Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 1-7 февраль, 2022-ж.

08.02.2022 • 04:27

Баарыңарга салам!

Назарыңарга өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө болуп өткөн маанилүү окуялардын дайжестин сунуштайм. 

Кеттик анда! 


 

Билим берүү

Өзбекстанда 2022/2023 окуу жылынан баштап, кеминде бир улуттук аспапта ойногонду үйрөнүп башташат.

Бул аттестатка да киргизилет,бул туурасында президент Шавкат Мирзиёевдин 2-февралдагы токтомунда белгиленген, деп жазат Подробно.уз. Документте бекитилгендей, 2022/2023-окуу жылынан баштап орто жалпы билим берүү мекемелеринин окучулары кеминде бир улутук музыкалык аспапта ойногонду үйрөнүшөт. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220204/v-uzbekistane-shkolnikov-obyazhut-nauchitsya-igrat-minimum-na-odnom-muzikalnom-instrumente

 

ЖАК "Кумтор голд компани" компаниясына сырткы башкаруу киргизилгенден бери, аталган компания Кыргызстанда илим-билимдин өнүгүшүнө активдүү салым кошуп, жалпы өлкө боюнча ар кандай долбоорлорго колдоо көрсөтүүдө. Учурда Кыргызстанда Кумтөр компаниянын финансылык колдлоосу менен интернет-коомчулугунун кыргыз бөлүмү болгон  (ISOC) “Илимбокс” билим берүү платформасы үчүн кыргыз тилиндеги видео-сабактарды иштеп чыгуу боюнча долбоор ишке ашырылып жатат. Кыргызстандын билим берүү системасы жаңычылыктар менен санариптештирүүгө көптөн бери муктаж. "Илимбокс" – бул Кыргызстандагы окуучулар үчүн Интернеттеги биринчи ачык билим берүү платформасы, ал кыргыз тилиндеги санариптик ресурстарга тез жана коопсуз түрдө кирүүнү камсыз кылат, окуучу менен мугалимдин ортосундагы кайтарым байланыш, окуучунун жеткишкендигин көзөмөлдөө, убактылуу сабакка бара албагандар үчүн  (ооруп калган же карантиндин айынан) аралыктан окуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай платформа окуу китептеринин тартыштыгы, лабораториялык-практикалык сабактарды өткөрүү жана мугалимдердин жетишсиздиги сыяктуу маселелерди чечүү үчүн да актуалдуу. Кененирээк: 

https://kaktus.media/doc/454009_kymtor_podderjal_proekt_obrazovatelnoy_platformy_ilimboks.html 

 

Казакстандын билим берүү министрлиги менен "Атамекен" ишкерлердин улуттук палатасы өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын рейтингин түзүп чыкты. Жождордун билим берүү программасы 19 критерий менен бааланган, алар үч блокко бөлүштүрүлгөн: бүтүрүүчүлөрдүн карьера жасоо келечеги, билим берүү программаларынын сапаты жана студенттердин жетишкендиги. Кененирээк: 

https://informburo.kz/novosti/v-mon-nazvali-lucsie-i-xudsie-vuzy-kazaxstana 

 

Аризона Университетинин Казакстандагы филиалы сентябрдан баштап иштеп баштайт. Бул туурасында билим берүү министринин орун басары Куаныш Ергалиев менен Аризона Университетинин президенти доктор Роберт Роббинсондун онлайн-жолугушуусунда белгилүү болду, деп билдирет билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы. Филиал Козыбаев атындагы Түндүк-Казакстан университетинин базасында ачылмакчы. Билим берүү министрлиги, казакстандын жана америкалык жогорку окуу жайдын ортосундагы үч тараптуу меморандумга өткөн жылы июнь айында кол коюлган. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/filial-universiteta-arizony-v-kazahstane-zarabotaet-v-sentyabre 

 

Стандарттык мектеп программасынан тышкары, казакстандык окуучулар глобалдык компетенцияларды өнүктүрүү боюнча да курстарда окушат, деп билдирди билим берүү министри Асхат Аймагамбетов өкмөттүн жыйынында. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/shkolniki-budut-prohodit-kursy-po-razvitiyu-globalnyh-kompetencij 


 

Адам укугу 

Түркмөнстан кезектеги ирет түрмөдө отургандардын саны боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди. World Prison Brief кезектеги докладында айтылгандай, Түркмөнстанда ар бир 100 00 калкка 576 түрмөдө отурган адам туура келет. Бул дүйнө боюнча үчүнчү орундагы көрсөткүч.

 World Prison Brief уюмунун маалыматы боюнча, түрмөдө отургандардын саны эң көп өлкөлөр, башкача айтканда ар бир 100 000 калкка туура келген түрмөдөгүлөрдүн саны боюнча биринчи орунда – АКШ (629), андан кийин Руанда (580), Түркмөнстан (576). Андан кийинки орундарда Сальвадор (564), Куба (510), Палау (478), Британ Виргин аралдары (447), Панама (436), Сент-Китс жана Невис (423), Гренада (413), Таиланд (412), АКШ Виргин аралдары (394), Багам аралдары (392), Уругвай (383) жана Бразилия (381). Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31679351.html 

 

Түркмөнстанда улуттук коопсуздук Министрлиги (МНБ) диний адамдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөттү. Азатлык Радиосунун кабарчысынын айтымында, күч органынын өкүлдөрү телефон чалып жана үйүндө диний мазмундагы адабияттарды сакташы мүмкүн деп шектелгендерди суракка алып, министрликтин кеңсесине суракка чакрытууда.

- Менден сурашты: "Ким дин жолунда? Ким өкмөткө каршы чыгууда? Ким кудайга сыйынганды үйрөтөт?", - деп айтып берген Азатлыктын кабарчысына 27-январда суракка барып келген Марынын жашоочусу. Бир нече тергөөчүлөр биздин кабарчыга айтып беришкен, эмне үчүн министрликке чакыртышты деген суроого күч органдарынын алардын аттары “кара тизмеге” кирген деп жооп беришкен. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31681091.html 

 

​​Кыргызстандын прокуратурасы Kaktus.media ресурсуна КРнын ККнин “Согушту пропагандалоо, б.а. бир өлкөнүн экинчи өлкөгө карата агрессиясын жаратуу же  аскердик конфликтти тутандыруу максатында ар кандай формадагы көз караштарды, идея же чакырыктарды таратуу” аттуу 407-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/453820_delo_kaktus.media._davlenie_na_smi_naryshenie_ili_chto_mnenie_ekspertov.html 

 

Жаныбарлардын укугу

Мары этрапынын Пешаналы генгешлигинде массалык түрдө ит-мышыктар өлтүрүлүүдө. Үй-жайсыз жаныбарлар менен катар, кожоюндары барлары да жок кылынууда. Кезектеги массалык түрдө ит-мышыктарды жок кылууну бийлик ит тиштеген балдар менен чоңдордун ооруканага түшкөн учурлары көбөйгөнү менен түшүндүрүүдө. Марыдан мындай билдирүү келген чакта, Ашхабадда да Халк Маслахатынын кезексиз жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында жаныбарлар массалык түрдө өлтүрүлүп жатат. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31685478.html 

 

Технология

2022-жылдын 1-июлунда Өзбекстанда  тесттик режимде «Shaffof yo’l» платформасы ишке киргизилет. Анда автомобиль жолдору туурасында маалымат базасы камтылган. Бул туурасында Минюст өкмөттүн токтомуна таянуу менен билдирди.

Токтом менен аталган платформага жайгаштырыла турган маалыматтардын тизмеси бекитилген (17 аталыш). Платформанын өзүнчө барагында коомдук пикирдин негизинде жолдордун талапка ылайыксыз абалдары туурасында калктын фото-видео кайрылуулары жайгаштырылат, ошондой эле жолдордо жана жол жээктеринде түзүлгөн авариялык техникалык маселелер туурасында (светофорлор коюлбаганы же бузулуп калганы, жол белгилеринин жоктугу, табигый кырсыктардын кесепеттери) маалыматтар чыгып турат. Кененирээк: https://anhor.uz/news/society-control/ 

 

Telegram мессенжерин Өзбекстанда 18 миллион жаран колдонот. Өлкөдөгү популярдуулугу боюнча экинчи орунда турган социалдык тармак «Одноклассники» — ага 16,7 миллион адам кирет, деп жазат nuz.uz. Бул маалыматтар 31-январда өткөн Олий Мажилис Сенатынын маалыматтык саясат жана мамлекетик органдардын ачыктыгын камсыздоо Комитетинин жыйынында айтылды. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220201/v-uzbekistane-nazvani-samie-populyarnie-sotsseti-i-eto-ne-feisbuk

 

Өзбекстандын «Адолат» социал-демократиялык партиясы өлкө аймагында TikTok соцтармагына толугу менен блок коюуну сунуштады. Мындай демилге партиянын расмий сайтында жарыяланган, деп жазат Sputnik. Партия өкүлдөрүнүн ою боюнча, популярдуу платформа улуттук баалуулуктарга каршы аракеттенип, жаштар арасында терс адаттарды пайда кылууда. «Адолат» мүчөлөрү жакында Самаркандда болгон окуяны мисал келтиришкен, анда жаш бала көчөдө улгайган адамды башка тепкен. Кененирээк:  https://anhor.uz/news/tiktok-adolat/ 

 

Өзбекстандын президенти “Сотко чейинки өндүрүштө ведомстволор аралык электрондук карым-катнаш боюнча бирдиктүү системаны киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомго кол койду. Азыркы учурда ар кайсы министрлик менен ведомстволордун маалымат базалар өз-өзүнчө болгондуктан тиешелүү кызматтар ортосунда кылмыштар жана алдын ала тергөө боюнча билдирүүлөрдү кароодо натыйжалуу механизм жок. Маалыматтар кызматтар ортосунда дагы деле кагаз түрүндө берилет, деп жазат  Sputnik. Кененирээк: 

https://anhor.uz/news/e-system/ 

 

Экология 

 

Коммуналдык чыгымдарды кыскартып жана кышкысын жылынууга жардам бере турган бир нече жөнөкөй чечимдер. Үйүңүздүн энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу кымбатка турушу мүмкүн же мүмкүн эмес, мисалы турак-жайды ижарага алсаңыз же жылуулук насосторун жана заманбап жылуулагычтарды сатып алам деп катып койгон бир нече миң долларыңыз жок болсо. 

Бирок, бир нече арзан жолу бар, аны ар бир адам жасай алат. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220206/chetire-deshevih-sposoba-sekonomit-energiyu-doma

 

Душанбеде колдонулган батарейкалар адамдар көп топтолгон жерлерге уюштурулган атайын жайларда чогултулат. Бул туурасында Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо Комитетинин төрагасы Баходур Шерализода басма-сөз жыйынында билдирди. Батарейкаларды чогултуу боюнча биринчи экологиялык акция борбор калаада өткөрүлдү, ал Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо Комитети менен «Пешсаф» коомдук уюму тарабынан биргелешип уюштурулду. Колдонулган батарейкаларды чогултуу үчүн «Ашан», «Авранг» ижана«Пайкар» соода борборлорунун кире беришине атайын кутулар орнотулган. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220201/v-dushanbe-ustanovyat-yatshiki-dlya-sbora-starih-batareek

 

Эгер батыш Түркмөнстанда 29 мунай-газ жабдыктары ремонттолсо, бул аталган региондун климатка таасир этүүсүн кескин кыскартат. Бул туурасында Bloomberg 1- февралда Environmental Science & Technology журналында жарыяланган жаңы иликтөөлөргө таянуу менен билдирген. Отчетто айтылгандай, Түркмөнстандагы 29 мунай-газ орнотууларынан бир жылда абага чыккан метан газынын  көлөмү, АКШнын Алабама штатындагы бардык транспорттук каражаттардан бир жылда чыккан түтүнгө барабар. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31683771.html 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.