Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 3 – 17-октябрь, 2022-ж.

18.10.2022 • 12:33

Салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм. 

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Казакстандык окуучулар БУТ сынагына даярдануу үчүн акысыз алдын ала онлайн-тест тапшыра алышат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazahstanskie-shkolniki-mogut-projti-besplatnoe-probnoe-onlajn-testirovanie-dlya-podgotovki-k-ent 

 

Адам укугу

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) журналист Абдулло Гурбатиге карата чыгарылган өкүмдү кескин сынга алды. Европа жана Борбордук Азия боюнча CPJ программасынын координатоору Гульноза Саид Комитет бул өкүмдү катаал жана акыйкатсыз деп эсептейт деп билдирди. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20221006/cpj-osudil-prigovor-abdullo-gurbati 

 

Биринчи май райондук соту (Кыргызстан) улутуна байланыштуу басынткан билдирүү камтылган Twitter-деги посту үчүн Бишкек тургунун бир жылга колонияга кести. Анын адвокаты Арстан Эрматов Kaktus.media редакциясына бул өкүмгө каршы жогорку инстанцияга – Бишкек шаардык сотуна арыз бергенин билдирген. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/468242_bishkekchanke_dali_god_turmy_za_tvit._advokat_podal_apelliacionnyu_jaloby.html 

 

Түркмөнстанда аялдарга карата көзөмөлду күчөтүү уланууда. Бул жолу өлкөдөгү аял жашоочуларга өзүлөрүн кантип алып жүрүү керектиги айтылды. “Бейтарап Түркмөнстан”  аттуу өлкөнүн борбордук басылмасы салттуу сүйлөө этикети туурасында макала жарыялады, анда аялдар күйөөсүн “дирилдей сыйлашы” керектиги айтылган. Макалада ошондой эле, күйөөлөр аялдарына, балдар аталарына кандай мамиле кылышы керектиги камтылган. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/32082109.html 

 

Түркмөнстанда блок кылынган IP-даректердин саны 1,2 млрд болду, бул дүйнөдөгү компьютердик тарматарда каражаттарды тааный   турган уникалдуу сандык идентификаторлордун санынын үчтөн бирин түзөт.  Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20221011/v-turkmenistane-zablokirovali-tret-sutshestvuyutshih-v-mire-ip-adresov 

 

Социум

АКШнын эл аралык өнүктүрүү Агенттиги (USAID) гендердик зомбулуктан жапа чеккен же ыктымалдуу топко кирген болжол менен 1000 аял үчүн кесиптик окутуу жана ишкердикке үйрөтүү боюнча программа баштады. Кененирээк: https://anhor.uz/news/gender-violence/ 

 

АКШнын эл аралык өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду (AKF) “Гүлдөгөн Тажикстан” аттуу биргелешкен долбоордун алкагында Кабодиён жана Шахртусск эки районунда таза суу менен камсыз кылуучу жаңы эки системаны жана мектептердеги дааратканаларды ишке киргизди. Таза суу менен камсыз кылуучу системалар 10 000ден ашуун үй чарбаларын таза жана коопсуз ичүүчу суу менен камсыз кылат, а жаңы дааратканалар 1500ден ашуун окуучу жана мугалимдер үчүн санитардык шарттарды жакшыртат. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20221007/usaid-rasshiryaet-dostup-k-vode-i-sanitarii-v-hatlonskoi-oblasti 

 

Казакстандын мамлекет башчысы демилге кылган “Жаратылышта таштанды жок!” аттуу жалпы улуттук ишембиликтин алкагында 2000ден ашуун адам тоолорду таштандылардан тазалоого катышты. Акцияга коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана ыктыярчылар тартылды. Алматылык студенттер ошондой эле Eco Student KZ республикалык долбоорун колдоп чыгышты. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/almatincy-sobrali-35-tonn-musora-v-gorah-zailijskogo-alatau 

 

Казакстандын ИИМи казакстандыктар алып жаткан SMS туурасында түшүндүрмө берди, алардын айтымында таркатма маалымдоо мүнөзүнө ээ. Мындай билдирүүлөрдү жашаган жери боюнча катоосу жокторго жөнөтүп жатышат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-mvd-rasskazali-ob-sms-kotorye-polucayut-kazaxstancy 

 

Биз менен болгонуң үчун рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Дайжестти даярдоого Алмабек Ибрайымов катышты.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.