Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест*: 2- май – 9-май, 2022-ж.

10.05.2022 • 10:56

Баарыңарга салам! 

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм. 

Кеттик анда! 

Билим жана илим

 

«Тажикстанда беш орус тилдүү мектептин курулушу уланууда, алар өз эшигин ушул жылдын 1-сентябрында ачат деп күтүлүүдө», - деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Россия – Борбор Азия. Достук жана кызматаштык жолунда 30 жыл» аттуу «Российская газета» басылмасында 5-майда жарыяланган макалада. Ал «орус тилдүү мектептерде билим алуу Орусиянын жогорку окуу жайларына бирдей шартта тапшырууга мүмкүнчүлүк берет» деп белгиледи.                                                                                   

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220506/sergei-lavrov-otkritie-pyati-russkoyazichnih-shkol-v-tadzhikistane-sostoitsya-1-sentyabrya

 

Өзбекстандын чиновниктери бардык билим берүү мекемелериндеги тамак берүүнү аутсорсингге которууну сунушташты. Мындай токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды, деп жазат Sputnik.                                                                      Кененирээк:  https://anhor.uz/news/outsourcing/

Социум

 

Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги бардык курактагы айыл тургундарын профилактикалык кароодон өткөрүү жөнүндө буйруктун долбоорун даярдап жатат. Медициналык кароону 1-июлдан баштап уюштуруу пландалууда. Бул туурасында  райондордун жана моношаарлардын башкы дарыгерлери менен жолугушууда саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният билдирди.                                                                                              Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/s-1-iyulya-dlya-selskih-zhitelej-kazahstana-organizuyut-medosmotry

 

Улуу Жеңиш күнүнүн алдында Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери менен учурашуу Кыргызстандагы “Газпром” компаниясынын кызматкерлери үчүн жакшы салттардын бирине айланган. Бул жылы согуш ардагерлери, концлагерлердин туткундарына жана Ленинград блокадниктерине мейманга “Газпром-Кыргызстан” мектебинин балдары да келишти ".                                                                                                                     Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/459426_kak_ycheniki_shkoly_i_sotrydniki_gryppy_kompaniy_gazprom_v_kr_gotovilis_k_9_maia.html

 

Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы 10-майдан баштап “Чек талап кыл-белектерди ут!” аттуу лотерея баштады. Мекеменин басма-сөз кызматы билдиргендей, лотереяга катышуу баалуу белектерге ээ болууга мүмкүнчүлүк берет жана канчалык көп чек болсо, белек утууга ошончолук мүмкүнчүлүк көп болот. 

Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/459461_iphone_avtomobili_i_kvartira._v_gns_rasskazali_kogda_startyet_ih_lotereia.html

 

Адам укугу

 

Түркмөнстандагы 2018-жылдан баштап байкалып келген акырындык менен ирээттүү түрдө аялдардын укугун чектөө жаңы формаларга ээ болууда.

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220507/eto-neskromno-i-voobtshe-greh-v-turkmenistane-zhentshinam-zapretshayut-saditsya-na-perednee-sidene-v-mashine

Экология 

23-июнда Ашхабадда “Көмүрсуутегин өндүрүү шартында айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды азайтуу жана Дарваза газ кратерин башкаруу перспективасы” аттуу илимий эл аралык конференция өтөт. Иш чара "Туркмен форум" компаниясы тарабынан Түркмөнстандын улуттук мунай компаниялары менен кызматташтыкта уюшулууда, деп билдирет Orient.                                                                                           

Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/459484_tyrkmenistan_sozval_ychenyh_chtoby_potyshit_vrata_ada.html

Жаныбарлардын укугу

 «Хаёт» үй-жайсыз жаныбарларды коргоо коому,  «Мушуккент» долбоору жана Ташкент зоопаркы ит-мышыктардын көргөзмөсүн уюштурат. Бул туурасында “Хает” приютунун жетекчиси Ирод Маткаримовдун билдирүүсүнө таянуу менен Sputnik билдирди. Волонтерлор куткарып калган кароосуз жаныбарлардын көргөзмөсү Ташкент зоопаркында 14-15-майда 10.00дон 17.00го чейин өтөт.                                            

Кененирээк: https://anhor.uz/news/exhibition/

Маданият жана спорт

 

Тажикстан кезектеги эл аралык футбол турнирин кабыл алат. 13-майдан 20-майга чейин Душанбеде Борбор Азиялык футбол Ассоциациясынын (CAFA) 16 жашка чейинки уландар курама командаларынын чемпионаты өтөт. Беш курама команда региондогу эң күчтүү команда деген наам үчүн ат салышат, деп билдирет Тажикстандын футбол Федерациясы (ФФТ).

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/sports/20220507/v-dushanbe-proidet-chempionat-cafa-sredi-yunosheskih-sbornih

 

“Чеберлер шаары”, көпөлөктөр көргөзмөсү жана скрипач-виртуоздун концерти: Душанбедеги кызыктуу иш чаралар.                                                                                                   

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220505/tropicheskie-babochki-maestro-skripach-i-yarmarka-remeslennikov-interesnie-meropriyatiya-v-dushanbe

 

Tashkent Flower Fest-2022 гүлдөр фестивалы Улуттук китепкананын жанындагы аянтты кызыл-тазыл фотозонага айландырды, скульптуралык композициялар, арка жана клумбаларга толгон. Аймакты кооздоо үчүн борбордук хокимият жана Flowers Garden компаниясы миллиондон ашуун сезондуу гүлдөрдү жана 800 миңден ашуун жасалма гүлдөрдү колдонушкан. Кандай кооздук пайда болгону туурасында «Газета.uz» айтып берет. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2022/05/08/flowerfest/

 

Абайла, шылуундар! 

 

Интернет мейкининде шылуундук сайттар пайда болду, алар казакстандык банктардын, телекоммуникациялык жана мунай-газ компанияларынын атынан субсидия, пособия жана оңой акча табуунун жолдорун сунушташат. Мындай сайттар жарандардан кандай маалыматтарын алдап алышат жана фейк баракчаларды кантип таануу керек? Бул суроолорду 31-каналдагы “Информбюро” программасы талдап чыкты.  Кененирээк:  https://informburo.kz/stati/100-tysyac-tenge-ot-kazaxtelekoma-i-onlain-kredity-novye-vidy-mosennicestva-v-kazaxstane


 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

 

Көрүшкөнчө! 

 

P.S. Командагы колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!


 

* Дайжестти түзүүдө окуу практикасынын алкагында Алуа Сатбекова көмөк көрсөттү

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.