Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 1-15 - август, 2022-ж.

19.08.2022 • 04:32

Баарыңарга салам!

Урра! QLEVER платформасына 2 жыл! 

Баарыңарды бул сонун салтанатка байланыштуу кутуктайм! Биз менен болгонуң үчүн рахмат! 

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин тартуулайм. 

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Кыргызстандык ата-энелер билим берүүнү коргоо үчүн биригишти. Биринчи каршылык акциясы жана кайрылуу. Кыргызстанда “Кыргыз Республикасындагы билим берүүнү коргоо боюнча ата-энелердин коомдук бирикмеси” түзүлдү. 

Кененирээк: https://kaktus.media/doc/464479_roditeli_obedinilis_chtoby_zashitit_obrazovanie._pervaia_akciia_protesta_i_obrashenie.html 

 

Казакстанда “Мектепке карай жол” аттуу кайрымдуулук акциясы башталды. Кантип жардам корсотүүгө жана алууга болот. Ар бир мектепте социалдык жардамга муктаж балдардын тизмеси түзүлгөн. Ар бир региондо туз байланыш линиялары ачылган. 

Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-zapustili-blagotvoritelnuyu-akciyu-doroga-v-shkolu-kak-poluchit-ili-okazat-pomosh 

 

Нур-Султан жогорку окуу жайларында кимдер үчун окуу акысы төлөнүп берилет. Социалдык жактан муктаж абитуриенттерден документтерди кабыл алуу 21-августка чейин улантылат. 

Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/komu-mogut-oplatit-obucenie-v-vuze-nur-sultana 

 

Назарбаев интеллектуалдык мектептеринде окуучуларга берилген жеңилдиктер кыскартылат. Муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн гана женилдиктер берилет. 

Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-nazarbaev-intellektualnyh-shkolah-sokratyat-lgoty-dlya-uchashihsya 

 

Кыргызстан билим берүү системасында реформа жүргүзүү үчүн Араб кординациялык тобунан $60 млн жана Глобалдык өнөктөштүктөн $15 млн алышы мүмкүн. 

Кененирээк: https://kaktus.media/doc/464662_kyrgyzstan_mojet_polychit_75_mln_dlia_reform_v_sisteme_obrazovaniia.html 

 

"Қазақстан халқына" фонду муктаж студенттерге бериле турган гранттын санын көбөйттү. Грант алуу үчүн арызды 25-августка чейин жолдоого болот.  Фонд бакалавриат программасы боюнча студентерге жана абитуриенттерге 2350 грант бөлүп берет. Ошондой эле фонд туруктуу стипендиянын колөмүн бекитти – 40 миң теңге, деп билдирет "Қазақстан халқына" фондунун басма сөз кызматы. 

Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/fond-qazaqstan-xalqyna-uvelicil-cislo-grantov-dlya-nuzdayushhixsya-studentov 

 

Адам укугу

Өзбекстанда Twitter жана башка соцтармактары ачылды. 1-августтан тартып Өзбекстанда Twitter, «ВКонтакте» соцтармактарына жана WeChat мессенжерине кирүүгө коюлган чектөөлөр алынды. Бул туурасында Газете.uz   редакциясына маалыматык жана коммуникациялык технологияларды  өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Шерзод Ахматов билдирди. 

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220802/v-uzbekistane-razblokirovali-twitter-i-drugie-sotsseti

 

"Зордуктоолор азайган жок". Кыргызстандын жарандык активисттери реалдуу сандардын маанилүүлүгү туурасында. “Аялдардын жана балдардын укугу үчүн” кыймылы аялдардын жана балдардын абалы күн санап начарлап жатканына тынчсызданууда. Ошондуктан кыймылдын мүчөлөрү ачык кайрылуу жолдошту. 

Кененирээк: https://kaktus.media/doc/464589_iznasilovaniy_ne_stalo_menshe._grajdanskie_aktivisty_o_vajnosti_realnyh_cifr.html 

 

Казакстандын жашоочусу эстеликке Z тамгасын жазганына байланыштуу камакка алынды. Караганда облусунун Сарань шаарынын соту жергиликтүү жаранды Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондорго арналган эстеликке Z белгисин тушүргөнү үчүн жети сутка камакка алынды. Бул туурасында Азатык Радиосу соттун басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен билдирди. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31984771.html 

 

Өзбекстанда жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөтүү үчүн жазаны катаалдаштырууну талап кылышууда. Соңку жылдар ичинде Өзбекстанда мектепте окуган кыздар зордукталган бир нече учур каталган, ал эми кылмышкерлер жеңил жаза менен кутулуп кетишкен, бул коомдун нааразылыгын жаратты. Бул темадагы талкууга президенттин улуу кызы Саида Мирзияева да кошулду. Балдар акыйкатчысы Алия Юнусова бул маселе боюнча Сенатка кайрылганын билдирди, деп кабарлайт  Centralasian.org.

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220812/v-uzbekistane-trebuyut-uzhestochit-nakazanie-za-seksualnoe-nasilie-nad-nesovershennoletnimi

 

Социум

Кыргызстанда дептер жана башка окуу куралдарына баа 1,5 эсеге өстү. Быйыл мектептерде окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда башталат. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/464909_ceny_na_tetradi_i_shkolnye_prinadlejnosti_vyrosli_v_15_raza_video.html 

 

Өзбекстандын Наманган облусунда археологиялык эстелик жок кылынды. Наманган облусунун Янгикурган районунда жергиликтүү жашоочулар «Гаистонтепа» археологиялык эстелигин жок кылышты, деп жазат UzNews маданий мурастар Агенттигинин басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен. Кененирээк: https://anhor.uz/news/gaistontepa/ 

 

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы 1-августтан баштап орточо эсеп менен эки эсе көтөрүлөт. Бул боюнча указга президент кол койду. Садыр Жапаров “Кыргыз Республкасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлердин жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы жөнүндөгү” указга кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы 2-августта билдирди. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/464568_zarplaty_gosslyjashim_podnimyt_v_srednem_v_dva_raza_s_1_avgysta._prezident_podpisal_ykaz.html 

 

Өзбекстанда кан берген донорлорго кошумча жеңилдиктер берилет. 2023-жылдын январь айынан тартып Өзбекстанда “Ардактуу донор” деген наамга ээ жарандарга бир жолку төлөп бериле турган акчалай сыйлыктын көлөмү 5тен 15 чейинки базалык эсептөө өлчөмүнө чейин көтөрүлөт. Бул туурасында «Фергана» президентин указына таянуу менен билдирди. Кененирээк:   https://anhor.uz/news/blood-donors/ 

 

Европа Биримдиги Түркмөнстанда иттерди коргоо боюнча мыйзамды колдоду. Евробиримдиктин Түркмөнстандагы өкүлчүлүгү иттерге карата мыкаачы мамилеге тыюу салган мыйзамдын кабыл алынышын колдоого алды жана “Мээрим жана сүйүү” он күндүгүн жарыялады, деп билдирет "Фергана".

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220808/evrosoyuz-podderzhal-zakon-o-zatshite-sobak-v-turkmenistane

 

Батырхан Шукенов жөнүндөгү балдар үчүн китептин Алматыда бет ачаары болду. Алматынын башкы ботаникалык багынын сахнасында казакстандык музыкант Батырхан Шукенов жөнүндөгү балдар үчүн китептин бет ачаары болуп өттү. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/detskuyu-knigu-o-batyrxane-sukenove-prezentovali-v-almaty 

 

Технология

Тажикстанда тажик сөздөрүн оңдой турган компьютердик программа иштеп чыгышты. Тажикстандын тил жана терминология боюнча комитети туура эмес жазылган тажик тилиндеги сөздөрдү Word программасында автоматтык түрдө оңдой турган программа иштеп чыкты.

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220801/v-tadzhikistane-razrabotali-kompyuternuyu-programmu-dlya-ispravleniya-tadzhikskih-slov

 

Абайла, шылуундар!

Душанбенин мериясы эскертет: соцтармактарда Рустам Эмомалинин фейк аккаунттары пайда болду. Душанбенин мериясы 1-августта сайтына соцтармактарда Мажилис Милли башчысы жана Душенбенин мэри Рустам Эмомалинин атындагы фейк баракчалары пайда болгону туурасында атайын билдирүү таратты.

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220801/meriya-dushanbe-preduprezhdaet-v-sotssetyah-poyavilis-feikovie-akkaunti-rustama-emomali

 

Казакстандын ИИМи интернет-шылуундук эмне үчүн көбөйгөнүн түшүндүрдү. Казакстанда онлайн-шылуундардын көбөйүшүнүн себептеринин бири жумушсуздук деп эсептейт ИИМ. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-mvd-obyasnili-pocemu-slucaev-internet-mosennicestva-stalo-bolse 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Дайжестти даярдоого Алмабек Ибрайымов катышты.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.