Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 14-21 -  февраль, 2022-ж.

24.02.2022 • 11:15

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм. 

Кеттик анда! 


 

Билим алуу

Кыргызстандын президентинин алдындагы коррупцияга каршы ишкердик кеңеши менен билим берүү министрлиги биргеликте студенттер арасында сурамжылоо жүргүзүштү. Сурамжылоого катышкандардан кышкы сессия учурундагы коррупция туурасында сурашкан. Бул туурасында коррупцияга каршы ишкердик кеңештин басма-сөз кызматы билдирди. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/454944_stydentov_bishkekskih_vyzov_sprosili_o_korrypcii_na_ekzamenah_rezyltaty_oprosa.html 

 

Европа Биримдиги жана БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) Тажикстанда билим берүү министрлиги менен биргеликте билим берүүчү телесабактарды өндүрүү жана аралаш билим берүүнүн инновациялык контентин илгерилетүү боюнча биринчи улуттук окуу-билим берүү  борборунун расмий ачылыш салтанатын өткөрүштү. Аталган долбоор Европа Биримдигинин “Билим берүүнүн сапатын колдоо программаларынын II” алкагында каржыланууда. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220216/v-tadzhikistane-otkrit-pervii-natsionalnii-tsentr-po-proizvodstvu-obrazovatelnih-teleurokov

 

Социум 

Дистанттык түрдө иштөө үчүн эң ыңгайлуу шаарлар Казакстанда Нур-Султан менен Алматы эсептелет, деп билдирет HeadHunter компаниясы. Бул мегаполистерде аралыктан иштөө боюнча жумуш берүүчүлөрдөн эң көп сунуштар топтолгон: 2021-жылы  Алматыда 4000 жана Нур-Султанда 3000. Андан соң Караганда, Шымкент жана Атырау. Ал эми Казакстанда аралыктан иштөөгө канча төлөнөт? Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/skolko-platyat-rabotnikam-na-udalyonke-v-kazahstane 

 

Казакстанда 5-апрелден тартып турак-жайды ижарага алууну субсидиялоого арыздарды кабыл алуу башталат, деп билдирди өкмөттүк жыйында индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Каирбек Ускенбаев. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/s-5-aprelya-nachnyotsya-priyom-zayavok-na-subsidirovanie-arendnogo-zhilya 

 

15-марттан 15-майга чейин маданият жана искусствону өнүктүрүү Фонду театр жана балет боюнча эл аралык фестиваль уюштурат, ага «Современник» Москва театры, Москва заманбап пьеса мектебинин театры, Улуттар театры, Москвадагы А. П. Чехов атындагы көркөм театр, Санкт-Петербургдагы Борис Эйфман атындагы мамлекеттик академиялык театры, Алишер Навои атындагы ГАБТ, Өзбек улуттук драма театры, Марк Вайля атындагы «Ильхом» театры жана Өзбекстандын жаштар театры катышат. Кененирээк: https://anhor.uz/news/theatre-fest/ 

 

Президент “2022-жылы жалпы элдик Навруз майрамын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомго кол койду. Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында аталган майрам Өзбекстанда “Салам, Нооруз - жаңылануунун, мээрмандыктын, ар-намыс менен кадыр-барктын майрамы!” деген девиз алдында жалпы элдик майрамдоо катары белгиленет, деп жазат “Норма”. Кененирээк:  https://anhor.uz/news/navruz/ 


 

Технология

WhatsApp мессенжеринин иштеп чыгуучулары үн билдирүүлөрүн чаттан тышкары угуу мүмкүнчүлүгүн жарыя кылышты, деп билдирет 9to5Mac. Көптөн күткөн бул функция iOS смартфондору үчүн версиясындагы бардык WhatsApp колдонуучулары үчүн кошулганы кабарланууда. Бул үчүн тиркемени 22.4.75. версиясына чейин жаңылоо керек. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/454863_v_whatsapp_dobaviat_novyu_fynkciu.html

 

Өткөн жылдын февраль айында тажик өкмөтү байланыш Кызматына Интернеттин сапатын жана ылдамдыгын жакшыртууга тапшырма берген, бирок көпчүлүк колдонуучулар дагы деле ылдамдыгы жай экенине жана тарифтердин өтө эле кымбат экенине даттанып келишет, жалпы эле сапатына нааразылыктар көп. Эмне үчүн өкмөттүн тапшырмасы аткарылган жок? Чындыгында бул риторикалык суроо. Ошентсе да, биз тажик интернети эмне үчүн жай жана сапаты начар экенинин себептери туурасында эске салгыбыз келет. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220221/v-chyom-beda-tadzhikskogo-interneta




 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

 

Көрүшкөнчө! 

 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.