/ 

Социум

Түркмөнстанда Мажилис чечими менен 2022-жыл “Калктын Аркадаг менен доору” деп жарыяланды. Мунун аркасынан эле Лебап велаятында бийлик башчылары президент Гурбангулы Бердымухамедовду даназалоо аракеттерин күчөттү. Азатлык кабарчысынын билдирүүсүндө, жергиликтүү бийлик ушул күндөрү бюджеттик кызматкерлер менен чогулуш өткөрүп, Бердымухамедовдун керт башына сыйынуу идеясын жайылтууда. Пропагандалык-түшүндүрүү жыйындарында бюджеттик кызматкерлерден үйлөрүнө президенттин портретин илүүнү талап кылып жатышат. Бийлик өкүлдөрү ошондой эле, президенттин портретин үйдүн кайсы бөлүгүндө кармоо керектигин да аныктап беришүүдө. Мисалы, портреттер үйдүн эң сыйлуу жерине илиниши керек. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31662824.html 

Тажикстандыктар айлыктарынын 24,7%ын коммуналдык кызматтарды төлөөгө жумшайт – электр энергиясы, суу жана таштанды чыгаруу үчүн. Эгер байланыш, интернет жана транспорт чыгымдарын да кошо эсептей турган болсок, чыгымдар дагы бир нече пайызга өсөт жана бир айлык кирешенин жарымын түзүп калышы мүмкүн. 

Дүйнөдөгү жашоо шарттары жана деңгээли боюнча Numbeo онлайн-маалымат базасы 2021-жылдын жыйынтыгы менен маалыматтарды жаңылады. Бул маалыматтарга ылайык, Тажикстан жашоочулары орточо эсеп менен, коммуналдык кызматтар үчүн айына 375,23 сомони төлөшөт ($33,2 доллар 2022-жылдын 18-январга карата курс болюнча). Иш жүзүндө бул сан 225-600 сомони ортосундагы сумманы түзөт ($20-53). Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220118/v-tadzhikistane-chetvert-zarplati-uhodit-na-oplatu-kommunalnih-uslug

Казакстанда коронавирус жугузуп алгандар үчүн карантиндин мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылды. Бул боюнча токтомго башкы мамлекеттик санитардык врач Ерлан Киясов кол койду. Документке ылайык, ПЧР-тесттин жыйынтыгы менен вирус жуктурупу алганы тастыкталган адамдын тесттин жыйынтыгы чыккан күндөн баштап 10 күнгө чейин макамы “кызыл” болуп көрсөтүп турат. 10 күндөн кийин “жашыл” болуп өзгөрөт да, бул мезгил ичинде Covid-19 ПЧР-тестинен оң жыйынтык чыкканына карабай үч ай бою “жашыл” макамы өзгөрүүсүз сакталат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/srok-karantina-dlya-zarazhyonnyh-koronavirusom-v-kazahstane-sokratili-do-10-dnej 

2022-жылы дүйнөдө жумушсуздардын саны 207 миллионго чыгат, бул кризис башталганга чейинки 2019-жылга караганда 21 миллионго көп. Бул туурасында Эл аралык эмгек уюмунун жаңы докладында айтылат, деп билдирет БУУнун жаңылыктар борбору. «Жумушсуздуктун глобалдык деңгээли, буга чейин күтүлгөндөй, падемияга чейинки деңгээлинен жогору боюнча сакталат, кеминде 2023-жылга чейин өзгөрбөйт», - деп эсептешет жаңы докладдын авторлору. 2019-жылы 186 миллион адам жумуш таба албаса, бүгүн алардын саны 207 миллион. Эл аралык эмгек уюму белгилегендей, эмгек рыногун калыбына келтирүү боюнча буга чейинки оптимисттик прогноздор COVID-19 илдетинин “Дельта” жана “Омикрон” аттуу жаңы түрлөрүнүн жайылышына байланыштуу акталган жок, вирус мындан ары кандай болуп өзгөрөөрү боюнча белгисиздик да абалды оорлотууда. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/world/20220119/mot-v-2022-godu-chislo-bezrabotnih-v-mire-sostavit-207-mln

Өзбекстандын президенти токтомго кол койду, ага ылайык, ар бир шаарчада, айылда, кыштакта жана шаар, айыл-кыштактардагы ар бир махаллада жаштар лидери деген кызмат киргизилет. Кененирээк:  https://anhor.uz/news/leader/ 

Технология

Соңку мезгилдерде сим-карталарды чоочун паспорттук маалыматтар боюнча каттаган учурлар көбөйдү, паспорт ээлери алардын атына сим-карта катталганы туурасында кабары да жок. Сиздин паспорттук маалыматтарыңыз боюнча кандай сим-карталар катталганын кантип текшерүү боюнча көрсөтмөлөр иштелип чыкты. Сервис акысыз. Кененирээк: https://anhor.uz/news/ussd/ 

Дем алыш күндөрү Душанбеде адаттан тыш иш чара болуп өттү: катышуучулардын жаш курагына карабай – 12-17 жаш – бир нече саат жымжарттыкта өттү. Анткени, балдар чат-бот түзүп жатышкан, адамдар менен толук кандуу сүйлөшө ала турган программа. Келечектеги IT-адистердин биринчи Хакатону “Мегафон Академиясында” өттү.

Катышууга профилдүү билим берүү мекемелеринен 8 команда арыз жолдогон - «IT-RUN» программалоо борбору, эл аралык математика жана программалоо мектеби «Алгоритмика». Келечектеги IT-адистердин жарымы Хакатонго Согди облусунан онлайн кошулушту. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220118/tadzhikskie-shkolniki-sozdali-chat-bot-s-chelovecheskim-harakterom

ЮНИСЕФ жана билим берүү министрлиги биргеликте иштеп чыккан бала тарбиялоо боюнча Bebbo уюлдук тиркемеси эмдөө жана ага даярдык көрүү жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле, тиркемеден балдарды медициналык кароодон өтькөрүү жана эмизүү боюнча да маалыматтарды таба аласыз. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/452879_kak_poniat_chto_rebenok_ispytal_emocionalnoe_ili_fizicheskoe_nasilie_pamiatka_dlia_vzroslyh.html 

 

Биз менен болгонуң үчун рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.