Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Адамдын мээсин башкаруу мүмкүнбү?

03.09.2020 • 04:31

Өткөн жумада америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск илимий чөйрөдө дагы бир чоң жетишкендик жасады, бул тууралу Азаттык Уналгысы кабарлады.

2016-жылы Илон Маск негиздеген Neuralink компаниясы үч чочконун мээсине зымсыз компьютер чиптерин ийгиликтүү орнотту. Пресс-конференция учурунда Маск чочкону эки айдан бери мээсине чип орнотуп жашаган Гертруданы көрсөтүп: "Мына, Гертруда, ден соолугу чың, бактылуу, жашоону сүйгөн чочко" деп айтты.

Ишкердин айтымында, диаметри сегиз миллиметр болгон чипти бир сааттын ичинде адамдын же жаныбардын мээсине орнотуп, андан кийин ден-соолукка зыян келтирбестен алып коюга мүмкүн.

Иштелип чыккан аппарат Альцгеймер оорусуна каршы күрөшүү, омуртканын сынышы, шал, сүйлөө жана басуу бузулуштарын дарылоодо колдонулса болот. Имплант бейтаптын оюн окуп, телефондогу, смартфондогу атайын программага чыгарат.

“Бул имплантта дене табын, кан басымын ченеген акылдуу саат менен смартфондогудай эле сенсорлор бар. Чынында, бул аппарат андан көп функцияларды аткара алат. Мисалы, сиздин ден соолугуңузга көзөмөл салып, инсульт, жүрөгүңүздүн чыңалышы жана башка коркунучтар тууралуу алдын-ала кабар берет. Керек болсо мээңизге музыка коюп бере алат. Бул сиздин телефон мээңизге түшүп калгандай.”

Адамдын мээсин компьютерге тутуштырууну кыялданган миллиардер-ишкер, жасалма интеллект - мээге салына турган «Нейролинк» аттуу жаңы технологиянын үстүндө төрт жылдан бери иштеп келет. Илон Масктын айтымында, келечекте бул технологияны колдонгон адамдардын сүйлөшпөстөн эле, аралыктан пикир алмашуусуна шарт түзүшү ыктымал.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.