Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Менде iPhone болсо, эмне кылышым керек?

14.02.2024 • 06:01

Салам! ?

"Менде iPhone болсо, эмне кылышым керек?" ? "Менде iPhone болсо, Qlever оюндарын ойной аламбы?" жана "Эгер ойной алсам, анда кантип?" – деп бизден көп сурашат ?

Биздин жооп: Албетте, болот!  Бирок, Play Market′деги тиркеме аркылуу эмес, https://qlever.asia  сайты аркылуу.

Сайтта активдүү болуу жана жылдыздарды байгелерге алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн сен катталышың керек. Муну кантип жасоо керектигин биз сага айтып беребиз.

qlever.asia веб-сайтына өт. Тиешелүү өлкөнү танда: Кыргызстан. Андан кийин интерфейс тилин танда.

Андан кийин  бөлүмдөр болот, ал эми бөлүмдөрдүн аягында "Каттоо" баскычы бар. Аны басып, бош талааларды толтур.

Каттоо үч этаптан турат.

  • Маанилүү! Байгелерди алуу үчүн чыныгы маалыматтарыңды жасышың абзел! ?
  •  "Макулмун" баскычын басуу үчүн колдонуучу келишимин жана купуялык саясатын окуп чык.
  •  Телефон номериңди киргиз жана платформанын талаптарына жооп бере турган сыр сөздү түз. Эгер сен туура сыр сөздү түзө албасаң, анда  веб-сайт ката деп көрсөтө берет.
  •  Чыныгы электрондук дарегинди киргиз.
  •   Платформага катталуу үчүн номериңе SMS жөнөтүлөт. Эгер сен SMS ала элек болсоң, биздин QleverKG_bot  - Телеграм чат-ботубузга  толук аты-жөнүңдү жана номериңди жазып, жөнөт.

Каттоо аяктады.  Шашпа, убактыңды бөлүп, платформа менен таанышып чык. Эми сен ойноп, жылдыздарды чогултуп, аларды байгелерге алмаштыра аласың. ?

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.