Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Борбор Азия жаңылыктар түрмөгү: 1 - 7 сентябрь, 2020-жыл

07.09.2020 • 16:10

Социум

Түркмөнстанда бет кап тагынуу режимин бузгандарды пахта терүүгө жөнөтүп жатышат. Марый велаятында бет кап тагынуу режимин бузуп кармалып, бирок айып төлөй албагандарды полиция күч менен пахта терүүгө жөнөтүп жатат. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/30814385.html

”Баламды жакшы адамдарга берем!”. Казакстандын Шымкентинде көчөдөгү зым карагайлардын бирине белгисиз бирөөлөр адаттан тыш жарнама илип кетишкен. Анда Агатка деген кызды ит сыяктуу «жакшы багып ала тургандарга» берем деп жазылган. Макалага шилтеме: https://www.zakon.kz/5038581-otdam-rebenka-v-horoshie-ruki-politsiya.html
 

Билим берүү

Кыргызстанда Брайль ариби менен көзү азиз же начар көргөн балдар үчүн окуу китеби басылды. Мындай китептер абдан жетишсиз, жана көп жылдан бери Борбор Азияда алар басылбай келет. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/164166_minobrazovaniya_izdalo_uchebniki_nashrifte_braylya_dlya_slepyih_islabovidyaschih_detey/

Казакстанда онлайн окутуу боюнча даттануулардын жаңы толкуну башталды. Бул жолу видео сабак убагындагы этикага сыйбаган учурлар туурасында сөз болуп жатат. Жаңы окуу жылындагы алгачкы эле сабактарда кандай окуялар орун алып жатканы туурасында бул жерден окусаңар болот: https://www.zakon.kz/5038519-kazahstanka-pozhalovalas-na-vklyuchenie.html

Өзбекстандын жогорку жана орто атайын билим берүү министрлиги учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жогорку окуу жайларында салттуу окуу формасын экинчи семестрдан баштап улантууну пландап жатат. Шилтеме:https://www.gazeta.uz/ru/2020/09/04/comeback/

Өзбекстандын билимдин сапатын көзөмолдөөчү мамлекеттик инспекциясы жогорку билим берүү жаатындагы аралыктан окутууну баалоо жана мониторинг кылуу үчүн @edumonitoring_bot аттуу Телеграм-ботун ишке салды. Аталган бот кантип иштей турганын билүү үчүн бул шилтемени басыңыз: https://podrobno.uz/cat/tehnp/v-uzbekistane-zapustili-telegram-bot-dlya-otsenki-kachestva-onlayn-obucheniya-v-vuzakh/

Түркмөнстанда мектеп окуучулары жаңы окуу жылын кызылча талаасында башташты. Өлкө түштүгүндө мектеп жашындагы балдардын түшүм жыйнап жүргөнүн көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундардын айтымында, балдар окуудан тышкаркы мезгилде кызылча жыйнаганы чыгышат, өлкөдөгү узакка созулган экономикалык кризистин айынан жакырчылыкка баткан үй-бүлөлөрүнө балдар ушундай жол менен материалдык жардам көрсөтүүгө аргасыз. Бирок... Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/30818788.html

 

Экология

Тажикстанда «Илим жана табият» телеканалын ачуу болжонуп жатат. Эмомали Рахмон 28- августта жаңы телеканалдын уставы жана түзүмү, ошондой эле кызматкерлердин саны жөнүндөгү токтомго кол койду. Телеканалдын жамааты 87 кызматкерден турат, анын ичине техникалык тейлөө персоналы да кирет. Кененирээк:

https://asiaplustj.info/ru/news/life/culture/20200904/novii-telekanal-nauka-i-priroda-zarabotaet-v-tadzhikistane-v-novom-godu

Казахстанда келерки беш жыл ичинде 2 миллиард дарак отургузуу болжонуп жатат. Ким жана кантип планетаны сактоого аракет кылып жатканын төмөнкү шилтеме боюнча окугула: https://www.zakon.kz/5038201-v-kazahstane-posadyat-2-mlrd-derevev.html

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.