Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Clubhouse. Баардыгы айтып жаткан социалдык тармак

19.02.2021 • 10:23

Февраль айында Clubhouse жабык социалдык тармагы орус тилдүү чөйрөдө популярдуулукка ээ боло баштады.

Clubhouse бул үн байланышына негизделген жаңы социалдык тармак, платформада тексттик билдирүүлөр менен байланышууга мүмкүнчүлүк жок. Платформа бир жылга жетпеген убакытта - 2020-жылы жазында түзүлгөн, бирок ага карабастан, BBC билдиргендей, тиркеме дүйнө жүзү боюнча беш миллиондон ашык жолу жүктөлгөн.

Учурда платформа жалпы коомчулук үчүн жабык бойдон калууда, буга чейин катталган колдонуучудан чакыруу алуу менен гана кирсе болот. Мындан тышкары, Clubhouseго IOS телефондорунун ээлери гана кире алышат.

Clubhouse виртуалдык бөлмөлөрдүн ар кандай түрлөрүн сунуштайт. Ал жакта  ар кандай темада баарлашуу болот: маданият, ишкердүүлүк, саясат жана башкалар. Платформада белгилүү блогерлер, журналисттер, музыканттар жана ишкерлер катталган. Clubhouse үн байланышына багытталгандыгына карабастан, айрым музыканттар жандуу концерттерди байма-бай уюштуруп турушат.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.