Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кыргыз режиссеру Байзак Маматалиевдин "Кайыкта" кыска метраждуу тасмасы Данияда өткөн эл аралык кинофестивалдын  мыкты сценарийи үчүн сыйлыка ээ болду

03.09.2020 • 05:27

Кыргыз режиссеру Байзак Маматалиевдин "Кайыкта" кыска метраждуу тасмасы Данияда өткөн эл аралык кинофестивалдын  мыкты сценарийи үчүн сыйлыка ээ болду.

OFF (Odense International Film Festival) Даниянын Кыска метраждуу кинофестивалы - Даниядагы эң эски жана ири кинофестивалы, жыл сайын кино сүйүүчүлөрдүн башын бириктирип, адатта чоң экранга чыга албаган дүйнөнүн ар кайсы жанрындагы тасмаларды көрсөтөт. 2013-жылдан бери, ошондой эле кыска метраждуу тасмалар категориясына Оскар тандап алуу үчүн кабыл алынган биринчи Дания кинофестивалы болуп калды.

Фильмдин режиссёру Байзак Маматалиев Facebook  баракчасында тасманын жаралышына катышкан адамдардын баарына ыраазычылыгын билдирди.

“Кудайга шүгүр. "Кайыкта" аттуу кыскаметраждуу кинобуз Данияда өткөн Эл аралык Оденс кинофестивалында байге алды. Сценарийин жазышкан жана көркөм жетекчилик, продюсерлик кылган агайым, Темир Бирназаровду, сценарийге жан киргизген командамы: Караш Жанышов, Эрлан Омурбеков, Абылай Маратов, Чоро Сыдыков, Марина Фальман, Алымбек Турсунбаев, кеп-кеңешин айткан Асель Жураева, Аманбек Ажымат, Гульбара Толомушова эже-агаларымы, жардам берген коллегам Мээрим Догдурбекова, иним Биймырза Нурланбек Уулу  куттуктаймын жана ыраазычылыгымы билдирем. Бар болуңуздар”.

"Кайыкта" чыгармасы 25 жаштагы мусулман баланын көлдөн кайык менен адамдарды бир жээктен экинчи жээкке ташып, оокат кылганын жана христиан дининдеги ай күнүнө жеткен боюнда бар аялды кайыкка салып бир жээктен экинчи жээкке жеткирүүгө мажбур болгонун баяндайт.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.