Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 23-30 – май, 2022-ж.

03.06.2022 • 05:27

Баарыңарга салам!

 

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

 

Кеттик анда!


 

Билим берүү

Казакстанда быйыл 18-жолу өтүп жаткан Бирдиктүү улуттук тестирлөөнүн биринчи жумасында, тестирлөө учурунда колдонууга тыюу салынган предметтерди колгонууга аракет көргөнү үчүн 22 абитуриент аудиторияга кире албай калышты, ал эми дагы 21 абитуриент тест тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды, деп билдирет Улуттук тестирлөө борборунун директору Руслан Емелбаев.

Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/ent-i-shpionskie-sredstva-chto-prinosyat-abiturienty-na-ekzamen 

 

Окуу жылы аяктап келе жатат, аны менен бирге мектеп директорлорунун алдында турган маселелер курчуп, ошондой эле окуучулар менен ата-энелерге карата талаптар күчөй баштады. Түркмөнстандын мектептеринде ремонт иштери үчүн акча чогултуу кызуу жүрүп жаткан кези. Өлкөнүн батыш аймактарындагы кырдаалды кабарлаган Азатлыктын кабарчыларынын айтымында, дээрлик бардык мектептерде ар бир окуучудан 200дөн 600гө чейинки манат каникулга чейин чогултуу талап кылынууда. Сумма билим берүү мекемесинин чечиминен көз каранды. 

Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31866903.html 

 

Душенбенин көптөгөн бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо жаңырды. «Азия-Плюс» редакциясы бүтүрүүчүлөр келечекте ким болгусу келет жана окууга кайда тапшырууну каалашарын билип келди. Улан-кыздардын арасында АКШ жогорку окуу жайларына бюджеттик негизде тапшыра алгандары да бар экен.

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220527/kem-hotyat-stat-dushanbinskie-vipuskniki-i-kuda-postupayut

 

1-июндан тартып Тажикстанда бардык мектептерде окуу жылы расмий түрдө аяктайт: бир нече жылдан бери “акыркы коңгуроо” кагылбай жана салтанаттуу иш чара өткөрүлбөй келет.

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220524/tadzhikskie-pervoklassniki-vihodyat-zavtra-na-kanikuli-ostalnie-shkolniki-uchatsya-do-leta

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына өтүүгө даяр деп эсептейт. Ал бул туурасында 30-майда өткөн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Кененирээк: https://kaktus.media/doc/460799_edil_baysalov_vyskazal_svoe_mnenie_otnositelno_12_letnego_obycheniia_v_shkolah.html 

 

Бишкек шаардык кеңешинин депутапты (Кыргызстан) Элнура Дуйшекеева мектеп программасына digital-маркетинг боюнча сабак киргзүүнү сунуштады. Ал өз сунушун шаардык кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Кененирээк: 

https://kaktus.media/doc/460641_v_shkolah_bishkeka_predlagaut_vvesti_digital_marketing.html 


 

Адам укугу 

Аялдарга карата болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүлүп, алардын жеке жашоосуна кийлигишүү күчөп турган мезгилде Түркмөнстандын коомдук уюмдары өлкөдө гендердик теңчилик идеясын илгерилетүү боюнча планды талкуулоодо. Түркмөнстандагы аялдарды басмырлоонун бардык түрүн жок кылуу боюнча планды иштеп чыгуу туурасындагы талкууну өкмөттүн колдоосу менен иш алып барган уюмдар өткөрүүдө.

Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31865122.html 

 

Бийлик тарабынан айрым косметикалык процедураларга жана чач жасоого тыюу салынгандан кийин Түркмөнстанда сулуулук салондору көмүскө иштегенге өтүп жатышат. Натыйжада чач кырккандар, маникюр жасагандар жана косметологдор тыюу салынган кызматтарды жабык эшик артында өз үйлөрүндө жасашууда. Түркмөнстандагы көптөгөн сулуулук салондору авторитардык өкмөттүн тыюу салууларына кулак салбай, тыюу салынган айрым модалуу тенденцияларды, мисалы кирпик чаптоо, акрил тырмактарын жасоо сыяктуу кызматтарды жашыруун түрдө сунушташууда, деп билдирет Ашхабаддын жашоочусу.

Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31874569.html 

 

Өзбекстанда жаштарга терс таасир бере турган маалымат таркаткан ММК жана Telegram-каналдарын административдик жазага тартуу сунушталууда. Бул туурасында маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директору Асаджон Ходжаев билдирди деп шилтеме келтирет Nova24.uz. Соңку эки жыл ичинде ММКларда жана ар түрдүү каналдарда жек көрүүчүлүктү жана диний кастыкты тутандырган 18 миңден ашуун билдирүү таркатылган. Асаджон Ходжаевдин айтымында, агенттик маалыматтарды таркатуучуларга эскертүү жасаганы менен, негативдүү билдирүүлөр баары бир тарап кетип жатат, анткени аларга карата административдик жаза колдонулбайт.

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220530/v-uzbekistane-predlozhili-nakazivat-smi-i-telegram-kanali-za-negativnuyu-informatsiyu


 

Социум 

27-майда АКШнын эл аралык өнүктүрүү Агенттиги (USAID) «IT Women – Karakalpakstan» аттуу Караклпакстан Республикасындагы элетте жашаган аялдар менен кыздарга маалыматтык-коомуникациялык технологиялар (МКТ) боюнча билим берүүгө арналган комплекстүү программаны ишке киргизди.  Программа МКТ жаатындагы негизги көндүмдөргө окутууга багытталган, бул аялдарга жумушка орношууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып жана өзүнүн жеке ишин баштоого шарт түзөт.

Кененирээк: https://anhor.uz/news/it-women/

 

Каракалпакстандык Бекназар Абдикамалов жана Азиз Муртазаев Түштүк Кореялык өнөктөшү Джастин Ким менен бирдикте психикалык саламаттык жаатындагы Ami аттуу стартапты ишке ашыруу үчүн Meta (Facebook) компаниясынан грант утуп алышты. Инвестициянын суммасы - $3 млн. Бул туурасында маалыматтык технологияларды жана коммуинкацияларды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Долбоор өз ичине психиатриялык жардамды жеткиликтүу кыла турган онлайн кеңеш берүү сессияларын камтыйт. Бул Азия өлкөлөрүндөгү компания ээлерине өз кызматкерлеринин менталдык саламаттыгын жакшыртуу үчүн аталган софтту ишке салууга жол берет.

Кененирээк: https://anhor.uz/news/ami/ 

 

2022-2030-жылдарга карата социалдык коргоо боюнча улуттук стратегияны Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругунун долбоору аркылуу бекитүү пландалууда. Документ финансы министрлиги тарабынан иштелип чыккан жана коомдук талкуу үчүн 3-июнга чейин сайтка жайгаштырылган, деп жазат Sputnik. Жарандарды кырсыктардан, жумушсуз калуудан жана финансылык жоготуулардан коргоо үчүн социалдык камсыздандыруу Фонду түзүлөт.

Кененирээк:  https://anhor.uz/news/social-insurance/ 



 

Технология

Интернетке кошулган автомобилдерге арналган жана унаа кожоюндарынын учеттук катталу маалыматтарын пайдаланган уюлдук тиркемелердин жарымынан көбү купуялуулук боюнча ыктымалдуу коркунучтар туурасында эскертишпейт, деп билдирет Казактсандагы "Лаборатории Касперского" уюмунун басма сөз кызматы. Эксперттер интернетке кошулган автомобилдер үчүн 69 уюлдук тиркемени анализ кылып чыгышакна, мындай программалардын 58% купуялуулук боюнча ыктымалдуу коркунучтар туурасында эскертишпейт. Чоочун тиркеме аркылуу башкарууну сунуштаган автомобилдик маркалардын бешилтигинне төмөнкүлөр кирет: Tesla, Nissan, Renault, Ford жана Volkswagen.

Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/polzovateli-mobilnyh-prilozhenij-dlya-avto-riskuyut-poteryat-kontrol-nad-svoej-mashinoj 

 

Экология 

 

Канн кинофестивалынын альтернативалык программасынын алкагында 21-майда орус жана француз режиссерлору Лина Цримова менен Дени Гербран тарабынан тартылган “Холм” аттуу документалдык тасманын бет ачары өттү. Бишкектеги таштандылар полигонунда тартылган тасмада таштандыда иштеген бир нече адамдын тагдыры туурасында баяндалат. Тасма бир гана экология жана социалдык теңсиздик туурасында эмес,  саясий подтекст жана авторлордун өткөн жана учурдагы жашооңду кайра калчап чыгуу жөнүндөгү ойлору да камтылган. Тасманын авторлорунун бири - Лина Цримова – тасма көрсөтүлүп бүткөндөн кийин Украниадагы согушту сындаган билдирүү жасады. “Азаттыкка” берген интервьюсунда ал тасма туурасында, Россиянын постсоветтик мейкиндикте жана айлана-тегеректеги жүргүзгөн саясаты туурасында ой бөлүштү. Режиссер бул темаларды жакындан билет – ал Кавказда, Кабардино-Балкария Республикасында туулган жана бала күнүнөн тартып журналист болууну самаган.

Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31865528.html 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

 

Көрүшкөнчө! 

 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.