Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 30-май – 6-июнь, 2022-ж.

14.06.2022 • 04:53

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда!

 

Билим берүү

Дүйнөлүк гимназиада 2022 сынагынын жеңүүчүлөрү 50 билим берүү грантына ээ болушту, деп билдирет Казакстандын билим берүү министрлиги. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/50-grantov-na-obuchenie-v-kazahstanskih-vuzah-vruchili-prizyoram-vsemirnoj-gimnaziady

 

 

Адам укугу

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Айша Карпаеванын адискөйлүгүнө күмөндүгүн билдирди – анткени ал аял болгону үчүн гана, деп билдирет 24.kg.

Кененирээк:  https://24.kg/vlast/235609_jenschina_smojet_podnyatsya_nagoru_deputat_zasomnevalsya_vkompetentsii_zamministra/

 

Бишкекте “Кыргыз Республикасынын саясатындагы аялдарга карата зомбулук” аттуу иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тегерек стол өттү.

Иликтөө көрсөткөндөй, тобокелге салып саясатка аттанган аялдар көптөгөн кошумча кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга жана зомбулуктун бардык формаларына туш болушат, маселен алардын жеке өзүлөрүнө карата зомбулукка да. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/461073_issledovanie:_jenshiny_politiki_kyrgyzstana_stalkivautsia_so_vsemi_formami_nasiliia.html

 

Жайкы эс алуу – бул жөн гана сабактардан бошоп, көчөдө бекер басуу эмес, ден соолукту чыңдап, жаңы көндүмдөрдү үйрөнүү мезгили. Биз жайкы легерлер жана алардын өзгөчөлүктөрү туурасында пайдалуу маалыматтарды топтодук. Кененирээк:  https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220604/kanikuli-v-tadzhikistane-gde-rebenku-otdohnut-etim-letom

 

Тажикстанда журналистер менен блогерлер феминизм туурасында эмне деп айтышат? Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220531/kak-v-tadzhikistane-zhurnalisti-i-blogeri-govoryat-pro-feminizm

 

1-июнь балдарды коргоо күнүндө Түркмөнстанда массалык иш чаралар өткөрүлүп, ага балдарды зордоп катыштырышты. Бул күнү Мары велаятынын административдик борборунда таң эрте Дүйнөлүк велосипед күнүнө карата массалык веложарыш уюштурушту. Бул иш чарага катышууга бюджеттик кызматкерлерди мажбурлашты. Бул туурасында аймактагы Азатлык кабарчысы билдирүүдө. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31878720.html

 

Журналист-иликтөөчү Болот Темиров жетектеген "Нью Медиа" (Кыргызстан) коомдук фонду World Justice Challenge 2022 эл аралык сынагынын финалисти болду. Бул туурасында Темиров өзүнүн Facebook баракчасында жазган. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/461086_proekt_bolota_temirova_stal_finalistom_world_justice_challenge_2022.html

 

 

Социум

Дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча тынчсыздануулар күчөп турган чакта Түркмөнстанда эгин жыйноо өнөктүгү бийликтин катуу көзөмөлү астында жүрүүдө. Тежен жана Бабадайхан этраптарынын дыйкандарынын айтымында, бул жылы аларга “бир тоголок эгин да” өзүлөрүнө калтыргууга уруксат беришкен эмес. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31883198.html

 

Нурсултандын башкы санитардык дарыгери Сархат Бейсенова эмне үчүн шаардык фонтандарга сууга түшүүгө болбой турганын айтып берди. Биринчи кезекте, фонтандардын суусу тез-тезден алмаштырылбайт, ошондуктан ар кандай вирус же паразиттерди жугузуп алуу мүмкүндүгү жогору. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/gepatit-a-i-konyunktivit-cem-mozet-obernutsya-kupanie-v-gorodskix-fontanax

 

Казакстандын эмгек жана калыкты социалдык жактан коргоо министри Тамара Дуйсенова Казакстанда иштеген онлайн-платформалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда интернет-платформалардын негизинде калкты жумуш менен камсыз кылуунун жаңы формаларын тескөө амалдары талкууланды, деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы. Талкууга Naimi.kz, Quick Work, Яндекс.Такси, Kolesa group, Glovo.kz, Chocofood, Aviata, Chocotravel жана Wolt өкүлдөрү катышышты. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/taksisty-i-kurery-v-kazahstane-poluchat-socpaket-pilotnyj-proekt-zapustyat-v-iyule

 

2022-жылдын башына карата Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 млн 555 миң бала бар, алардын жарымынан көбү (51%) эркек балдар. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети келтирүүдө. Мекеменин маалыматы боюнча, 2021-жылдын башына салыштырганда балдардын саны 43 миңге өскөн же 1,7%га көп. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/460963_skolko_v_kyrgyzstane_detey_dannye_nacstatkoma.html

 

2019-жылы Кыргызстанда кыска мөөнөттүү микрозайм кызматтары пайда болгон. Шарттары жөнөкөй жана ишенимдүү болгондуктан алар калк ичинде тез эле жайылып кетти. Он миңдеген адамдар айлыкка чейин чакан суммадагы акча алып, ошонун эсебинен чыгымдарын жаап келишкен. Бирок, 2021-жылы Жогорку Кеңеш Жарандык кодекске толуктоо киргизип, микрозайм берген компаниялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Буга негиздүү түшүндүрмө берилген эмес, ал эми микрозайм рыногу көмүскө иштеп баштады. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/461020_nazad_v_lihie_90_e._pochemy_v_kyrgyzstane_stali_popyliarny_nelegalnye_mikrozaymy.html

 

1-июнда дүйнө жүзүндө балдарды коргоо эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам чоңдорго балдардын укугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоо керектиги туурасында эске салып турат. Бул датага карата Kaktus.media редакциясы Кыргызстандагы балдар жөнүндө жети маанилүү факттарды топтоду. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/460991_7_faktov_o_detiah_kyrgyzstana_v_kartinkah.html

 

Ташкентте бюджеттик нан кескин кымбаттады. “Буханка” деп таанылган нан кечээ эле 1600 сум болсо, бүгүн 2800 сумга чейин көтөрүлдү. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220601/v-tashkente-znachitelno-podorozhal-hleb

 

Технология

Кечелекте божомолдонгон 6G уюлдук байланыш стандарттары таркаганга чейин эле адамдын денесине киргизилген девайстар смартфондорду колдонуудан сүрүп чыгарат. Мындай прогнозду Nokia компаниясынын башкы аткаруучу директору Пекка Лундмарк  Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди, деп жазат CNBC. Анын пикири боюнча, 6G тармагынын коммерциялык деңгээлде колдонулуп башташы 2030-жылдарга туура келет.

Кененирээк:   https://informburo.kz/novosti/gendir-nokia-devajsy-vstroennye-v-lyudej-stanut-populyarnee-smartfonov-eshyo-do-poyavleniya-6-g

 

27-майда АКШнын эл аралык өнугүү Агенттиги (USAID) «IT Women – Karakalpakstan» долбоорун баштады – бул Каракалпак Республикасындагы элет аялдарын маалыматтык-коммуникациялык технологияларга окутуу боюнча комплекстүү программа. Программада МКТ боюнча базалык көндүмдөрдү окутуу каралган, ал көндүмдөр аялдарга жумушка орношууда жана жеке ишкердигин баштоодо кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кененирээк: https://anhor.uz/news/it-women/

 

Тажикстанда иштеген онлайн-платформаларга карата чакан анализ көрсөткөндөй, өлкөдө жумуш берүүчүлөр жана жумуш издегендер керектүү позицияларды таба ала тургандай бирдиктүү система жок. Бул көйгөйдү БУУӨП менен бирдикте “Бизнес Мектеп” чечүүгө аракет көрүүдө – алар жумуш орундарын, резюме жайгаштырууга боло турган жана жумуш издөөдө түз байланышты камсыз кыла турган портал түзүүнү демилгелешти.

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220604/novaya-onlain-platforma-soedinit-rabotodatelei-i-frilanserov

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.