Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 27-июнь – 4-июль, 2022-ж.

05.07.2022 • 11:43

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Кыргызстандык окуучулар менен студенттер спутник курууга үйрөнүштү. ЮНИСЕФ Кыргызстандын инженердик билим берүү Ассоциациясы менен биргеликте Кыргыз техникалык университетинин базасында биринчи ирет “Космостук технологиялар. Кыздар үчүн жаңы горизонттор” аттуу эл аралык жаштар форумун өткөрүүдө. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/462815_kyrgyzstanskie_shkolniki_i_stydenty_poychilis_spytnikostroeniu.html 

 

Бишкекте мектептерге электрондук жазылуунун экинчи этабы башталды. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/462287_startoval_vtoroy_etap_elektronnoy_zapisi_v_shkoly_bishkeka.html 

 

Адам укугу 

Казакстандын сенаты санариптик документтер менен кагаз түрүндөгү документтердин бирдейлиги жана никени каттоо мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө мыйзам кабыл алды. Мыйзамда жарандык абалдар актыларын мамлекеттик каттоо тармагындагы күбөлүктөрдү электрондук форматка өткөрүү жөнүндөгү өзгөртүүлөр киргизилди. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/senat-prinyal-zakon-o-ravnoznacnosti-cifrovyx-i-bumaznyx-dokumentov-i-sokrashhenii-sroka-registracii-braka 

 

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматы боюнча Тажикстанда сууга чөккөн балдардын санынын жылдын башынан берки статистикасы көңүл жылытарлык эмес. Быйылкы сезондо сууга чөккөндөрдүн жарымынан көбү – балдар. Ата-энелердин кайдыгердиги – мындай кырсыктардын негизги себеби болууда. Көзөмөлсүз калган тажик балдары дагы башка кандай кырсыктарга кабылышат? Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220702/bez-prismotra-v-kakie-bedi-popadayut-tadzhikskie-deti-iz-za-halatnosti-svoih-roditelei

 

Депутат Айсара Абдибаева Кыргызстанда депутаттардын тартибине жооп берген этика боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/462753_aysara_abdibaeva_predlagaet_sozdat_komissiu_po_etike_otvechaushyu_za_discipliny_depytatov.html 

 

Социум

Дүйнөлүк Банк Тажикстанга таза суу менен камсыз кылуу үчүн $45 млн доллар берет. Дүйнөлүк Банктын аткаруучу директорлор кеңеши Тажикстанда суу менен камсыз кылуу жана санитария боюнча инвестициялык долбоорду каржылоо үчүн $45 млн доллар өлчөмүндөгү грантты кабыл алды, деп айтылат уюмдун пресс-релизинде. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220628/vsemirnii-bank-dast-tadzhikistanu-45-mln-dlya-uluchsheniya-dostupa-k-pitevoi-vode 

 

Казакстандыктардын 39% ММКларга ишенбейт. Атайын жумушчу топ Казакстандагы ММКларды жакшыртуу боюнча иш алып барууда, деп билдирет маалымат министрлиги. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/39-kazaxstancev-ne-doveryayut-smi 


 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.