Баарыңарга салам!
Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.
Кеттик анда!
Билим берүү
Тажикстандын билим берүү министрлиги жергиликтүү бийликти мектепке чейинки билим берүү боюнча программаны аткарбагандыгы үчүн сынга алды. Бул туурасында министрликтин 6 айдын жыйынтыгы боюнча жыйынында айтылды. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220707/minobrazovaniya-tadzhikistana-programma-doshkolnogo-obrazovaniya-ne-vipolnyaetsya
Япония Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлерин окутууга $2,76 млн доллар бөлдү. Өзбекстандын жогорку жана орто атайын билим берүү министри Абдукодир Тошкулов жана Япониянын элчиси Японии Ёсинори Фудзияма “Кадрларды даярдоо үчүн стипендия берүү” долбоору боюнча алмашуу ноталарына кол коюшту, бул туурасында «Газета.uz» Япония элчилигине таянып билдирген. Кененирээк: https://anhor.uz/news/jica/
Казакстанда үч нөөмөт менен окуган мектептер көбөйүүдө. Аймагамбетов жергиликтүү башкаруу органдарын сынга алды. Ал чиновниктерге мектептерди куруу республикалык эмес, жергиликтүү бюджеттин жоопкерчилигинде экенин эскертти. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/tryoxsmennyx-skol-stanovitsya-bolse-aimagambetov-raskritikoval-mestnye-organy-upravleniya
Адам укугу
Өзбекстандын сенаты калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндөгү мыйзамды карайт. 5-июлда Олий Мажилис Сенат Кеңешинин жыйыны болуп өттү, анда 8-июлда Сенаттын жыйырма сегизинчи пленардык жыйынын чакыруу боюнча токтом кабыл алынган. Бул туурасында парламенттин жогорку платасынын басма сөз кызматы билдирди. Кененирээк: https://anhor.uz/news/senate-meeting/
“Аялдар жана балдар укугу үчүн” кыймылы алардын кайрылуусуна карата президент Садыр Жапаровдун жообуна канагаттанган жок. “Тилекке каршы, аялдарды жана балдарды коргоо өлкөдө мамлекет башчы үчүн да, ар бир министр үчүн да биринчи орундагы милдет эмес экенин көрүп жатабыз” деп белгилешти алар. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/463125_jdem_vstrechi_s_vami._zashitniki_prav_jenshin_i_detey_ne_ydovletvoreny_otvetom_prezidenta.html
Казакстанда күнүмдүк тиричиликте зомбулукка кабылгандардын 63% арыз жазуудан баш тартышат. Жыл башынан бери полицияга тиричилик зомбулугу боюнча 68 миңден ашуун билдирүү түшкөн. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/63-zhertv-bytovogo-nasiliya-v-kazahstane-otkazyvayutsya-pisat-zayavleniya
Социум
Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Ислам уюмунун (ИСЕСКО) материалдык маданий мурастарынын тизмесине Тажикстандагы 19 эстелик киргизилди. Бул туурасында «Азия-Плюс» агенттигине Тажикстандын маданият министрлигинин тарыхый-маданий мурастарды пайдалануу жана коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Мирзошариф Абдусаломов билдирген. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/life/culture/20220708/pamyatniki-istorii-i-kulturi-tadzhikistana-vklyucheni-v-spisok-naslediya-isesko
Өзбекстан биринчи жолу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин мүчөсү болду. “Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча” Конвенцияга мүчө өлкөлөрдүн Генералдык Асссамблеясынын ЮНЕСКОнун баш кеңсесинде өткөн (Париж) 9- сессиясында Өзбекстан материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин мүчөсү болуп шайланды. Бул туурасында Өзбекстандын туризм жана маданий мурастар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кененирээк: https://anhor.uz/news/unesco/
БУУ Кыргызстанды аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөштү күчтөндүрүүгө чакырды. Бул туурасында уюмдун сайтында маалымдалган. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/463243_oon_prizyvaet_kyrgyzstan_ysilit_borby_s_nasiliem_v_otnoshenii_jenshin_i_devochek.html
Биз менен болгонуң үчүн рахмат!
Көрүшкөнчө!
P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!