Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Платформадагы белектер жана Qlever келечеги

10.11.2022 • 08:58

Салам!

Эки жылдан бир аз ашыгыраак убакыт мурда биз медиасабаттуулук боюнча уникалдуу аянтча болгон Qlever платформасын баштаганбыз . Биз чогуу өсүп, чогуу оюндарды жаратып, сынактарды өткөрүп, белектерди таратып келдик. Биз сени менен бирге билим алдык. Октябрь айынын аягынан тартып биздин долбоор жаңы стадияга өткөнүн кабарлайбыз.

Бул эмнени түшүндүрөт? Тилекке каршы, белектерди каржылоо аягына чыкты. Биз долбоордун уланышын абдан каалайбыз (айтмакчы, андай да болушу мүмкүн). Биз мунун үстүнөн жигердүү иштеп жатабыз жана жакында Qlever кайрадан өзүнүн белектер дүкөнүн ачышына мүмкүнчулүктөр пайда болууда. Бирок ушул тапта, биз дүкөндүн ишин акырындык менен жыйыштырууга мезгил келгенин маалымдайбыз.

Биз түшүнүп турабыз, көптөгөн оюнчулар белектерге жылдызчаларды топтоп келишкен... Бирок, бардык эле башка оюндар сыяктуу белектерге эң активдүү жана медиасабаттуу колдонуучулар ээ болушат. 

26-ноябрга чейин саат 19:00до биз дүкөндөгү белектердин эң акыркы партиясын таратабыз – бул жолу белектер абдан көп болот! Эгер сен дагы деле белегинди ала элек болсон, анда шашыл. Аз гана убакыт калды! Буйрутмалардын саны өтө көп болгондуктан, жеткирүүнүн узактыгы кеминде бир ай болушу мүмкүн экенин эсиңе ал. Эгер белектер дагы калып кала турган болсо, биз дагы ноябрь айында кошумча таратабыз. Бирдиктерди таратуу ноябрь айынын аягына чейин уланат. Эми жумасына эки жолу!

 

Ой, эң башкысын унутуп кала жаздаптырбыз. Qlever сенин менен бирге болот! Платформа мурдагыдай эле qlever.asia дареги боюнча жеткиликтүү жана сен билим алууну, биздин оюндарды ойногонду уланта берсең болот.

 

Платформанын жаңылыктарына көз салып тур, маанилүү жарыяларды өткөрүп жибербе. Байланышта бололу!

P.S. Ким белек алган болсо вотсапка жазгыла 0701753837

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.