Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 20-27 - июнь, 2022-ж.

01.07.2022 • 06:21

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Душанбеде жайында балдарды эмне менен алаксытууга болот? Акыл-эсти өстүрө турган пайдалуу курстардын чакан тизмеси. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220626/chem-v-dushanbe-zanyat-rebenka-letom

 

Өзбекстандын өкмөтүнүн токтому менен майыптыгы бар жаш адамдарга жол кире, турак-жай жана билим алуу чыгымдарын жабуу үчүн субсидия берүүнүн Административдик регламенти бекитилди. Майыптыгы бар жаш адамдарга мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарында кесипке ээ болуу, программалоо, жалпы билим берүү предметтери, чет тили боюнча билим алуусу үчүн, ошондой эле, зарылдык болгон учурларда турак-жай акысы жана жол киреси үчүн 50 БРВ (15 млн сумга чейин) чейин өлчөмдөгү субсидия бөлүнөт. Кененирээк: https://anhor.uz/news/tutor/ 

 

Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Эл аралык тюрксой академиясынын илимий кеңешинин V жыйынында түрк дүйнөсүнүн жалпы окуу пособиялары боюнча жыйынтыктоочу чечим кабыл алынды, деп билдирет "Анадолу" түрк агенттиги. Жыйындын катышуучулары аталган пособияларды өз өлкөлөрүнүн орто билим берүү мекемелеринин окуу программаларына киргизүү боюнча протоколго кол коюшту. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/462624_v_shkolah_kyrgyzstana_stanyt_izychat_turkskyu_istoriu_literatyry_i_geografiu.html 

 

Адам укугу

Балкан велаятынын Түркмөнбашы шаарында (Түркмөнстан) полициянын жол көзөмөл Кызматы аял айдоочуларга карата көзөмөлдү күчөттү. Жол полиция кызматкерлери унаа айдап бара жаткан аялдарды токтотуп, ар кандай шылтоо менен алардын айдоочулук күбөлүгүн алып коюп, унааларын айыптык унаа токтотуучу жайга алып кетишүүдө.

Кененирээк: ttps://rus.azathabar.com/a/31910339.html 

 

21-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү Программасы Өзбекстандын сенаты менен биргеликте “Өзбекстандын аял-лидерлеринин диалогу” долбоорун башташты. Анын максаты аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүү, гендердик теңчилик, аялдардын лидердик сапаттарын өнүктүрүү, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу туурасында коомчулукка маалымдоо, ошондой эле, Өзбекстандын гендердик теңчилик боюнча Улуттук стратегиясынын алкагындагы реформаларды кеңири коомчулук менен талкуулоо. Бул туурасында Anhor.uz агенттигине БУУӨП билдирген. Кененирээк: https://anhor.uz/news/dialogue/ 

 

21-июнда ЮНИСЕФ балдарга жана аялдарга карата зомбулукка көз жумуу боюнча эскертүү жасап, мындай учурларга карата коомчулуктун мамилесин өзгөртүүгө чакырды. Аталган уюм үй-бүлөлөрдү колдой турган кызматтарды жана зомбулукка кабылгандарды коргоонун натыйжалуу системаларын жакшыртуу маанилүү экенин белгилейт. Өзбекстанда социалдык тармактарда аялдар менен балдарга карата зомбулукту чагылдырган бир нече видеороликтер таркагандан кийин, ЮНИСЕФ мындай окуяларга карата кабатырлануусун билдирип, бул нерселер кадыресе көрүнүшкө айланып жатканына тынчсызданууда: айрым мындай окуялар, ымыркай бала катышкан учурларда да ачык эл алдында, күбөлөрдүн көзүнчө эле ишке ашууда. Кененирээк: https://anhor.uz/news/end-violence/ 

 

Социум

Түркмөнстанда буудайын оруп-жыйып бүткөн дыйкандар алар ижарага алган жерлерден экинчи жолу түшүм алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрып коюшканына даттанышууда. Арендаторлордун айтымында, буудайды жыйнап алгандан кийин, экинчи тушүм алуу үчүн жер тилкелери укук коргоо органдарында жана чоң кызматтагы колдогон адамдары бар оокаттуу адамдарга берилип жатат. Бул туурасында 23-июнда Лебап велаятындагы Азатлыктын кабарчысы билдирди. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31914706.html 

 

Тажикстанда жайкы эс алуу сезону башталды. Элдин баары эле кайда барып эс алуу оңойураак болот, Тажикстандын кайсы өлкөлөр менен визасыз алакасы бар деп ойлонуп жатышат. Биз тажикстандыктар визасы жок кайсы өлкөлөргө бара ала турганын жана кайсы өлкөлөргө жеринен барып виза алууга боло турганын изилдеп көрдүк. «Passportindex» маалыматы боюнча, Тажикстан жарандары 21 өлкөгө визасы жок бара алышат, 42 өлкөгө ал жакка баргандан кийин виза алса болот. Үч өлкөдө электрондук уруксат талап кылынат, ал эми 132 өлкөгө колунда визасы жок болсо кирүүгө уруксат берилбейт. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/life/travels/20220625/kuda-ehat-na-otdih-kakie-strani-tadzhikistantsi-mogut-posetit-bez-vizi

 

Казакстандын улуттук статистика бюросу Казакстанда карылык индекси боюнча маалымат менен бөлүштү. Беш жыл ичинде бул көрсөткүч 0,7 пунктка көтөрүлгөн. Казакстанда карылык индекси соңку беш жылда жогорулады, деп билдирет улуттук статистика бюросу. Сөз 15 жаштан төмөнкү жана 65 жаштан жогорку адамдардын катышы туурасында болуп жатат. 2021-жылы бул көрсөткүч 26,6 болчу – башкача айтканда, 100 балага 26,6 улгайган адам туура келчү. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/naselenie-kazaxstana-stalo-starse 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.