Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 15-22- август, 2022-ж.

26.08.2022 • 04:44

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда!

 

Билим берүү

Оштогу (Кыргызстан) беш кабаттуу имараттын дубалында билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк темасына арналган мурал пайда болду. Бул туурасында сүрөтчү Вера Андрианова соцтармактарда кабарлаган. ММКлар билдиргендей, мындай идея Адрианованын өзүнө жана башка сүрөтчү Арслан Нарынбековго тиешелүү. 

Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/465240_v_oshe_poiavilsia_myral_za_ravnyy_dostyp_k_obrazovaniu.html 

 

Казакстандын студенттери мындан ары педагогикалык практикадан өтүү үчүн мектептерди өз алдынча тандай алышпайт. Агартуу министрлигинин башчысы Асхат Аймагамбетов борбордук мектептердин биринде өткөн пленардык жыйында эми студенттер практикадан өтүү үчүн мектептери өздөрү тандай албай турганын билдирди. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/studenty-bolse-ne-smogut-samostoyatelno-vybirat-skolu-dlya-pedagogiceskoi-praktiki 

 

Казакстанда биринчи класстар үчүн эки тилди алып салып, казак тилин гана калтырышты. Жаңы окуу жылынан баштап, биринчи класстар үчүн үч тилди окутууну алып салышты. Орус тили да алынды. Бул туурасында агартуу министри Асхат Аймагамбетов өзүнүн интервьюсунда билдирген. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/465360_v_kazahstane_dlia_pervoklassnikov_ybrali_dva_iazyka_ostaviv_tolko_kazahskiy.html 

 

Казакстанда окуу жылы эки аптага узартылды. Министрдин айтымында, окуу жылынын узартылышы айрым мектептерге үч эмес, эки нөөмөт менен окууга мүмкүнчүлүк берет. 

Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/aimagambetov-obyasnil-preimushhestva-prodleniya-ucebnogo-goda 

 

Илим

Казакстан менен Россиянын окумуштуулары Covid-19 менен күрөшүүгө жол бере турган химиялык биригүүнү табышты. Бүгүнкү күндө дүйнөдө Covid-19 илдетин дарыялай турган үч дары бар: ремдесивир, паксловид жана фавипиравир. 

Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/uchyonye-kazahstana-i-rossii-obnaruzhili-himicheskoe-soedinenie-pozvolyayushee-borotsya-s-covid-19 

 

Адам укугу

Евро Биримдиктин Түркмөнстандагы өкүлчүлүгү “үлгүлүү” приюттарды кыдырышты. Жаныбарларга карата мээримдүү мамилени пропаганда кылуу соңку апталарда Түркмөнстанда негизги окуяга айланды. Өлкөдө иттерге карата мамилени тескей турган мыйзам кабыл алынды. Эл аралык миссиялардын өкүлчүлүктөрү жана түркмөн коомчулугунун өкүлдөрү селсаяк жаныбарлар багылган үлгүлүү приюттарда болушту. Ушул эле убакта шаардын көчөлөрүндө иш-мышыктар кармалып, мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатат.  

Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31995608.html 

 

"Колу-бутары көгала". Аялдар милиция кызматкерлерин орой мамиле кылды деп айыпташууда. Ош шаары жана облусу боюнча кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнө Өзгөндүн эки жашоочусу милиция кызматкерлерине карата доо арыз менен кайрылышты, деп айтылат борбордун социалдык тармактардагы баракчасында. 

Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/465228_na_rykah_i_nogah_siniaki._jenshiny_obvinili_milicionerov_v_jestokom_obrashenii.html 

 

Социум

USAID Өзбекстандын электрондук коммерция тармагына аяр катмарга кирген жана майыптыгы бар аялдардын катышуусун кеңейтүүдө. 15-августта АКШнын эл аралык өнүгүү Агенттиги (USAID) Өзбекстандын санариптик экономика тармагына аяр катмарга кирген аялдарды тартуу боюнча демилгени ишке ашыра баштады. Ташкент жана Кашкардарыя облустарынан 250дөй аял электрондук коммерция, социалдык тармактардагы маркетинг жана реклама боюнча билим алышат. Бул туурасында Anhor.uz редакциясына АКШнын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирген. 

Кененирээк: https://anhor.uz/news/electronic-commerce/ 

 

Өзбекстанда улуу урпактар туурасында 30 анимациялык тасма тартылат. Биринчи тасма Амир Темур туурасында болмокчу, деп билдирет Podrobno.uz кинематография Агенттигинин маалыматына таянуу менен.

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220815/v-uzbekistane-snimut-30-animatsionnih-filmov-o-velikih-predkah

 

Казакстан коргонуу боюнча чыгымдарын 38%га көбөйттү, саламаттыкты сактоо тармагыныкы– болгону 0,2%. Бюджеттин кирешеси 37%га өстү, чыгымдар бөлүгү 20%га көбөйгөн. Казакстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси биринчи алты айга карата 9,9 трлн теңгени түздү, чыгымдар 9,7 трлн теңгеге барабар, деп билдирет Finprom.kz. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazaxstan-uvelicil-rasxody-na-oboronu-na-38-za-god-zdravooxranenie-lis-na-02 

Өзбекстанда жол кырсыгынан каза тапкан балдардын саны Европадагыдан 4 эсе көп. СОВАЗ порталында 2022-2026-жылдарга карата өспүрүмдөрдүн ден соолугун жана бакубаттыгын бекемдөө боюнча Улуттук стратегиянын долбоору жарыяланды. Кененирээк:  https://anhor.uz/news/mortality/ 

 

Экология

Аймактык милиционерлер экологиялык мыйзам бузуулардын түшкөн айып пулдардын 30%ын алып башташат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев  “Экологиялык патруль” кызматынын укуктарын кеңейттүү жөнүндөгү указга кол койду, ага ылайык, аймактык милиционерлер экологиялык мыйзам бузуу менен кармалган адамдарды өз алдынча жоопко тартып, жана бул үчүн сыйлыкка ээ болушмакчы деп жазат «Медиазона». Кененирээк:  https://anhor.uz/news/penalties/ 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

 

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Дайжестти даярдоого Алмабек Ибрайымов катышты

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.