Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Тааныш оюн жаңы дизайн менен.

12.10.2022 • 04:06

Карасаң, бизде Чындыктын шаары 2.0 жаңы оюну чыкты!

 

Факт менен пикирди айырмалай аласыңбы? “Кастык тилин” тааныйсыңбы? Фейктерди мыкты талдай аласыңбы? Анда тезинен Чындыктын шаары 2.0 оюнун ойноп көр, жылдызчаларды топтоп, белектерге алмаштыр!

 

Кейстер Борбор Азиянын медиамейкиндигинен алынган реалдуу мисалдар. Медиасабаттуулук көндүмдөрүңдү жакшырт жана маалыматтык коопсуздукта бол!

 

Жаңы карточкалар, жаңы деңгээлдер жана толугу менен жаңыланган дизайн. Сен ойноп баштадыңбы?! ? 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.