Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест*: 9- май – 16-май, 2022-ж.

18.05.2022 • 10:59

Баарыңарга салам! 

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм. 

Кеттик анда! 


 

Билим жана илим

 

Тажикстан менен Япония билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү Макулдаштыкты иштеп чыгуу жана кол коюу туурасындагы сунушту талкуулашты, деп билдирет Тажикстан Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин басма-сөз борбору. Бул маселе Тажикстандын билим берүү министри  Рахима Саидзода менен Япониянын Тажикстандагы жаңы дайындалган элчиси Тосихиро Аикинин жолугушуусунда талкууланды.                                      

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220513/tadzhikistan-i-yaponiya-namereni-podpisat-soglashenie-o-sotrudnicheste-v-sfere-obrazovaniya

 

Садыр Жапаров “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын негиздеди. Президенттин өзүнүн сөздөрү боюнча, стипендиянын көлөмү 50 миң долларга чейин жетиши мүмкүн, бирок суммасы тандалган жогорку окуу жайына жараша болот. Негизги басым техникалык жана инженердик багыттарга жасалат.

Кененирээк: https://kaktus.media/doc/459595_sadyr_japarov_ychredil_prezidentskyu_stipendiu:_stydentam_mogyt_vydelit_do_50_tysiach.html

 

Ташкент, Самарканд, Бухарада “Билим берүү жана кесип 2.0 — Акыркы коңгуроо 2022» аттуу көргөзмө өтөт. Ага 20дан ашуун жогорку окуу жайы катышат. “Билим берүү жана кесип” көргөзмөлөрү абитуриенттерге өз кыяландагы университетти тандоого жардам бере турган Өзбекстандагы ири иш чаралардын бири.  Анткени сапаттуу билим жеткиликтүү болушу мүмкүн.       Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2022/05/13/my-fair/

 

Социум

Камсыздандыруу эмне үчүн керек жана анын кандай түрлөрү бар, бул туурасында Fingramota.kz айтып берет. Туруксуз экономика шартында бул жакшы ойлонулган чечим. Бирок, ошол эле кезде камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүү жана көтөрүү аркылуу өз өмүрүңө жана саламаттыгыңа кам көрүү да маанилүү.                                                                                                         Кененирээк:  https://informburo.kz/cards/straxovanie-zizni-zdorovya-i-imushhestva-zacem-eto-nuzno                                                                                                                    

                                                                                                                              

10-майда Бишкекте "Сорос - Кыргызстан" Фондусунун колдоосу менен MediaJ asa программасына катышууну каалоочулар үчүн  маалымат кербени старт алды, программа орус жана кыргыз тилдеринде олуттуу маселелер туурасында контент жасоо үчүн креаторлорго финансылык жана ментордук колдоо көрсөтүүгө багытталган.                                                            

Кененирээк: https://kaktus.media/doc/459618_ideynyh_kyrgyzstancev_naychat_sozdavat_socialno_znachimyy_kontent._ysloviia_ychastiia.html

                                                                                  

Түркмөнстанда жашоо деңгээли Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн болушу мүмкүн, эгер аймактагы пенсиялардын көлөмүн салыштыра турган болсок. Өкмөттүн экономика өсүп, калктын бакубатчылыгы артып жатканы туурасындагы билдирүүлөрүнө карабай, калктын жакырланган бөлүгү, айрыкча жашы өтүп калган адамдардан жакырчылыкка кептелгендер көбөйүүдө. Көпчүлүгү муктаждыктын чегинде жашашат. Пенсионерлердин өзүлөрүнүн сөздөрүнө караганда, мамлекеттик төлөмдөр эптеп тамак-ашка эле жетет, дары-дармек алууга көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүгү жок.

Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31840918.html                                                                                                                       

 

Адам укугу

 

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү стратегиясы кабыл алынат, деп билдирди президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктап жатып, деп жазат Sputnik Кыргызстан.

Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/strategiyu-dostizheniya-gendernogo-ravenstva-utverdyat-v-kyrgyzstane         

 

Түркмөнстанда коомдук жайларда кол кармашып жүргөнү үчүн гана ондогон түгөйлөр кармалды. Мындай кармоолор аялдарга кысым көрсөтүү күчөп жаткан убакта жүрүп жатат. Түркмөнстандын Мары шаарында “коомдук эрежелерди” бузганы үчүн ондогон түгөйлөрдү колдоруна кишен салып кармап кетишти. Жабык өлкөнүн  бийлик  өкүлдөрү, аялдардын күнүмдүк жашоосуна көзөмөлдү күчөтүп жаткандай.

Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/turkmen-police-detain-hand-holding-couples-amid-new-restrictions/31847695.html 

 

Түркмөнстан бийлигинин аялдарга катыштуу бура бастырбаган көзөмөлү жана көптөгөн чектөөлөрү адам укуктары жаатындагы эл аралык уюмдардын көңүлүн өзүнө бурду. Үй-бүлөнү пландоо боюнча Эл аралык Федерация (IPPF) түркмөн бийлиги тарабынан соңку бир ай ичинде киргизилген тыюу салуулардын обзорун жарыялап, айрыкча бойдон алдырууга тыюу салуу маселесине өзүнчө токтолду. IPPF эл аралык коомчулукту Түркмөнстандагы аялдар укугунун одоно бузулуп жаткан фактыларга каршы иш аракетке чакырды.

Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31846111.html 

 

Түркмөнстанда мамлекеттин катаал көзөмөлүндөгү гезит, журналдарга күч менен жаздыруунун кезектеги сезону башталды. Мамлекеттик жана чарбалык эсептеги ишканалар менен мекемелердин кызматкерлерин 2022-жылдын жарым жылдыгына басылмаларга жазылууга мажбурлап, алардан төлөм жүргузгөн квитанцияларын талап кылып жатышат.

Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31843276.html 

 

Технологиялар 

АКШда Android колдонуучулары менен iPhone ээлеринин унаа айдоо сапатын текшеришти. Иликтөөнүн жыйынтыгын автокамсыздандырууга арналган америкалык Jerry порталы жарыялады. 

Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/459752_bezopasnost_vojdeniia_y_polzovateley_android_i_vladelcev_iphone_sravnili_v_issledovanii.html

 

Маданият жана спорт

Тажик дзюдочусу Абубакр Шеров Казакстанда өткөн кадеттер жана жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия Кубогунун жеңүүчүүсү болду. Дагы бир спортчусу Парвиз Абдурахмонов коло медалга ээ болду.  13-майдан 15-май аралыгында Алматыда Бекет Махмутовдун элесине арналган дзюдо боюнча Азия Кубогу өттү. Континенталдык мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандан жалпысынан 400 спортчу катышты.                                                    

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/sports/20220516/abubakr-sherov-viigral-kubok-azii-po-dzyudo-sredi-molodezhi


 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

 

Көрүшкөнчө! 

 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!


 

* Дайжестти тузүүдө окуу практикасынын алкагында Алуа Сатбекова көмөк көрсөттү.

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.