Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Биз менен кантип байланышса болот?

20.03.2024 • 10:39

Салам кымбатуу досум!🎉

Классикалык кырдаалды элестетип көрөлү: сен  веб-сайтта катталып же Qlever тиркемесин жүктөп алып, оюндарды ойной баштадың. Кайсы бир баскычта сенде суроолор пайда болуп, тез жооп алуу үчүн байланыш жолдорун издеп баштадың.

ТОКТО, бул натыйжасыз! Биз муну кантип кылыш керек экенин сага  айтып беребиз🛑

Алгач, эгер сен  катталган болсоң, платформаны кылдат изилде. "Qlever жөнүндө" бөлүмүндө долбоор, колдонуучу келишими жана купуялык саясаты жөнүндө маалымат бар.📚

Мындан тышкары, биздин социалдык тармактарга шилтемелер бар, анда сен уюм, команда, долбоорлор ж.б.у.с.жөнүндө маалыматтарды ала аласың.

Бардык бөлүмдөрдү (Дүкөн, Оюндар, Бул кызыктуу, Форум, Жаңылыктар) карап чык. Платформаны изилдегенден кийин, сен эң көп берилүүчү суроолорго жооп аласың.

"Кайтарым байланыш" бөлүмүндө Көбүнчө берилүүчү суроолорго шилтеме бар, анда көйгөйүңдүн чечими же сурооңо жооп болушу мүмкүн. Эгерде ал жактан да  сурооңо жооп ала албасаң, анда биз менен QleverKG_bot - Телеграм чат-боту аркылуу байланыш. Биз иш күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин жооп беребиз.

Сураныч, Медиа Сабак номерине (WhatsApp, Telegram) жазба жана чалба. 

“Саламатсызбы”, “Алло”, "Мен каттала албай жатам" “Байгени качан алам?” деп жазуу аздык кылат. Сурооңду же көйгөйүңдү мүмкүн болушунча кененирээк жана так  сүрөттөп бер. Мисалы: “Салам. Менин атым Аманов Аман. Менин номерим +99677777777. Мен бир жума мурун 03/10/2024 күнү 200 бирдик сатып алгам жана аларды ала элекмин. Жардам бере аласызбы?" Зарыл болсо, скриншотту тиркөөгө да  болот.📞📝📸

Эсиңде болсун, мессенджерге чалуу, аудио билдирүүлөрдү жөнөтүү, түнкү саат 12де жазуу, орой мамиле кылуу же кемсинтүү биздин эрежелерге жана этикетке жатпайт.

Биз менен байланышуудан мурун платформадагы маалмыматтын баарын окуп чыкканыңды текшер. Маанилүү кулактандырууларды өткөрүп жибербөө үчүн жаңылыктарга көз салып тур. Байланыштабыз!📢

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.