Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

“Геймер күнү” конкурсунун жыйынтыктары

30.05.2022 • 17:23

Достор, биздин супер конкурсубуз аяктады! Жеңүүчүлөрдүн тизмесин жарыялоого мезгил келди:

1 Айдай007

2 talantbekovnaaim

3 BekaLP

Видео-оюндардын чыныгы фанаттарын куттуктайбыз жана катышуучулардын баарына ыраазычылык билдиребиз! Азыр болсо назарыңарга туура жоопторду сунуштайбыз:

№ 1. Сен жок дегенде бир жолу Minecraft ойноп көрүүгө аракет кылсаң керек. Баштапкы деңгээлинде, ар бир оюнчу эки бөлүктөн турган 10 жүрөкчө алат.  

№ 2.  Mortal Kombat – Эд Бун жана Жон Тобиас тарабынан түзүлгөн файтинг жанрындагы видео-оюн. Алгач оюндун түзүүчүлөрүндө Жан-Клод Ван Даммдын катышуусунда видео-оюн чыгаруу идеясы болгон, бирок анын ордуна 1992-жылы Mortal Kombat пайда болду. Анын каарманы Саб-Зиро (Sub-Zero) каршылаштарын тоңдура алат.

№ 3. Анча татаал эмес логикалык баш катырма СССР илимдер академиясынын Эсептегич борборунун кызматкери Алексей Пажитнов тарабынан өзү жана кесиптештери үчүн  жазылган, кыска мөөнөттүн ичинде дүйнөгө атагы чыгып, тарыхта дүйнөдөгү эң көп сатылган оюн катары калды. 1982-жылдан бери 40 миллиондон ашуун нускасы сатылган.

№4. Dendy, же «Де́нди» - оюн приставкаларынын сериясы,  Nintendo япониялык компаниянын Famicom үчүнчү муундагы оюн приставкасынын расмий эмес аппараттык клону. Dendy 1992-жылдан баштап Steepler компаниясы тарабынан чыгарыла баштаган, Тайванда кытай тетиктери менен Steepler компаниясынын заказы менен чогултулган, негизинен мурдагы СССР өлкөлөрүндө сатылган.

№5. Көпчүлүк оюндарда, навигациялык баскычтардан сырткары англис тилиндеги W-A-S-D баскычтары колдонулат. Бул адатта оң тарапта жайгашкан жебе баскычтарына сол колду созбош үчүн жасалган. 

№6.  Qlever платформасында өзүнүн маскоту бар - Смарти деп аталган персонаж ( англ. Smarty). Ал сүйкүмдүү күчүк, оюнчуга айрым биздин оюндарыбыздын тапшырмаларынан өтүүгө жардам берет. Оюндардын сырткары, Смартини жаңылыктардан, социалдык тармактарыбыздан, тиркемебиздин беттеринен кезиктирүүгө болот.

№7. Биздин платформадагы “Детектив” оюну “hidden objects” форматындагы классикалык оюн болуп саналат. Эгер сен али аны ойноп көрө элек болсоң, тезинен ойноп көр. Айтмакчы, бул оюн экинчи жолу жаңыртылган версиясы менен чыкты. Сага жагат!

№8. А сен бул раннер менен ойноп көпкө отурчу белең? Анан дагы Марионун кыймылдары менен секиргендерин чогуу туураган болсоң керек ээ? Ушундай болгон да, туурабы! Биз да ошенткенбиз?. Айтмакчы,  бул оюндагы ханбийкенин аты Peach ( англ. Шабдалы). Чыныңды айтсаң, сен үчүн бул жаңылык болдубу? Биз абдан аракет кылдык.

№9. Snake же Жылан – компьютердик оюн, 1997-жылга чейин бир гана компьютерлерде гана болчу. Фин иштеп чыгуучусу Танели Арманто аны JAVA уюлдук платформаларына ыңгайлаштырып иштеп чыккан жана оюн биринчи жолу Nokia компаниясы тарабынан алгачкы кнопкалуу телефондордон болгон  Nokia 6110 телефонуна чыгарылган.

№10. GTA  оюндар сериясынын түзүүчүлөрү дүйнөлүк оюнду түзүүгө өтө кылдаттык менен мамиле кылышкан. Авторлор кыялдар фабрикасын көңүлдүн сыртында калтырмак турсун, аны оюнга Вайнвуд деген ат менен кошуп коюшкан жана онлайн-радиостанция да түзүшкөн, ал ушул күнгө чейин интернетте V-Rock деген ат менен жеткиликтүү.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.