Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 11-18 – июль, 2022-ж.

22.07.2022 • 03:40

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Нур-Султандын бардык мектептеринде кара-көк түстөгү бирдиктүү мектеп формасы киргизилүүдө. Көйнөк жана кофта ак түстө гана уруксат берилет, кыздардын юбкасынын узундугу тизеден өйдө 5 см-ден ашпашы керек. 

Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/vo-vseh-shkolah-nur-sultana-vvodyat-edinuyu-shkolnuyu-formu-tyomno-sinego-cveta 

 

Биринчи класска бара турган окуучулардын ата-энелери мектепке электрондук жазылууга байланыштуу укук коргоочуларга даттанууларын улантууда. Бул туурасында “Балдардын укугун коргоо Лигасы” КФнун башчысы Назгүл Турдубекова билдирди. Алар Кыргызстан президенти Садыр Жапаровко, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровко, билим берүү министрине жана Бишкек мэрине кайрылуу даярдашкан. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/463492_roditeli_prodoljaut_jalovatsia_na_elektronnyu_zapis_v_shkoly._obrashenie_k_prezidenty.html 

 

Кыргызстанда мектеп директорлору ар бир беш жыл сайын алмаштырылат. Кыргызстанда бир адам жалпы билим берүү мекемесинин директорлук кызматында 5 жылдан ашык отура албайт. Бул туурасындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” аттуу Указга Кыргызстан президенти Садыр Жапаров кол койду, деп билдирет "Фергана" МА. 

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220713/v-kirgizstane-direktorov-shkol-budut-menyat-kazhdie-pyat-let

 

2022-жылы Кыргызстанда параюридикалык ишмердүүлүккө акысыз окутуу боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул туурасында Kaktus.media редакциясына "Сорос - Кыргызстан" Фондунан билдиришкен. 

Кененирээк: https://kaktus.media/doc/463535_v_kyrgyzstane_nachnyt_gotovit_parauristov._kto_eto_i_zachem_oni_nyjny.html 

 

Адам укугу 

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев финансылык пирамидалардын жарнамасы үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ошондой эле, мыйзамда финансылык пирамидаларды түзүү жана жетектөө үчүн салына турган санкциялардын жогорку чени көтөрүлдү. 

Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/tokaev-podpisal-zakon-ob-ugolovnoj-otvetstvennosti-za-reklamu-finpiramid 

 

Тажикстанда полициялык курчоого алуулар жана аскердеги кырдаал туурасында жазууга тыюу салынат. Аскер туурасындагы так эмес маалымат жазуу жана таркатуу үчүн административдик жаза каралат. 

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/power/20220712/v-tadzhikistane-zapretyat-pisat-pro-oblavi-i-situatsiyu-v-armii

 

Түркмөнстанда бир нече күндөн бери VPN-сервистери дээрлик иштебей жатат. Чектөөлөрдү айланып өтүүгө жол бере турган сервистер, өкмөт маалымат эркиндигин кескин чектеген өлкөдө калк үчүн бирден-бир мүмкүнчүлүк катары калып келет. Мындан тышкары, мурда VPN колдонбой эле ачылып келген сайттарга да эми блок коюлду.

Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31944875.html 

 

Социум

БУУнун генералдык Ассамблеясы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин кезектеги демилгесин колдоого алды. Уюмдун бардык мүчө өлкөлөрү Өзбекстан тарабынан 40 өлкө менен биргеликте иштелип чыккан Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундага карым-катнашты бекемдөө боюнча атайын резолюцияны бир добуштан жактырышты. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Кененирээк: https://anhor.uz/news/resolution/ 

 

Тажикстандагы пластикти кайра иштетүү боюнча стартап “Startup KPIs Day” иш чарасына катышты. Ecoplast аттуу желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетип, алардан тротуардык такталарды жасай турган тажик стартапынын өкүлдөрү онлайн түрүндө өткөн “Startup KPIs Day” венчурдук күн иш чарасына катышышты. 

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220713/tadzhikskii-startap-po-pererabotke-plastika-vistupil-na-startup-kpis-day

 

Тажикстанда ажырашуулардын саны көбөйүп, үйлөнгөндөр азаюуда. Соңку 6 ай ичинде өткөн жылга салыштырмалуу ажырашуулардын саны 12%га көбөйгөнү катталган. 

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220715/v-tadzhikistane-stali-bolshe-razvoditsya-i-menshe-zhenitsya

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.