Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Эмне үчүн байге менен түшкөн сүрөттү жөнөтүү керек?

04.03.2024 • 04:27

Салам, кымбаттуу досум! ?

 

Байге  алуу процесси кандай жүрүп жатканын айтып берели. Сен чогулткан  жылдыздарыңды дүкөндөгү өзүң каалаган байгеге алмаштырдың. Сен байгеңди чыдамсыздык менен күтүп жатканда, төмөнкү процесс ишке ашат: администратор сенин сатып алууңду, аккаунтуңду, оюн тарыхын, куулуктун, бир нече аккаунттарыңдын бар-жоктугун, жана башка бузууларды текшерет. Эгерде бузуулар аныкталса, сатып алуу блоктолот. ❌

 

Эгерде баары жайында болсо, администратор сен көрсөткөн номер боюнча сени менен байланышып, чоо-жайын тактап,  байге менен сүрөт жөнөтүү керектиги жөнүндө кабарлайт жана бул эмне үчүн зарыл экендиги жөнүндө айтат. ? Эми  эмне үчүн байге  менен түшкөн  сүрөттү  жөнөтүү керек? Маанилүү түшүндүрмө: сен байгенин эмес, байге  менен түшкөн ӨЗҮҢДҮН  сүрөтүңдү жөнөтүшүң керек. ?

 

Сенин сүрөтүң биздин отчет  үчүн  керек. Бул платформа жана бүткүл долбоор биздин эмгегибиз  гана эмес, донорлордун каржылоосунун да аркасында иштейт. Кошумчалай кетсек, сенин макулдугуң менен колдонуучулардын байгелер менен түшкөн сүрөттөрүнүн коллажын биз Инстаграм  жана Фейсбук  баракчаларына чыгара алабыз. Сенин  сүрөтүң башка максаттар үчүн  колдонулбайт жана таратылбайт. ?

 

Байгени  алгандан кийин дароо аны менен сүрөткө түшүп, аны толук аты-жөнүңдү көрсөтүү менен биздин  QleverKG_bot Телеграм  чат ботубузга жөнөт. Сүрөт жөнөтүлбөсө, тилекке каршы, кийинки жолу колдонуучу бирдиктерди жана байгелерди ала албайт. Колдонуучу сүрөттү жөнөтпөсө да, администратор аны менен байланышып, жеткирилбей калганынын себебин айтат. ?

 

Маалымат сен үчүн  пайдалуу болсо жүрөкчөнү  бас. QLEVERде ойно, жылдыздарды чогулт жана аларды байгелерге алмаштыр! ???

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.