Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 10-17 январь, 2022-ж.

18.01.2022 • 06:03

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия мамлекеттериндеги орчундуу окуялар жөнундөгү жаңы жылдагы алгачкы дайжестти сунуштайм. 

Кеттик эмесе! 
 

Билим берүү
Өзбекстанда техникумду ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө окууларын жогорку жайларда экинчи курстан баштап улантуу укугу берилди, муну менен бирге алар кирүү экзаменин тапшырышпайт, жөн гана маек куруу аркылуу кабыл алынышат. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2022/01/13/tehnikum/ 

AKFA университети 2022-жылдын январынан тартып 2022-2023-окуу жылына абитуриенттерден документтерди кабыл алууну баштады. 2022-жылы окуу жай кабыл алуу кампаниясын 10-январдан 20-августка чейин жүргүзөт. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2022/01/10/akfa-university/

Өзбекстандын элдик билим берүү министрлиги кышкы каникулдун узактыгы дээрлик эки жумага узартылганы жайкы каникулдун узактыгына таасирин тийгизбейт деп билдирди. “Кошумча берилген каникул учурунда өтүлө турган сабактар (темалар) чейрек башталгандан кийин башка сабактар менен бирге тыгыз шартта өтүлөт, ошондуктан кошумча каникул башка каникулдарга таасирин тийгизбейт” – деп айтылат билдирүүдө. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2022/01/10/classes/ 

Балдарга жана жаштарга арналган билим берүүчү BalaTech платформасы БУУӨП колдоосу астында КМШ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө программалоо боюнча эл аралык олимпиада уюштурууда. Бул туурасында таратылган пресс-релизде айтылат. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/452581_shkolnikov_iz_kr_pozvali_na_mejdynarodnyu_olimpiady_po_programmirovaniu._ysloviia_ychastiia.html


Адам укугу
Жакында Казакстанда орун алган баш аламандыктардан улам Түркмөнстан бийлиги жарандардын жашоосун көзөмөлгө алууну күчөттү. Полиция кызматкерлери калк жашаган кварталдарга жайгаштырылган. Алар ары-бери өткөндөрдүн айрымдарынын телефондорун текшерүүдө. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/turkmenistan-increases-controls-kazakhstan-unrest/31655538.html 

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 12-январдагы Мамлекеттик копсуздук кеңешинин кеңири жыйынында өлкөнүн улуттук коопсуздук министрлигин учурдагы аскердик-саясий кырдаалды анализдеп, аймактагы коопсуздук абалды байкап жана анын Түркмөнстанга таасирин баалап чыгууга чакырды. Жолугушуу учурунда Бердымухамедов ошондой эле Интернеттеги ар кандай маалымат булактарын чектөө боюнча ишти жакшыртууну тапшырды. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31652318.html 


Социум
Түркмөнстан бийлиги алимент төлөй албай карыз болуп калгандарды ай сайын 600 грамм кан тапшырууга жөнөтүүдө. Айрым жарандарга салынган мындай жаңы милдеттенме туурасында Азаттык радиосунун кабарчысы билдирүүдө.
«Лебап велаятында шаардык жана этраптык соттор алимент төлөй калбай карыз болуп калган жарандарды ай сайын 300дөн 600 граммга чейин карызынын көлөмүнө жараша кан тапшырып турууга милдеттендирген чечим чыгарышууда. Алар ушундай жол менен жарандарды карыздарын төлөөгө мажбурлоодо. Бул велаят сотунун буйругу менен жасалып жатат», деп билдирген Лебап сотунун кызматкери кабарчы менен болгон купуя маегинде. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31655521.html 

АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) Өзбекстандагы аялдардын кол өнөрчүлүк боюнча ишканаларынын жана жеке кол өнөрчүлөрдүн долбоорлоруна колдоо көрсөтөт. Бул үчүн агробизнести өнүктүрүү боюнча Долбоордун алкагында аялдардын жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейтүү Фонду түзүлдү. Ташкенттеги АКШ элчилигинин басма-сөз кызматы билдиргендей, фонд жаңы технологияларды киргизүүнү каржылоого жардам алуу боюнча арыздарды кабыл ала баштады, каржылоонун суммасы жеке кол өнөрчүлөр үчүн 5 млн сумдан 50 млн сумга чейин, каттоодон өткөн кол өнөрчүлүк тармагындагы аялдардын ишканаларына 50 млн сумдан 200 млн сумга чейин. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2022/01/14/usaid/ 


Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!
 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.